КЕЛДИБЕКОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ БИЙЛИКТИ КУЛАТУУГА ДАЯРДАНЫП ЖАТЫШАБЫ?

№578 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж

ЭКС-СПИКЕРДИН КЕЛИНЧЕГИ ТИЛИНЕН ЖАҢЫЛДЫ
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «ата журтчу» депутат Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова «ММКларга жарыяланган мүлктөрдү ак эмгегибиз менен иштеп тапканбыз. Күйөөмдү негизсиз каралагандары үчүн журналисттерди чөгөлөтүп кечирим суратам» деген. Тилинен жаңылганын түшүндүбү же жакындары «түшүндүрүштүбү», айтор, А.Токтоматова кийин журналисттерден кечирим сурады.
Ошол эле тапта Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын туулган айылы Сопу-Коргондон Ош–Эркеч-Там жолун бууп, Кытайдан бери келе жаткан жүк ташуучу машиналар бир нече чакырымга созулган тыгында калышты. 28-ноябрь күнү депутаттын тарапташтары Бишкекте маалымат жыйын берип, алардын бири И.Аттокуров: «Бийлик Ахматбек Келдибековду бошотпосо, биз Бишкек–Ош жолун тосуп, Ош жана Жалал-Абад облустук администрацияларын басып алабыз. Ал жакта 3 облус, 3 миллион эл бар. Андан соң Бишкекке келип, борбордук бийликти кулатабыз»,- деди.

АБАКТАРДА КАЙРАДАН АЧКАЧЫЛЫК...
Ахматбек Келдибеков кармалгандан кийин 26-ноябрда «Бишкектин 1-СИЗОсунда отургандар ачкачылык жарыялашты» деген маалымат чыкты. Журналисттердин «Бул окуя Келдибековдун камалышына байланыштуу болушу мүмкүнбү?» деген суроосуна анын адвокаты Татьяна Чильникина «бул аракеттер Келдибековдун беделине шек келтирүү үчүн атайы жасалууда» деген пикирин билдирди. Көп өтпөй,
1-СИЗОдогу ачкачылык акциясы Лимонти деген каймана аттуу Алмазбек Сулаймановду 50-СИЗОдон №1- тергөө абагына которуу өтүнүчүнөн улам башталганы айтылды.
Эске салсак, ушул сыяктуу окуялар 2011-жылдын аягында, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан Ахматбек Келдибековдун кетүүсүн талап кылуу башталганда орун алган болчу. Анда ачкачылык акциясы массалык мүнөзгө ээ болуп, 6 колония менен 3 тергөө изоляторунда 3 миңдей адамдын катышуусу менен өткөн. Аны Келдибековдун спикерликтен кетишине каршылык көрсөтүү катары баалагандардын катарында Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги төрагасы Шейшенбек Байзаков жана башкалар да болгон.
Ал күндөрү интернетке Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен Караколдо лыжа базадагы эс алууда түшкөн сүрөттөрү жайылып кеткен. Ахматбек Келдибеков да ушул лыжа базасында ошол күндөрү эс алганы, К.Көлбаев менен жолугушканы тууралуу маалыматтар ЖКнын трибунасынан айтылып, талкуу башталып, окуянын аягы Келдибековдун төрагалыктан кетиши менен жыйынтыкталган эле.
28-ноябрь күнү акыйкатчы Бакытбек Аманбаев Ахматбек Келдибеков менен жолугуп чыкканын айтып: «Ал окуя бир тараптуу чагылдырылып, мени каралоо иштери жүрүп жатат. Соттун чечими чыга элек жатып Келдибековду күнөөлүү кылып коюшту деп айтты»,- деди.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(54)
03.12.2013. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
7 aprelde mitingge elder chindik uchun chikkan akcha, tuugan debei . Azir mitinge akchaga je tuuganina chigat chindik uchun chikpait
03.12.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири өлүп бири калсын. Сөзгө әмес, кылган ишине ишениш керек, туугандар.
03.12.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсептоо палатасы, бул Келдибековдун спикер болуп жургондо, кабинетин 1 млн сомго ремонт кылып, Италиядан алып келген аппак диван менен креслолорду 1 млн 600 мин сомго алдым деген документ откорсо, анын чыныгы баасы 300 000 сом тураарын тастыктап, далилдеп да берди. Ушул 300 мин сом турган мебелди 500 мин эле деп жаздырса олбойт эле го, бирок калган 1 млн 300 минди унчукпай чонтокко гана салган, мындай уурулардын оорду турмодо
07.12.2013. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LEP888, Сен айткан созуно озун ишенесинби. Бекерчи ушакчы катындардан окшойсун э.
03.12.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
LEP888 Отумбайева еконорго акча бердиби анан ушуну тактап чыгыпсынар деп ушунча акчаны?
03.12.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким ууру, ким ууру эмес, аны азыр айтыш кыйын! Бирок кылмыш кылса, жээ уурулук кылса ал киши кедей болобу бай болобу анысына карабай катуу жазалансын. Карапайым калтын акысын жеген болсо аны кузуп, карапайым элдин акысын толоп берип андан кийин соттолсун. Андай жегичтердин бизге кереги жок. Бирок тан каласын бул Акматбек Келдибеков мынча дунуйону кайддан тапты? Карапайым элдин иштеген акысы 1500 сом, а бул кишиники ото коп экен.
03.12.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азиз 1990атана бали эркин ойлогон чыныгы кыргыз экенсин ким кара ким ак экенин эркин ойлогон адамгана билет азыркы бийлик ак ошон учун камап жатат.
03.12.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жаман талаштынарго, бул сасык саясатта эч ким таза эмес экенине козунор жете элекпи, чыныгы таза адам бийлике келе албашын моюнга алып койсок ушундай талаш болбосо кереек
03.12.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
20 жылдан бери тойду окшойт кыргыз эли куру убадаларга, макул Келдибеков деле бийлике келип калса ал деле оз алдынча чечим чыгара алышына ким кепилдик бере алат, анын деле оз чойросу бар да, тегерегиндегилери булгашы мумкун озу таза болсо дагы
06.12.2013. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik838383, эн туура соз бийлике эч кандай таза адам келе албайт, келген кунуда элди жегендер иштетпейт. Негизи эле адам баласы болгон сайын болсо экен деп турабыз. Анан кантип бийлик таза болот, элди алдагандан башка пайда жок!
03.12.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урматуу форумчулар бизде да баары еле саясат болуп кетиприр го,биз аларга кийлигишип емне кылабыз таза болсо чыгат егерде, жесе анда камалат муну соттун чечиминен кийин коро жатаарбыз
03.12.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койгулачы бул отунбаева менен атамбев каргыш урат ош окуйясында ушулар уйуштурган кыргызды саттыбы эртен барын кул.болосун
03.12.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жалган болсо айткыла Мелис Мырзакматовтун мен издеген чындык деген китебин окусанар анан билесинер
03.12.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гозо кундо эле сына бербейт бир кун сынат кайра озунун калыбына келе албайт.
04.12.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жебегенине,суттой ак экенине шегим бар,баарибир алкымына тыгылгыча жедида.Жебегендин баары жердин астында. Бирок бийлик жегичтер менен чын эле курошуп жатканын далилдеп,Келдибековдун артынан бир,экоону суйрой барсын,болгондода министрликтегилерден,ак уй,кок уйдо отурган тойбостордон,ВУЗдардан,медицина тармагындагы биздин апапакай халатчандардан алпарып камасын,анткени май-кол,сут-кол болуп акчалар агылып тушкон жерлер ушулар.
04.12.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келдибеков жептир, макул, Бирок башкаларды эмнеге чукубайт? Эмне Атамбаев суттон акпы ыя? Салянова суттон акпы ыя? Чыныбай суттон акпы ыя?
Модератор admin_media түзөттү 04.12.2013 14:34
04.12.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ernis1984,
Билдирүүңүз түзөтүлдү!
Далили жок билдирүүлөрдү жазуудан оолак болуңуз!
05.12.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ernis1984, Элди алдаса да, АЛЛАны алдай албайт
04.12.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин кайын бирин тал. бирин олуп юирин кал деген экен бироо. сенин байкен кыйратып жатабы десе бироосу сенин акенчи жайладыго десе дагы бироосу озундун эженди бил дептир дегенден болбогула. биз айтабыз тызылдайбыз бир чиновник укса олойун. жашагылаа кыргыздарым мн кыргызкаларым
04.12.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалаган бир туугандарыбыз кор болуп, талаа кезип кеткендери, канчалаган кароосуз балдар, карылар ушундай ууру, мамлекеттин байлыгын жеген, элдин ырыскысын жегендерди тазалабаса өлкө оңолбойт, анан жердештери, туугандары бийликке, мамлекетке сүр көрсөтүп, жаш баланы коркуткандай тап берип жатасыңарбы, мындай ооруңардан айыксаңар боло, ушундай ички чыр чатак менен эле жүрө беребизби өнүкпөй, кыбырап-тыбыра
04.12.2013. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап элдин ырысын, мамлекеттин байлыгын жеген болсо "өлүм жазасы" берсе деле болот, башкаларга сабак кылып, анан азыр болгон байлыгын, дүнүйөсүн жеген акчасына айырбаштап, мамлекеттин кемтигине, коомго иштетсе болот.
04.12.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийликтеги адамдар кылаарга иш таппай, чонтогундо акчасы тугонуп, бармагын соруп калганда, созсуз бироонун артынан тушушот. Ошол адамды каралап, жалаа жаап, " мал-мулкун Жергиликтуу Элдин Казынасына откоробуз" - деп жалган айтып, бийликтегилер бооуп алышат. Бул жегичтер качан эле Элди ойлоп келишкен. Ушунчалык зээним кейип турат. Кыргызстанымдын келечеги кандай болот экен????
05.12.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким ууру,ким ууру эмес кантип айтыш кыйын. онойле го,корунуп эле турат ко баары,болбосо 4 млрд га чукул карызыбыз бар,алтынды берип атабыз,комурубуз,энергетиекабыз ж. б. ушулардан тушкон пайда каякка кетти,алган карыздарчы башкалардан, налогдор. Же эл жыргабаса, кичинекей документ бутуруп корчу акча сурашат,анан таптаза деш кыйын го буларынды,болбосо бийликке неге жанталашышат,жей турган бир нерсени коруп атышат да,же 15-25 мин айлык учун бекен, аларга шапка керек, жашыл акчалар менен да...
05.12.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан кыргыздардын баары дин менен жашаганда гана азыркыдай тоноочулук, уурулук токтойт.Анан биздин чиновниктер таза иштешет,мамлекет онугот.Себеби дин менен жашаган адам аллахтан коркот.
05.12.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rs7777777, сага кошулам дин менен гана коом тазаланат адамдын журогу да!
05.12.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл журт калайык калк эгемендуулукту алган жылда ушул убака чейин иштеген чиновниктердин баары корупцияга арлашкан кыргызстан онугуш учун ошолордун баарынан тазалансак кана онугобуз антпесек кайда барбасак да мамайдын кору боло берет!ай кайран кыргызым ай.
05.12.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага айырмасы жок камалабы олобу айрыкча келдибеков ал эл учун иштеген эмес жана иштей да албайт
06.12.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч нерсени тушунбой эле комментарий жаза бергенди койсок, Келдибеков жонундо соз болуп жатса президентке асылуу керекпи? Жок дегенде жанылыктарды кобуроок окусак билет элек: Куелдибеков Кыргызстандагы эн бай адамдардын бири, президенттин ал списокто аты да жок))
06.12.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоок уурдап бир байкуш турмодо сасысып жатат а милиондоп уурдагандардын таламын уялбай кантип талашат
06.12.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоок уурдап бир байкуш турмодо сасысып жатат а милиондоп уурдагандардын таламын уялбай кантип талашат
06.12.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууру жарылганча жеп олгончо карганат демекчи- анча-мынча байлыгын айтканда элдин ээги жерге тийди, чет олкодо счет, вилла, островокторун деле казса болмок.
06.12.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууру жарылганча жеп олгончо карганат демекчи- анча-мынча байлыгын айтканда элдин ээги жерге тийди, чет олкодо счет, вилла, островокторун деле казса болмок.
07.12.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAHYM bailykty kolgo bersin eger jurokko berse al bailykty e4 ka4an jurokdon ala albaisyn atambaevtin jurogugo berilgen bailyk
07.12.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кандай турдо бешене тери менен тапканын точно айталбагандан кийин унчукпай эле койбоптур, кайсы бир чиновник айтмакчы жакшы бир сааналаштары белек кылган да буларга да ошончо байлыкты ,
11.12.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп эле тим болбостон, дагы элди оздорунун кызыкчылыгына пайдаланып мамлекетке, ишкерлерге зыян келтиргени учун да жоопко тартыш керек Келдибековду
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо