"КАТ ЖАЗЧЫ МАГА" ОБОНЧУ ШАМШЫБЕК ӨТӨБАЕВДИН БАЛАЛЫК СҮЙҮҮСҮНӨ АРНАЛГАН

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

«Кат жазчы мага, билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып, ар күнү сагыныч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?»
Ырда «кат жазчы мага...» деп ким кимге жалбарып жатат? Табышмактуу сырдын түйүнүн чечүүгө аракеттендик. Алгач ырдын автору Фатима Абдаловага кайрылдык.

Фатима Абдалова – Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Орусияда, Түркияда өткөн эл аралык фестивалдардын катышуучусу. «Бешик боо», «Ай жарыгында», «Жүрөктөгү шамал», «Эсимде», «Жолдо бастым ойлонуп» аттуу ыр жыйнактарынын автору.

Фатима Абдалова, акын:«БУЛ ЫРДЫ ШАМШЫБЕК ӨТӨБАЕВ ЗАКАЗ МЕНЕН ЖАЗДЫРГАН»
– Шамшыбек агай поэзияны баалаган, баалап окуган инсан эле. Бир жолу ага «Ай жарыгында» деген ырлар жыйнагымды белекке берген элем. Көп өтпөй мага жолугуп, «Фатима, адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндө көп нерселерди айта алышпайт. Ал эми кат аркылуу көп нерселерди билдиришет. Мага ушундай маанайдагы ыр жазып берчи...» деп суранып калды. «Агай, эмне, карыганда бирөөнү сүйүп калдыңызбы? Мен кыз киши болсом, эркек кишинин атынан кантип ыр жазмак элем? Сиз мени заказ менен иштеген акын кылып буза турган болдуңуз» десем, «Жок, поэзияң өз нугу менен кете берет. Мыкты акын мындай ырларды да жаза билиши керек» деп калды.
Байкашымча, Шамшыбек агай алгач обон жаратып, анан ошого ылайыктуу текст издечү экен. Ырдын куплеттерин чыгарган сайын телефондон окуп берип турдум. Обонуна дал келбей калып жаттыбы, айтор, «бул жерин оңдо, бул жерин сындыр» деп жатып, акыры 10 күндө ырды даяр кылып бердим. Ал кезде агай Ак үйдө иштечү. Бир күнү мени чакырып алып, өзү фортепианодо ойноп, «Кат жазчы маганы» берилүү менен ырдап берди. Көкүрөгүндө чын эле бирөө бар экенин ошондо байкадым. Кийин «Бул ырды аткарууга тембри жоон ырчы керек. Гүлнур Сатылгановага берсемби же Роза Рымбаевагабы?» деп, кайра ойлонуп көрүп, «казак тилинде бул ыр бузулуп калат» деди.
Көп өтпөй ырды Айгүл Асанкожоева деген ырчы кызыбызга бергенин айтты. Айгүл бул ыр менен эл аралык сынакка катышып, Гран-прини жеңип, 2000 доллар сыйлык утуп келген. Негедир бул ыр Айгүлдүн аткаруусунда элге жайылбай калды. Андан кийин Нурбакыт Раззаков, Алтынай Нарбаева ырдап чыкты. Ачыгын айтыш керек, элге кеңири жайылткан Алтынай болду. Кайсы бир радиодо анын аткаруусунда бул ырдын бет ачары болуп жатканда Адахан Мадумаров машинада баратып угуп калыптыр. Кийин мага жолукканда «Үч таланттын мыкты шедеври болуптур» деп жакшы ой-пикирин айтты. Акын Алик Акималиев да «Махабаттын гимни» деп айтып калар эле.

Кыргыз эстрада жанрынын түптөөчүлөрүнүн бири, обончу жана аткаруучу, коомдук ишмер Шамшыбек Өтөбаев мындан 4 жыл мурун дүйнө салган. Арабызда өзү жок болсо да, анын аткаруусундагы «Дүрдана», «Ата журт», «Сен менин жазылбаган ырларымсың» жана башка бир топ ырлары эл ичинде ырдалып келет. Андай ырларынын бири – «Кат жазчы мага». Шамшыбек Өтөбаев журналист Алтынай Ормотоевага берген акыркы маегинде бул ырынын тарыхына кеңири токтолуп өткөн.

СЕКЕЛЕК
– Анда он жети жаштагы улан болчумун. Айылыбыздагы чачы сербеңдеген бир секелек кыз бош кезинде жанымдан чыкпай, негедир мага ынак болчу. Божурап суроо жаадырса, мен эринбей жооп берип, эрикчү эмеспиз. Анан бир күнү эле секелегим, «Олжобай менен Кишимжанды айтып бериңизчи» деп калды. Айтып берип жаткам. Бир убакта карасам, анын көзү жашылданып, кейип алыптыр.
– Ой, сага эмне болду? Сени кичинекей деп жүрсөм, чоңоюп калган турбайсыңбы!- десем чычалап:
– Шылдыңдабаңызчы! Мен он экиден өтүп калбадымбы,- дейт.
Ичимден күлкүм келсе да, бирок ошол күндөн тартып ал жөнүндө олуттуу ойлоно баштадым.

УУЗ СҮЙҮҮ
– Көп өтпөй шаарга окууга келдим. Секелекти унутпай жүрөгүм туйлайт. Бөлмөлөш досторума айтпай ичимден сызам. Анын жароокер мүнөзүн, жадыраган көз карашын, тоодо сырдашып отурган күндөрүбүздү сагынам. Окуу менен алаксысам да күн алыс кабарын угуп турам. «8-классты аяктап, Майлы-Суудагы медициналык окуу жайында окуп жатат» дешти. Бир күнү таанышымдан секелегимдин мени издеп Фрунзеге келгенин угуп, дарегин алып, тердеп-кургап жетип бардым. Мени таппай кетип калганына бир жума болуптур. Шылкыйып кайра тарттым. Ошондон көп өтпөй эле менин классташыма турмушка чыкканы жөнүндө кабар жетти. Ичимден кан өтсө да, тагдырга аргасыз көнүп турдум.

«АРМАНДУУ АСЫЛКЕЧИМ»
Капыстан кездештик… Ыңгайсыздана түшүп саламдаштым:
– Саламатсыңбы? Мен сени адегенде тааныбапмын...
– Тааныбаганыңыз жөндүү, өзгөрдүм да,- деди. Бул биздин кырктын кырынан ашып кеткендеги кездешүүбүз болчу…
– Үч балалуу болдум. Күйөөм мени сүйбөсө да, абдан сыйлачу. Оорунун айынан 37 жашында каза болуп калды,- деп сөз учугун улады.
– Уккам… Бирок батага бара алган жокмун. Мен алыста жүргөнүмдө сенин жаштыгыңдан пайдаланып үйлөнүп алганын кечире албай койдум окшойт, билбейм. Ичимде ага деген бир таарыныч жашап келет,- дедим.
Балбылдаган көздөрүн буруп кетти.
– Ал күндөр өттү. Ага капа болбоңуз... Жолдошум, сиз менен сыймыктанчу. Эч качан сиз жөнүндө жаман сүйлөгөн эмес. Ырларыңыз теледен же радиодон жаңырып калса,
«Шамшыке ырдап жатат, ишиңди токтото туруп, угуп алчы» деп калчу. Канткен менен жүрөгүмдө сиз бар экениңизди акылдуу жан сезчү. Кээде кызганып да кетер эле.
Көздөрүнүн кычыгында билинер-билинбес, чыгар-чыкпас бир тамчы жаш жашынып турду. Ошол кездешүүдө экөөбүз сүйлөшүп алдык «өткөнгө өкүнбөйлү, экөөбүздүн тең жубайларыбыз жакшы чыгыптыр» деп.
Бирок баары бир ал менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө бугуп жаткан бир мукам аваз болуп жашап келет. Анан ошол жүрөк түпкүрүндөгү бир муңдуу кайрыктарды авазга айландырайын деп Фатимадан суранып калдым, «Мага эми анын амандыгын гана угуп турсам ошол жетет, ушундай бир текст жазып берчи» деп. Менин көкүрөгүмдөн, Фатиманын калеминен жаралган мына ошол ыр – «Кат жазчы мага».

Р.S. Учурда Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы бул ыр «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Жылдын мыкты ыры» наамына ат салышууда. «Жылдын мыкты ыры» деп кайсы ыр тандалат? Аны тандоо сиздин колуңузда. Super.kg порталына кирип, өз добушуңузду жактырган ырыңызга бериңиз.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Кат жазчы мага" 12 жаштагы кызга арналган

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(31)
25.11.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле журокту кайрып отчу ыр саптары жана мукамдуу обон. Чыныгы таланттар жаратканы шексиз.Алтынай Нарбаева да, Нурбакыт Разаков деле жакшы ырдаган. Сонун ыр. Кайталангыс обон.
25.11.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vsyf сага чыныгы суйуу, агабыздай мен да тунук суйуумо жетпей жон гана мени сыйлаган адамга баш коштум эх суйууууу суйууу
25.11.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыры кайда жүрөт?
25.11.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Argymak007,
http://www.super.kg/media/audio/71837/ автордун аткаруусунда, http://www.super.kg/media/audio/87207/ А.Нарбаеванын аткаруусунда.
25.11.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамшыбек агай озунун аткаруусунда да абдан жакшы ырдаган. Алгач бул ырды агайдын озунун аткаруусунда уккан элем. Кайра кайра уккандан тажачу эмес элем.
25.11.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамшыбек Отобаев озу соонун ырдаган. Мага жагат. Же мен деле биринчи Шамшыбек Отобаевдин озунун аткаруусунда укканым учунбу же озу чын журоктон аткарганы учунбу билбейм. Жаткан жайы жанатта болсун! Урматту Супер Инфо, Шамшыбек Отобаевдин коп ырлары бар озунун аткаруусунда, ошолорду сайтка жуктоп, Шамшыбек Отобаев жонундо коооп кылып маалымат берип койгулачы сураныч.
25.11.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbek_posol,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз толуктап коюуга.
25.11.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolobai,
Ал маалыматты уулу Медербек берген. Толуктоолор киргизилди. Рахмат!
Модератор admin_media түзөттү 27.11.2013 16:45
25.11.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кун мурун бир тойдо Алтынай эжекебиз кыпкыргызча кийинип, бул ырды ушунчалык уккулуктуу аткарганда жаш-карысы бирдей берилип угушту.Ыраматылык Шамшыбек агай озу укса да сыймыктанмак...
25.11.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай зор ыр озунчо тарыхы бар.шамшыбек агайдын башынан тунук суйуу откон экен да.негизи баардык аткаруучулар озунчо жакшы ырдаган.нурбакыттын уну жакшы келген бул ырга.
25.11.2013. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага Нурбакыт Разаковдун аткаруусу абдан жагат.Автордун "Бул ырды аткарууга тембри жоон ырчы керек" дегенине топ келет)))
25.11.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun yr
Shamshybek agaydyn "Ata-Jurt"degen yry da ukmush chykkan go
25.11.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журоктон чыккан обон журоко жетет!
26.11.2013. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura.
25.11.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун саптар обону да сонун уккан сайын уккум келет
26.11.2013. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да аябай жагат бул ыр
26.11.2013. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bazar jok,,,
26.11.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaidan uksam bolot bu yrlardy
26.11.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bogot,
http://www.super.kg/media/audio/71837/ автордун аткаруусунда, http://www.super.kg/media/audio/87207/ А.Нарбаеванын аткаруусунда.
26.11.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамшыбек агайдын отуп кеткени ото окунучтуу....журоктун тубундо агайга деген,агайдын ырларына,унуно болгон сагыныч бар негедир...козу тируусундо барктабадык окшойт,ото окунучтуу...
26.11.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Maga Nurbakyt Razakov atkargany jagat, maaniluu jana berilip ugasyn ayabaya tajabaisyn da...
28.11.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай эжебиз бул ырдын коркуно чыгара ырдайт
28.11.2013. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин омур баяны жогоруда айтылган ырдын тарыхына дал келет?
SUPER.KG видео
28.11.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
журоктон чыкан ыр журоко жетет мыкты
SUPER.KG видео
28.11.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Фатима эже аябай жагымдуу эже экен...
SUPER.KG видео
28.11.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге азыр ушундай ырлар жаралбайт...азыркы жаштардын коп ырлары ич жылытпайт...
SUPER.KG видео
28.11.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Нурбакыт Разаков жакшы аткарган. Ыр абдан сонун
28.11.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рыспай абдыкадыровдун жолугарым билгемин деген ырын да ырдачуу шамшыбек агай, ошол ырын да жуктоп койсонор жакшы болот эле
29.11.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalbek87,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
12.12.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kadam,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
25.02.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай Нарбаева сонун ырдаган бул ырды. Чындыгында аябай катуу суйушкон экенда, капа болуп батасына да барбаптыр :( . Суйуу адамды не гана кылбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо