-

Ала-Букада 18-ноябрь күнү Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Издөөдө жүргөн
Н.АЛИБЕКОВ кармалып, райондук убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
-
Өкмөт «МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ» сынагын жарыялады. Мыктыларды аныктоо үчүн атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия бир ай аралыгында тиешелүү материалдарды карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныкташат.
-
УКМКнын кызматкери 19-ноябрь күнү Бишкектин Фрунзе көчөсүндө ТАПАНЧА МЕНЕН өзүн көзгө атып алган. Өз өмүрүнө кол салган бул жаран учурда республикалык ооруканада дарыланууда.
-
Бишкек шаарындагы №4-ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН жетекчиси ымыркайдын уурдалышына байланыштуу тергөө иштери жүрүп жаткандыктан кызматтан четтетилди.
-
Депутат
ИСМАИЛ ИСАКОВ «Кумтөрдөн» жабдуулар чыгарылууда» деп билдирип, бул фактыны текшерүү керектигин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнө айтты.

-
Жыл башынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы тарабынан 238 АДАМДЫН өмүрү сакталды.
-
Билим берүү жана илим министри
КАНАТ САДЫКОВДУН маалыматына ылайык, быйылкы жылы мектептерди окуу куралдары менен камсыздоо 73 пайызды түзгөн.

-
Европа өнүгүү банкы Ош шаарындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 8,5 МИЛЛИОН евро бөлөт.
-
Бишкек шаардык мэриясы Нарын шаарына ЭКИ ТРОЛЛЕЙБУС берет. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары чыгарышты.
-
БАЭнын Ажман эмиратынын башкаруучусу Кыргызстанга 5 МИЛЛИОН доллар кайрымдуулук кылды. Бул акчага Кадамжай районундагы оорукананын оңдолушу жана ал мекеменин заманбап медициналык каражаттар менен камсыздалышы күтүлүүдө.
-
Таласта «Себат» кыргыз-түрк кыздар лицейи окуучулар арасында САРЫК ООРУСУ күч алгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды. Маалыматка ылайык, талап боюнча ар бир окуучуга 6 чарчы метр болсо, лицейде бир окуучуга 2 чарчы метр аянтындагы бөлмө берилген.
-
Энергетика жана өнөр жай министри ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВДИН айтымында, 2013-жылы электр энергиянын 1 киловаты 4 центтен сатылып, жыйынтыгында Казакстанга 14 миллиондон ашуун долларга электр энергиясы экспорттолгон.
-
Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда 552 МИҢ пенсия жашындагы адамдар жашайт.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg