ДЕКАБРЬ АЙЫ СУУК БОЛОТ...

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

  • Юстиция министрлиги 2013-жылы 9 ай ичинде 197 АДВОКАТКА лицензия тапшырды.
  • НЕФТЕТРЕЙДЕРЛЕР ассоциациясы жылдын башынан бери өлкөгө 1,1 миллиондон ашуун тонна күйүүчү май киргизилгенин маалымдады.
  • Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, өлкөдө 552 МИҢ КАРЫ АДАМ жашайт, алар жалпы калктын 9 пайызын түзөт.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин атасы ТАШБОЛОТ ТҮЛЕЕВ 4-декабрга караган түнү ооруканада кайтыш болду. УКМКнын камагында жаткан Н.Түлеевге атасына топурак салып келүүгө уруксат берилди.
  • Өлкөдө 159,7 МИҢ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер катталган, анын ичинен 94,5 миңи пенсия менен жөлөкпул алат.
  • Балыкчынын мэри МИРЛАН БООБЕКОВ кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ДЕКАБРЬ айы климаттык нормага салыштырмалуу суук болот.
  • Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп Бишкек шаардык кеңештин депутаты, КСДПнын өкүлү АМАНБАЙ КАЙЫПОВ дайындалды. Ал эми губернаторлуктан бошотулган КАНАТБЕК МУРАТБЕКОВ энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болду.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
09.12.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орун алмаштыруудан сумма озгорбойт эмне иштей турган башка адам жаштар жокбу же соодадагыдай биринин шапкесин бирине кийгизмейби
10.12.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суук эмес ысык эле болтатко баткенде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо