Икрамидин Айткулов:«АДВОКАТТЫК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮМДҮ ТОКТОТУП ТУРУУ ҮЧҮН САБАШТЫ»

№577 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж

Бишкекте 13-ноябрда резонанстуу соттук иштерде жактоочулук кылган адвокат Икрамидин Айткуловду белгисиз бирөөлөр сабап, тоноп кетишкен. Бул окуяны айрымдар мурдагы депутат Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгын коргогондугу менен да байланыштырып жатышат. Кол салган кылмышкерлер анын оң бутун сындырып, бети-башын көк ала кылышыптыр. Жанындагы 10 000 доллар акчасын жана чөнтөк телефонун тартып алып кетишкени белгилүү болду. Эсин жоготкон жактоочу алгач жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинки күнү гана жалпы палатага которулган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүүдө. Абалын сурап, окуя кандай болгонун өз оозунан угалы деп барганыбызда, бизди маңдайкы тиши сынган Айткулов жылмайып кабыл алды.

– Икрамидин мырза, окуянын кандай болгонун айтып берсеңиз?
– 13-ноябрь күнү кечки саат 9да үйгө келгем. Уулум дарбазаны ачып коюп үйгө кирип кеткен, а мен унаамды гаражга киргиздим. Кайра сыртка чыгып, үйүбүзгө жакын жердеги дүкөнгө бараткам. Арттан катуу сокку болуп, эс-учумду жоготтум. Өзүмө келгенимде башым ооруп, жүрөгүм айланып жатыптыр. Ордуман турайын десем, алым жок. Дене боюм ооруп жатыптыр. Бутум ийге келбейт, сынганын байкадым. Бутумду атайын сындырышыптыр.

 – Эмне үчүн атайын дейсиз? Эмнеден шекшип жатасыз?
– Эгер алардын максаты тоноо болсо, анда эсимди жоготкондо эле тоноп кетип калышмак. Эмнеге бутумду сындырмак эле? Мени баса албай турган кылып, адвокаттык ишмердүүлүгүмдү бир аз да болсо токтотуп турууну жана мени коркутууну каалагандар жасашты.

– Алар кимдер болушу мүмкүн? Адвокаттык ишмердүүлүгүңүзгө тиешелүүбү?
– Ооба, ошондой. Анткени менин эч ким менен финансылык аласа-бересем жок. Анчалык душманым деле жок. Биринчи себеп катары «Альфа Телеком» («Мегаком») боюнча ишти ойлойм. Анткени Алмазбек Абеков «Мегакомду» жетектеп турганда мамлекеттин казынасына түшкөн салыкты
800 миллиондон 4 миллиард сомго чейин көтөргөн. Азыркы жетекчилиги оңбогондой сумманын нугун сол чөнтөккө буруп жатканын айтып келгенмин. Экинчиден, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун ишин да айтмакмын.

– Сизди алгач тергөөчүлөр менен иштешүүдөн баш тартты дешти?
– Ошого таң калып жатам. Өзүмө келгенден кийин мага алгач Бишкек шаардык
ИИББинин башчысынын орун басары Александр Белунскас келди. Ал сурак алды, анын бардык суроолоруна жооп бердим. Өз ойлорумду айтканда анын маанайы түштү. Албетте, аларга менин «мунун артында бийлик турат» дегеним жага бербеди. Анан менин жоопторумдан кийин ал сыртка чыгып, «Айткулов кызматташуудан баш тартты» деп айтыптыр. Кийин «биз аны кызматташууга араң-араң көндүрдүк» дептир. Мен, тескерисинче, күнөөлүүлөрдүн табылышына абдан кызыкдармын.

– Бул ишти ички иштер министри Абдылда Суранчиев өз көзөмөлүнө алды. Жыйынтык чыгарына ишенесизби?
– Азыр алар «бул – тоноочулук, биз мунун бетин ачабыз» деп жатышат. «Төрт киши кол салган» деп жатышат, ким көрүптүр аларды? Мен өзүм ким, кантип сабаганын билбейм, анан алар кантип билишет? Макул, ачышсын. Ага каршы эмесмин. Бирок ишенбейм, анткени көзүм жетпейт. Калп эле эл көзүнө иштеп жаткандай түр көрсөтүшүүдө. Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев «иштин бети ачылышына аз калды» дейт. Ал тантып жатат! Болбосо далилдесин, ушул кылмыштын бетин ачсын. Мен ошону көргүм келет.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
25.11.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
бакиевдердин адвокаты болуп жүрүп ушуну көрмөк да.
25.11.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адвокат адамды тандабашы керек да ким болсо да
25.11.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул адам кимден мынча токмок жегенин жакшы билет, бирок ал бул уур-токмокту саясатташтырып чыкты, черныйлар менен аз иш кылыш керек эле, 10 000 долларды бекеринен алып чыкты дейсинерби, озунор ойлонуп коргулочу.
25.11.2013. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адвокат кардарынын ким экенине карабайт! Кандайдыр бир чуулгандуу ишти коргогону учун мындай абалда калбашы керек!
26.11.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун жазасын алгандыр.
29.11.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10000 min dollar menen dukongo barat eken kalpty daagy chenep aitsa 1000 som je 10000 som dep ele aitpaiby jon ele apyrta berbei
09.12.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balkim akchasy bardyr janynda kim bilet
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо