ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ ЖАЙЫНДА КЫМБАТТАГАНЫ ЖАТАТ

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

Кычыраган кыш 4 ай биз менен бирге «өмүр сүрөт». Анын келиши электр энергиясындагы керектөөнү алда канча күчөтөт. Муктаждыктан улам көмөк чордондоруна күч келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетовдун айтымында, жарыкка болгон баа баары бир кымбаттаганы турат. «2014-жылдын 1-апрелинен тарта жарыкка болгон тарифти жогорулатуу чаралары талкууланат. Ошондо кийинки жылдын июль айында жогорулап калышы мүмкүн»,- дейт Баетов.
Электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча сөздөр айтыла баштагандан бери ар бир жаран өз пикирин билдирип келет. «Ата Журт» фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев бааны көтөрүүнү колдойт. «Чындыкка тике карашыбыз керек. Энергетика тармагы – экономикабыздын орду чоң тиреги. Эгер биз бул тармакка жакшы көңүл бурбасак, тирегибизди кыйратып алышыбыз ыктымал, ошол эле ГЭСтерди да. Ал үчүн бизде бир гана жол бар, тарифтерди көтөрүү менен бул кырсыктын алдын алып калышыбыз мүмкүн»,- дейт депутат. Ал эми серепчи Бакыт Бакетаев бааны көтөрүү элдик толкундоолорго алып келет деген көз карашта.
Өкмөт тармакты оңдоого керектүү акчаны бааларды көтөрүү менен эмес, энергетика тармагындагы уурулукту жоготуу менен тапса болорун көзгө илбей келет.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(15)
25.11.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
О-о-о атаңардын чокусу десе. Жеп бүтүп баарын, әлден акча топтоп, гестерди оңдогула. Өзүңөр каалашыңарча, светти уурдагыла, айлаңар кеткенде. Светти кыркыла өчүргүлө, сууну ит бекерге саткыла.
Анан әлден акча топтоп, гести кургула. " Силер курбайсбайсыңар" дагы да. Жейсиңер.

Баш дегенден жок силерде, тойгуздуңар адамды, ит аткандай әле аңдып жүрүп атып жок к
25.11.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ит аткандай әле аңдып жүрүп аттырып салсак кантет ушуларды, әл журт. Ошол светке берген акчаны топтоп, аттырып салсаң барбы. Бир чети кутулабыз алдамчылардан. Аттиң андай адам жоктугу өкүндүрөт...
25.11.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көргөн көзүм кашайсын,
Көрбөй жандын айласын.
Уйку көрбөй иштегег
17 жашта кыз жүрөт
Тентип бөтөн талаасын

Кейидим чындап кейидим
Калк кадырын билбеген
Чоңдорду сөктүм жеридим.
Он жетиде секелек
Кор болуп жүрөт сен билгин.
25.11.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Argymak007, козумо жаш тегеренип кетти ырынызды окуп.
25.11.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Argymak007, туура айтасыз 100%кошулам булар же тойуп олбоду элди кыйнаганы кыйнаган эл бир орчулугун тийгизген жоок мамлекетке таалалап акча таап журушот куч кубат берсин кыргыз элиме булар эл учун иштешпей оздору учун иштешет акмактар
25.11.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнүмдүк турмушу үчүн?
Кыналып жүрөт жаш селки.
Үч суткалар иштесе,
Ден соолуугу кантери.
Белгилүү бир кудайга,
Кудайдан коркор күнүңөр,.
Жеп жутарлар барбы әми?
25.11.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наалат силерге чондор
25.11.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев э-э кымбаттого жол бербейт. Биринчи ичинерди тазалап алгылачы, элди кымбаттайт деп коркута бербей, иштей албасанар ишинерди бошотуп бергиле иштей турган адамдарга!
25.11.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Светке болгон тариф азыр деле кымбат!!
26.11.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев светтин баасын которду деп кубалап чыктынарго Ал киши туура иштеген болуп калабы ошондо
26.11.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aziz1990, туура! Бакиевдин маалында коп нерсе арзан болчу базарда,азырчы бардык нерсе кымбаттады,кубалап неге жеттинер акмактар элди ойлогон бироо жарым жарбы деги,бир Ташиев умут эле аныда тазаладынар кудайым жазанарды берсин силердин оооомин!
26.11.2013. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кымбаттаса кымбаттасынчы, очпосо эле болгону. Кышында обогреватель менен уй жылытып отурсак свет очуп тонуп муздап балам экообуз тен ооруп калдык. Мин наалат чондорго. Оздору светке толобойт, элди эле сорот.
26.11.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакыт Бакетаев бааны көтөрүү элдик толкундоолорго алып келет деген созуно толук ишенем. Озун ээр ойлогон чиновниктер же депутаттар колунардан келсе элибизге электр энергиясын бекер кылып бергенге аракет кылгыла анан атынар чыгат. Же болбосо электр энергиясынын баасын томондоткуло, 0,10 тыйынга кылгыла. Электр энергиясын котором деген чиновниктер, электр энергиясын котором дебестен жумуштан же депутаттыктан чыгып кете беришсин элди дурболонго салбай.
27.11.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кымбаттабайт. Жарыкты кымбаттатпай койдуңар деп Дүйнөлүк банк Кыргызстанга грант берүүдөн баш тартты. Көрдүңөрбү, АКШ бийлиги биздин өлкөдө эптеп баш аламандыкты уюштуруп бакиевдин кулдарын бийликке алып келүүнү көздөп жатат.
28.11.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, сени әле президент шайлап койсок кантет??
Ким бирөө жарымды жакшы дейсиңби айттчы ошондон???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо