№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
Ош менен Бишкек шаарлары башчысыз калды. Иса Өмүркулов өз каалоосу менен отставкага кетсе, Мелис Мырзакматовду өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кызматынан бошотту.
Бул шаарлардын мэрлерин шайлоо процесси жаңы «Ош жана Бишкек шаарларынын макамы тууралуу» мыйзам долбоорунун алкагында жүрүшү керек. Эске салсак, ал айрым мүчүлүштүктөрдөн улам президент тарабынан парламентке кайтарылган. Кийин Жогорку Кеңештин бир сыйра макулдашуусунан кийин мамлекет башчынын кол коюусуна жөнөтүлгөн болчу. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев: «Президент «Ош жана Бишкек шаарларынын макамы тууралуу» мыйзам долбооруна кол койсо, бул эки шаардын мэрлери 2014-жылдын январь айынын биринчи жарымында шайланат. Эски мыйзам боюнча, шаар башчысын дайындоо президенттин бийлигинде болчу. Азыр мындай эмес. Жаңы мыйзам кабыл алынса, шаардык кеңештеги фракциялар менен өкмөт башчы мэрликке өз талапкерлерин көрсөтө алат»,- деп жооп берди.
Ал эми интернетте Иса Өмүркуловдун ордуна келет деп Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлү Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов менен экс-премьер Өмүрбек Бабановдун ысымдары эң көп аталууда.
Бишкек шаардык кеңеши КСДПнын 21, «Республиканын» 11, «Ата Мекендин» 7, «Замандаштын» 6 депутатынан турат. Ал эми Ош шаардык кеңешинин курамында «Улуттар биримдигинин» 21, КСДПнын 11, «Республиканын» 8, «Адилет Кыргызстандын» 2, «Ата Мекендин» 1, «Замандаштын» 1 жана Кыргызстандын элдик демократиялык партиясынын 1 эл өкүлү бар.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
meeri Melis bolup iwtese anda eki waar ten birdei onugot
коргонун коргондой билгенин билгендей айтчы жанылышпасам
мен да БАБАНОВДУ колдойм