ГҮЛНАРА КАРИМОВА –ӨЗБЕКСТАНДЫН МАКСИМ БАКИЕВИ

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

Соңку учурда Өзбекстан десе эле дүйнөлүк медиа-чөйрө бир гана Гүлнара Каримованын тегерегинде айланып-чимирилип калды. 75ке таяп калган Ислам Каримовдун президенттик мөөнөтү 2014-жылы бүтөт. Батышта диктатура менен авторитаризм режими үчүн Өзбекстанга көп сындар жаап турат. Президенттин кызы бүгүн ошондой режимдин курмандыгына айландыбы же саясий технологдордун жардамы менен кезектеги пиар акциянын эсебинен упай топтоп жатабы деген суроолор да жаралбай койбойт. Ислам Каримовдун улуу кызы ким эле, ким болду жана ким болууга чабак уруп жатат?

ДОСЬЕ

  • 1972-жылы 8-июлда Фергана өрөөнүндө төрөлгөн.
  • Үйүнүн улуу кызы, Лола аттуу сиңдиси бар.
  • Экономика жана искусство багыты боюнча жогорку билимдүү.
  • 1991-жылы ооганстандык өзбек Мансур Максудиге турмушка чыгып, 2 балалуу болуп, кийин аны менен ажырашып кеткен. Экинчи жолу мурдагы тышкы иштер министри Садык Сафаевге турмушка чыккандыгы айтылып жүрөт.
  • Эмгек ишмердүүлүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен баштаган.
  • Учурда эч бир расмий кызматты ээлебейт.

«МАФИЯНЫН ХАНБИЙКЕСИ»
Гүлнара Каримованы дал ушинтип кезинде Өзбекстандагы Улуу Британиянын элчиси Крейг Мюррей атаганын «Викиликс» сайты ачыкка чыгарган. 2008-жылдан бери «өзбек диктаторунун мураскери» атыккан Гүлнара Каримованын алектенбеген иши калбады көрүнөт. Саясат таануучу, дипломат, меценат, модельер, ырчы, зергердик буюмдардын дизайнери, бизнес-империянын, чет жердеги ак сарайлар менен өлкөсүндөгү бир канча телеканал жана радиостанциялардын кожойкеси... Анын бир эле «Форум» деген фонду Маданият министрлигин көлөкөдө калтырып, жыл сайын жүздөгөн иш-чаралардын уюштуруучусу болуп келет. Жаш муунга өзгөчө көңүл бурган Гүлнара Каримова бөбөктөрдөн студенттерге чейинкилердин «энесине» айланып калган. Кээде бир иш-чаранын уюштуруу каражаты эле бир министрликтин жылдык бюджетинен ашып түшөт. Маалыматтарга караганда, Каримова министрликтер менен ири ишканаларды мындай иштерди каржылоого мажбур кылып турган.
Учурда жалпыга маалымдоо каражаттары менен интернет желелеринде Өзбекстандын «атасы» Ислам Каримовдон да улуу кызынын популярдуулугу алдыда. 2000-жылдарга чейин Гүлнара Каримованын бар-жогу да билинчү эмес.

КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРОО
1995-жылы Каримова Өзбекстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Кийинчерээк АКШда, Орусиядагы Өзбекстандын элчиликтеринде эмгектенип, 2008-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп бекитилген. Ал кызматы менен катар Бириккен Улуттар Уюму менен Женевадагы бир канча эл аралык уюмдарда Өзбекстандын өкүлү болуп турган. 2010-жылы Өзбекстандын Испаниядагы элчиси болуп жөнөтүлгөн. Бирок 2013-жылы 13-июлда өзбек бийлиги Каримованы дипломатиялык иммунитетинен кур жалак калтырды. Буга анын Франциядагы үйүндө тинтүүлөр башталгандыгы себеп болгон.
Каримованын жардамчысы Алишер Эргашев Швеция менен Швейцариядагы кызматта турган адамдарды сатып алуу, арам акчаны адалдоо (мыйзамсыз жолдор менен табылган акча каражатын легалдаштыруу) боюнча шектелген. Ал колго түшүрүлгөн, бирок кийинчерээк күрөө акчанын жардамы менен бошотулгандыгы маалымдалган. Дал ушул окуялардан кийин «кол тийгис» болуп келген Гүлнара Каримованын башына кара булуттар пайда болгон. Өзбек саясий элитасынын ичинен эң эле ачык-айрым Каримова журналисттердин жоон тобун чакырып отурбай, дароо эле «Твиттер+ социалдык тармагындагы баракчасына күнүмдүк турмушунан тартып саясий позициясына чейин төкпөй-чачпай жазганын улантууда.

БЕТ КАРАШПАГАН ЭЖЕ-СИҢДИЛЕР
Гүлнара Каримова өзүнө каршы ачылган согушка бүгүнкүгө дейре кимди гана күнөөлөбөдү, сап башында Улуттук коопсуздук кызматы, анын жетекчиси Рустам Иноятов турат. Ал эле эмес, жалгыз сиңдиси Лола Каримова-Тилляева сентябрь айында интервью берип, анда эжеси менен 12 жылдан бери сүйлөшмөк турсун, жүз көрүшө электигин айтып дүң жаратты. Ошондой эле Лола Каримова-Тилляева: «Анын атамдын ордун ээлөөгө мүмкүнчүлүктөрү аз»,- деп ток этерине токтолгон. Кийинчерээк өч алдыбы же башка себеп үчүнбү, Гүлнара Каримова сиңдиси менен апасын кара магия, тагыраагы, көзү ачыктардын кызматынан пайдаланууга баш-оту менен кирип кеткенин жазган.
Бул аралыкта, октябрдын орто ченинде Ислам Каримовдун жубайынын бир тууганынын уулу Акбарали Абдуллаев пара алуу, салык төлөөдөн баш тартуу жана башка иштерге шектелип, күч органдары тарабынан кармалды. Аны Фергана өрөөнүндөгү финансылык агымдарды башкарып турат дешет. «Бир тууган бөлөлөрдү бизнес боюнча өнөктөштүк мамилеси гана жакын кармабайт. Экөө биргеликте президенттикти талашат» деген кептер орун алчу.
Окуяга улай Каримовага таандык болгон 4 телеканал менен 3 радиостанция ишин токтотту. Кийинчерээк Каримованын жан сакчылары да шашылыш түрдө Өзбекстандан чыгып кетишкендиги айтылды. Гүлнара Каримованын өзүнө болсо чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

СЫМАП МЕНЕН УУЛАНТУУ АРАКЕТИ
Ноябрдын башында Каримова: «Мени сымап сыяктуу оор металлдар менен уулантууга аракет кылышкан. Кудайдын буйругу менен аман калдым. Бирок азыркыга чейин дарыланып келем»,- деп жазган. Бирок бул окуянын качан орун алганын тактаган эмес. Ошондой эле атасы аны эч кандай ур-токмокко албаганын айткан.
Өзүнүн тегерегиндеги жагымсыз окуялардын баарына 1995-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп келген Рустам Иноятовду күнөөлөп, Гүлнара Каримова аталган кызмат бийликти тартып алууга даярдык көрүп жатканын «Твиттерге» жазды. «Өзүмдү саясатчымын деп эсептебейм. Эч ким, эч качан президенттикти талкуулаган эмес жана талкуу кылбайт дагы. Эмне деген сандырактык?! Президенттик – эл тарабынан тандалган күчтүү эркектердин жазмышы» деген жазуусу менен Каримова амбициясынан да баш тартты.
Бул жазуусунан бир апта өтпөй ал ачык жана кымбат кийинүүдөн башканы элестете албаган имиджин мусулмандын жупуну жана жабык кийимине алмаштырган сүрөтүн илген. Башында жоолук, колуна теспе кармаган Гүлнара Каримова убакыт-шартына жараша намазга жыгылып турарын жазган.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Гүлнара Каримова Googoosha деген сахнадагы псевдоними менен ыр жазып, обон жаратып, аларды аткарып жүрөт. Атүгүл атактуу Хулио Иглесиас жана Монсеррат Кабалье менен чогуу обон созууга жетишкен. Англис тилиндеги биринчи альбомун былтыр чыгарып, көп өтпөй орус тилиндеги ырлары да радиостанциялардан уктурула баштаган. Композицияларынын бири белгилүү француз актёру Жерар Депардье менен чогуу аткарылган.
Өзбек ханбийкеси «Guli» деген дизайнердик бренд менен да таанымал. Анын алкагында зергердик кооздуктар, автордук коллекциядагы кийимдер менен аксессуарлар чыгарылат. Айтмакчы, бренддин ичинде табигый косметика менен парфюмерия линиясы бар. Анын эркек линиясынын жүзү болууга белгилүү түрк актёру, «Даңазалуу кылым» сериалында султан Сулеймандын ролун жараткан Халит Эргенч макулдугун берген.

Өзбек президентинин үй-бүлөсүнөн кеткен ырк жана ынтымаксыздык «Эмдиги жылы бийликтин мураскери ким болот?» деген суроону күчөттү.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(67)
19.11.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да она банальная простигоспади
19.11.2013. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ozbekstandyn waary borborubuzdan jakwy bolso, elinin jawoosu tozok. Biz emes,ozdoru yilaiyn dep aityp beret.
19.11.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп эле ийгилике оз эмгеги менен жеткендейго.
Бир тууганы менен байланышпаганы жаман экен.
19.11.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы кыйын го
19.11.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Руслан Чагаевкеда тийген деп журушот елего бул Гулнараны
19.11.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап бири бирин олтуруп жешпейби
20.11.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерге каримовдой адам керек гулнара президент болуп атасынан да откон тоталитардык режим алып келсе экен
23.11.2013. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oa tuura aitasyn, ozbekterge ushundai adam kerek
20.11.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasan,
Маданиятсыз сөздөрдү жазуудан уялбайсызбы!
10 күн банга!
20.11.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашаганыма мин мертебе жаратканга ыраазымын!эркиндик жок окуудан биржактарга жиберет экен аларда бекер иштеп бересин экен мамлекет учун
20.11.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан онугот деген ишенимим кучтуу келечек биз жаштардын колунда
20.11.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм аялы экоо эгиздей окшош экен, бактылуулар....
20.11.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваай, чын эле экоо абдан окшош экен, муж и жена-одна сатана дегендей. Эмнегедир кара каш, кара коз сулуу чумак аялды элестетчимин. Случайно татар эмес болду бекен?
20.11.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Lion-x,
Порталда улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
1 айга БАН!
20.11.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримовдун аялын орус дешет.Татьяна Каримова
20.11.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага баари бир бири олуп,бири калбасын!
20.11.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылы жок кыздары бар экен,эл башкарам деп кыздарына тарбия бере албаптыр Каримов.Алардын заманы да кетет,аллахтын алдына барышат ошондогу жоопту ойлонушат бекен.
21.11.2013. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каримов озбектерди Сталин СССРди катуу кармагандай эле кармайт окшойт да,а балким озбекти ушундай кармаш керек,бош койсо болбос.....
24.11.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurali20, туптуура айтасыз.Катуу кармаш керек!!!
21.11.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бизге каримовтой приздент келип качып кеттиго, бакиев кримовтун программасы менен иш алып ,бара баштаган билсенер, криминал чойросун тазалай баштаган, элине ок атты андижанды биргундо тазалады, бакиев деле ошондой болдуда тереен ойлонсок окшош жактары коп эле. менин созум оортийсе ?
21.11.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага десе бири олуп бири калбайбы Озбекстан менен мине ишим бар
21.11.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектин бийлиги коп мамлекетти артта калтырып келет. Каримованын попульярдуулугу соз жеткис айым катары мафиянын гана эмес коптогон башка иштердин да башында турат.
21.11.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримовтунда куну бутойун деп калыптырда кызык анын ордуна ким болот экен!
22.11.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперинфо жаматы сиздерден сураныч Ч.Айтматовдун Эрте келген турналар деген чыгармасындагы Султанмурат жана Мырзагул жонундо да атайын билгим келет алар азыр кайда ким болуп жумуш кылышат ошолор тууралуу маалымат берип коюнуздарч сураныч.
23.11.2013. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boztalaa,сен жазсан менда кызыгыпжатам кайда болушту экен.
22.11.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вот это даа Леди Мафия опасная женщина турбайбы
22.11.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын Каримовдой президенттен
24.11.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбок элине аябай кыйын экен.Корсо тико машинасын жанысын 12мин долларга алышат экен.элин кыйнап салганда аябай
24.11.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой атта рахмат анда качкандарга.
24.11.2013. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karimov turgany jakwy,inache Siriyaga ailanat,ekstremisty Ozbekistanga kirdi degeni uje Owko kirdi degeni.kuday saktasyn...al emi kyzy jonundo soikulardy satyp biznes kylat dep ukkan jaiym bar,balkim bul uwaktyr...kop dele iwene berbedim,ozu Garvarddy butkon bolso...chyndygynda kyiyn ayal eken...ozu el bawkargandardyn baldary jaman chygat esli tak posmotret`...
24.11.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбекстанды кандай бийлик кутуп турат экен е ?
16.01.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбектер канчалык коркот а каримовтан
16.05.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тура бизге мелис мырзахматов пдент болосо жакшы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо