МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ – «АТА ЖУРТТУН» ЛИДЕРИ...

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

  • «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖЧКсынын Директорлор кеңеши Жогорку Нарын каскадында курулуучу 4 ГЭСтин баасын 727 МИЛЛИОН ДОЛЛАР деп бекитти.
  • Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 28-ноябрь күнү жол кырсыгы катталып, анда 19 жаштагы 5 ЖИГИТ КАЗА ТАПТЫ.
  • МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты журналисти- 2013» сынагына макалаларды кабыл алуу токтоду. Анын жыйынтыгы 9-декабрда чыгат.
  • ИИМдин Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы ЖЕНГО деген каймана аты бар Кадырбек Досоновго издөө жарыялады.
  • Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловдун айтымында, Орусиянын «КАРА ТИЗМЕСИНЕ» миграциялык мыйзамды бузууга байланыштуу 28 миңдей кыргызстандык киргизилген.
  • Токтогул районунун ЧЫЧКАН дарыясына 26-ноябрда кырсыкка кабылган бензин ташыган унаанын күйүүчү майы төгүлүп, анын кесепетинен массалык түрдө балыктар өлүп баштаганын ӨКМ билдирди.
  • Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетип чыгуучу заводдун ишке кирүүсү белгисиз убакытка жылдырылганын «ЖУНДА» ЖЧКсынын өкүлдөрү маалымдашты.
  • «Манас» аэропорту аркылуу БИШКЕК-КИШИНЁВ-ФРАНКФУРТ жаңы транзиттик каттамы ишке кирет.
  • «Ата Журт» фракциясынын лидери болуп МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ шайланды.
  • Жогорку Кеңеште «Республика» фракциясынын демилгеси менен вице-премьер ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВДИН мүлкүн текшерүү боюнча комиссия түзүлдү.
  • ЖАНЫШ БАКИЕВ Сузак райондук соту тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал 2005-жылдын 24-мартында Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынан акча каражаттарын уурдоо, талап-тоноону уюштуруу, куралдуу түзүмдү мыйзамсыз түзүү, массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыптуу деп табылды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөтканаларда ВИДЕОБАЙКОО системин киргизүүнү демилгелөөдө.
  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, өлкөдө 100 МИНЕРАЛДЫК СУУ чыккан булак бар.
  • 2013-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ- инфекциясын жуктуруп алган 5060 АДАМ катталды.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
04.12.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыктарга жалко болуптур ал да бир чонду безовозу болсо керек!хе
08.12.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ВИЧтен кудай сактасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо