КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ: ДАГЫ КИМДЕР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАМАКТАН ТОСОТ?

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

«МЕН КАРАП ТУРАМ, МИТИНГИҢЕРДИ ӨТКӨРӨ БЕРГИЛЕ»
2-декабрь күнү экс-спикер, «ата журтчу» депутат Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган тарапташтары Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрүштү. «Митингиңерди өткөрө бергиле, мен тээ тиякта отуруп карап турам» деген шаар башчысы Мелис Мырзакматовду чогулгандар кол чаап, ышкырып-кыйкырып колдоп, сүйлөшмөкчү болуп келген губернатор Сооронбай Жээнбековду жактырбай коюшту. Атүгүл Ош облустук администрацияга басып кирүүгө аракет жасашты. Эске салсак, мэрия менен облустук администрация бир имаратта жайгашкан. Бул «чабуулдан»
9 милиция кызматкери жабыр тартканы белгилүү болду. Эртеси, 3-декабрь күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы аталган окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Митингдин эң бир көңүл буруучу жагдайы: Ош мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Мелис Мырзакматовдун митингчилердин алдына чыгып сүйлөөсү болду. «Жалындуу» билдирүүсү үчүн Ош шаарынын башчысы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге «кызыл килемге» чакырылып, «чектен чыкпай, өз милдетиңди мыйзам чегинде аткар» деген эскертүү алып, 5-декабрь күнү кызматтан алынды. Шаар башчылыгын убактылуу жетектөө биринчи вице-мэр Алимжан Байгазаковго жүктөлдү.

«ТУУГАНСЫЗ КАЛСАМ ДА, КЫРГЫЗСТАНДЫ БУТКА ТУРГУЗАМ»
Президент Алмазбек Атамбаев 3-декабрь күнү «Кары-картаңдарды, майыптарды тоногондор үчүн жолду бууп, митинг өткөргөндөргө таң каласың. Же уурулардын заманы кайра келсинби?» деп суроо салды. Уурунун ысымы аталбаса да, сөздүн төркүнү Келдибеков тууралуу экени түшүнүктүү эле. «Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, долларлык миллионер болуу мүмкүнбү? Кыргызстанда таза иштеп, бир миллион долларды топтогонду көрдүңөрбү? Андай мүмкүн эмес. Мына төрт жылым калды, ачык айтайын, ушул жылдар аралыгында коррупциянын сазайын берем. Эгер адам уурубу, ал ошол үчүн жооп бериши зарыл. Мени коркутуу мүмкүн эмес. Мен Кудайдан гана корком. Досторсуз каламбы, туугансыз каламбы, бирок Кыргызстанды бутуна тургузуп кетишим керек»,- деди өлкө башчысы. 

ӨМҮРКУЛОВ ОРДУН БОШОТТУ
2010-жылдын 7-апрелинен бери Бишкектин мэри болуп келген Иса Өмүркулов 2013-жылдын 4-декабрь күнү отставкага арыз жазды. «Аткара албай калган иштерим үчүн шаардыктардан кечирим сурайм. Мунун баары тынчсыздануу же алсыздыктан, же мага карата негизсиз кылмыш ишин козгоодон эмес, бул чечимди ойлонуп кабыл алуу менен отставкага кетип жатам»,- деди
И.Өмүркулов. Бишкек шаарынын башчылык милдети биринчи вице-мэр Мурат Исмаиловго убактылуу жүктөлдү.
2-декабрь күнү Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго карата кылмыш ишин козгогон болчу. Башкы прокуратура тараткан маалымат боюнча, 2011-жылдын 3-октябрында Иса Өмүркулов жетектеп турган Бишкек мэриясы тарабынан «Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багынын чек арасын бекитүү жөнүндө» токтом чыгарылып, ага ылайык, сейил бактын жалпы аянты 33,92 гектардан турат деп бекитилген. Башкы пландан айырмаланып, токтомдо сейил бакка тиешелүү аймактын аянты 14,22 гектарга кичирейип кеткен. Анын ичинде убактылуу колдонууга 3,0144 гектар жер жеке адамдарга бөлүнүп берилгени белгилүү болду.
Жер кодексинин 78-беренесине ылайык, сейил бактар жалпы колдонуудагы жер тилкелердин катарына кирет жана калктын маданий-тиричилик максатындагы керектөөсүн канааттандырууга багытталган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы: «Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында Иса Өмүркуловду камакка алуу же кармабоо чечими чыгарылат»,- деп билдирди. Аталган мекеменин кызматкери Улугбек Султановдун айтымында, Өмүркуловго карата Кылмыш кодексинин 4 беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык укуктарынан аша чабуу, жер мыйзамын бузуу, кызматтык жасалмалык) боюнча кылмыш иши козголгон. «Кылмыш иши козголгон беренелер оор болуп саналат жана алар боюнча айыпталуучу 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал»,- деди У.Султанов.
Жарандык активисттер Иса Өмүркуловго карата кылмыш кодексинин беренелери 303-беренеге, тактап айтканда, коррупцияга квалификацияланышын талап кылышууда. 
Коомчулукту нааразы кылган дагы бир жагдай – шаардын башкы планынын жашыруун документ катары карапайым калкка ачык көрсөтүлбөй турганы. Мына ушундай «жашыруундук» шаар тургундары эс ала турган жайлардын сатылып кетишине жол берүүдө деген пикирлер арбын. «Ататүрк» сейил багынын бир капталына хан сарайлардын курулуп калышы да ушул сыяктуу эле окуя. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ири аш-тойлор өтүп, ити чөп жеп жаткан «Ала-Тоо» ресторанына жер «Жеңиш» сейил багынын аймагынан мыйзамды бузуу менен берилген.

КОРРУПЦИЯ ТЫЙЫЛА ЭЛЕК
Бейөкмөттүк «Transparency International» уюму коррупциянын деңгээли боюнча өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээледи, бул өлкөдөгү паракорчулук жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт. Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттары Нариман Түлеев, Нурлан Сулайманов, Элмурат Обдунов, экс-министрлер Равшан Сабиров, Замирбек Эсенамановго каршы коррупция иштерине байланыштуу кылмыш иштери козголуп, айрымдары соттолду. Ахматбек Келдибековдун иши да учурда чоң резонанс жараткандардын башында. «Республика» фракциясы вице-премьер Тайырбек Сарпашевди да убактылуу кызматынан четтетүүнү талап кылышты. Сарпашевдин туугандарына тиешелүү ишканалардын «Кумтөргө» май ташуу боюнча тендерди, Бишкек шаарынын жолдорун оңдоодогу тендерди кандайча утуп чыкканы кызыгуу жаратууда. Андыктан кезек Тайырбек Сарпашевдеби деген суроо туулат.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
09.12.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камак бул азыркы саясатчылардын экинчи уйу болуп калды.
09.12.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындап курошсо, азыркы бийликтегилер, анан отставкадагылар, акырында коррупцияга каршы куроштун жеткчиси озун озу камап анан жаны жыл болот го дейм...
09.12.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанды онуктуруу учун талапты катуу койгон кучтуу куч структурасы керек, качан гана элди тартипке салып башкара алганда мамлекет онугот. азыр куч органдарынан ким коркот эч ким, ошондуктан ИИМгин кадыр баркын которуш керек
09.12.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Хе хе :-)
"Кыргызстанда таза иштеп 1 миллион долларды топтогонду кордунбу, мумкун эмес"- дейт го АША?
А менин 600 млн долларым бар деп деле айтып койбойбу дейм да(((.
10.12.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyl-Unkur, сен кайдан билесин достум?
10.12.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
logist, logist, ишенбесен интернетти чукусан кимдин канча байлыгы бар, списогунан бери билип аласын.
10.12.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тазалайм дейби? Калганы эмне карап турду беле, баарын эле жегенсинер. "Кемеге тушкондун жаны бир" Акаевдин, Бакиевдин маалында мен менен Пушкин иштеген да...
10.12.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирок бир жагынан туура кичине да болсо ушинтип коркутуш керек паракорлорду кайсыл акчага килейген тамдарды салышып жок эле дегенде50000ДОЛЛ МАШИНА МИНИШЕТ БИЗ БОЛСО 5ЖЫЛДАН БЕРИ ЖОЛДОШУМ ЭКООБУЗ РОССИЯДА ИШТЕП 4КОМНАТ УЙ БУТУРО АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ
10.12.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahona, туура айтасыз жебей ичпей тыйындап топтойбуз, ал эми биздин чондор мамлекеттин айлыгына эле байып отурушат акчалары ото берекелуу окшойт.
11.12.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коорупцияга богот коелу, эми да болсо токтотолу деп, аларды четинен кармап жатышса ага да каршысынар ай, анда коррупционерлерди колдогула, а биз, силер болуп дагы деле уй сала албай журо берели э...кызык элбиз ээ...
14.12.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
корупцияга эч качан каршы курошо албайт.неге омуркуловду каматпайт андай экен закон баарына бирдей болуш керек да чындап келгенде бийликтегилердин баары паракор баары оз комочуно кул тарткандар элди ойлобогондор бир Мелис Мырзакматовду кордум элим жерим деген.ошон учун кыргызстан онукпой жатпайбы.
20.12.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоооо чекеден камака жоной баштады жепжутарлар :-$:
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо