ЧАЧТЫ ТҮРЛӨП БОЁО – УЧУРДУН ТАЛАБЫ

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

Учурда чач боёкторунун түрү өтө арбын. Аны сулуулук үчүн же болбосо ак чачтарды жашыруу максатында колдонуп келебиз. Ал эми Байыркы Мисирде чач боёкту бийлик өкүлдөрү, бай адамдар гана колдонушкан. Алардын чачы канчалык кара болсо, ошончолук бийлиги күчтүү дегенди билдирип турган. Буга Клеопатранын чачы мисал боло алат. Ал кезде боёк катары түс берүүчү өсүмдүктөр пайдаланылса, учурда анын бир топ түрү бар.

БОЁКТУ ЖУУ (СМЫВКА)
Эгер чачыңыз мурда кара же күрөң түскө боёлсо, анда боёкту химиялык каражаттардын жардамы менен жуу ыкмасы колдонулат. Айрым алсыз чачтарга бул ыкманы колдонгондон кийин бир же эки апта тыныгуу берилет. Бул убакытта чач калыбына келип, сиз каалаган түскө боёгонго жарап калат.
Эскертүү! Чачтын боёгун үй шартында жууган кооптуу, чачыңыз күйүп же жыдып түшүп калышы мүмкүн. Ал эми мыкты адис сиздин чачыңыздын абалына, түсүнө жана боёло турган өңүнө жараша керектүү пайыздагы аралашманы жасап, жууп бере алат.

САРГАРТУУ (БЛОНДИРОВАНИЕ)
Бул түшүнүк англис тилиндеги «blond» (ачык сары) сөзүнөн алынып, «чачты саргартуу» дегенди билдирет. Мындай ыкманы кылдаттык менен жасабаса, чачтын түзүлүшү бузулуп, күйүп калышы да ыктымал. Андыктан үй шартында, өз алдыңызча жасабастан, адиске кайрылганыңыз оң.

ТАРАМДАТЫП САРГАРТУУ (МЕЛИРОВАНИЕ)
Бул сөз немис тилиндеги «мelieren» (аралаштыруу, ала-була) деген сөздөн алынган. Ал чачтын тарам-тарам болуп сары же агыш түскө боёлушу. Чачты саргартуудан айырмасы, чач толугу менен эмес, айрым тарамдары гана саргартылат. Боёонун мындай түрүндө тешикчелери бар атайын целлофан баш кийим жана атайын күчтүү кычкылдар же ачык түстөгү чач боёктор колдонулат.

ӨҢ БЕРҮҮ (ТОНИРОВАНИЕ)
Өң берүү – чачты жеңил боёо, башкача айтканда, ички түзүлүшүнө чейин эмес, сырткы катмарына гана түс берүү болуп саналат. Бул ыкма жарашыктуу өң тандоодо жана чачтын табигый өңүн жалтыратып, өңүнө чыгаруу үчүн колдонулат. Бирок мындай боёо 1-2 жумага гана чыдайт.

ЧАЧТАГЫ БОЁКТУ КӨПКӨ САКТОО (ЛАМИНИРОВАНИЕ)
«Ламинирование» деген терминдин келип чыгышы өзүнчө эле кызык экен. Япониялык окумуштуу Элюмен чачтын боёгун көпкө сактоочу жана коргоочу ыкманы ойлоп тапкан. Ал эл арасына «элюминирование» деп тарап кеткен. Ал эми орус тилдүүлөр адашып аны «ламинирование» деп атап алышкан. Элюмендин формуласы боюнча, бул ыкма чачты аммиаксыз жана кычкылдарсыз жакшы түскө ээ кыла алат. Башкача айтканда, ал чачтын сыртын түссүз плёнка менен каптап, аны дароо калыңдатып, учундагы ачакейлерди жабыштырууга жөндөмдүү. Аны менен катар чачты жалтыратып, боёктун көпкө сакталышын камсыздайт. Мындай ыкма 2-4 айга чейин жарактуу. Ламинирование кылгандан кийин чач боёк албайт.

ТҮСТҮҮ БОЁО (КОЛИРОВАНИЕ)
Сулуулук салондорунда колдонулуп жүргөн «колирование» деген термин англис тилиндеги «color» (түс, боёк) деген сөздөн алынган. Ал «чачты тал-тал кылып, бир канча түстү айкалыштырып боёо» дегенди билдирет. Боёктун түсү жана алардын айкалышы кардардын же адистин табитине карата тандалат. Бул ыкма жаштар арасында, айрыкча экстремал, жаңычылдыкка умтулган, өзгөчөлүктү сүйгөндөр арасында популярдуу.

АДИСТЕН КЕҢЕШ
АЙГЕРИМ КАДЫРАЛИЕВА, Бишкек шаарындагы «Эллада» сулуулук салонунун стилист-чачтарачы:
– Чачты боёп жүрүүнү заманбап турмуштун талабы десек да болот. Ак чачтарды жашыруу үчүн гана эмес, саркеч болуу максатында табигый түсүн өзгөртүп, стилин жаңырткандар арбын. Боёлгон чач табигый чачтан да кылдат кам көрүүнү талап кыларын эсиңиздерге салгым келет.

  • Чачтын жана теринин тибине ылайык, туура шампунь колдонуңуз.
  • Бальзам менен чайкоону унутпаңыз.
  • Маска жасап туруу керек. 7 күндө бир жолу зайтун майын чачтын түбүнө эмес, учтарына гана сүйкөп, 10-15 мүнөт кармап, анан жылуу суу менен жууп коюңуз.
  • Чач кургаткычты колдонбостон, абада кургатууга аракет жасаңыз. Анткени ал чачтын кургап, морт болуп кетишине себепкер болот.
  • Сарымсак, пияз менен маска жасабай эле койгон оң. Себеби алар баш терини жана чачты күйгүзүп жибериши ыктымал. Жыттан арылуу да кыйынга турат.
  • Кына, басма менен боёлгон чач кийин башка боёкту албайт. Андыктан бул эскирген ыкманы колдонбостон, заманбап чач боёкторду колдонгон ыңгайлуу.
  • Чачты боёодон мурун аллергия жана тери ооруларын эске алуу зарыл. Аллергияны текшерүү үчүн билегиңиздин ички бетине боёктон бир аз сүртүп, 5-10 мүнөт күтө туруңуз. Эгер териңиз кычышып чыкса, демек, ал боёк сизге ылайыксыз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
25.11.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мин мода болсо деле,жакшы корунбойт го кукла барбинин чачындай болуп, эми аша чаап мода куугандарга кыйналбайле парик сатып алышсын.
25.11.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Jakwy kenew eken,,,
25.11.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pahmat.
26.11.2013. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кенештер. ОМБРЕ жонундо кеп козгобопсунар го. Же ал ыкма кыргызстанга жете элекпи;)))
26.11.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен. Рахмаат
29.11.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер чачынрда ак чач жок болсо боеоштун кереги жок натуралный чачка еч нерсе жетпейт.бойогондон кийин чач бузулат алсыз болот .мен салондо иштейм бир куну деректордун чачын жип уклатка кылдым чачын кармасам койдун жунуно окшош жумшак анан алсыз бул неден чачты коп боеодон фен.плойка утук коп колдонгондуктан .анан натуралный боектор бар алар хына рамашка алар мен чачты боеосон алар озгорбойт ошол сенин натуралный тусун болуп калат
30.11.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dia-omur, кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо