ОШТУН «КОЖОЮНУ» МЫРЗАКМАТОВ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Мелис Мырзакматов 2-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары уюштурган митингге келип, өзү иштеп жаткан системди «арам бийлик» атаган эле. Ал сөзү үчүн 3 күндөн соң кызматтан алынды. Мырзакматовдун аянттагы сөзү катуу талкуу жаратканы үчүн аны өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.

Митингчилер: – Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.
М.Мырзакматов: – Саламатсыздарбы, урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн, акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок.
Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул – «Кыргызгазды» 65 депутат сатып жиберди, 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн «Кумтөрдү» чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес.

Митингчилер: – Ур-рра-аа!
М.Мырзакматов: – Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат – адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык.
Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, «бардыгын камай бер, биз болсок болду» дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам, Камчынын баласын «машинанын баллонун уурдап алды» деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди! Булардын көзүн май басты.
Урматтуу эл! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес.
Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп, менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар.
Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: – Элге кошул!
М.Мырзакматов: – Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм.
Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби (ред. Хажинаби Ишматов) деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, «мени коркутуп жатат, менин жүрөгүм чыдабай калды» деп. Мына – Шайлоо (ред. Шайлообек Атазов, шаардык кеңештин депутаты). Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машинанын баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана «Ширшовдун схемасын» тапкандары?
Газды эптей албай 1 долларга сатып жатат. Ушу Ахмат айтты эле, «1 долларга мага эле бер, мен иштетейин» деп. Жок, бул «шапкесин» бербейт да. «Шапкесинен» калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз.
Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер – кошоматчылар, шыпыргылар. Булар «камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз» деп жатышат. «Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз» деп жатышат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошол жерде турат. Боз үйдү талкалатып, тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги.
Бүгүнкү күндөгү шаардагы «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тээтиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, «митинг өткөрө бер» деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, «өткөрө бер» деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле.
Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Айпери Ганыжан кызы
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(91)
10.12.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңарга эскертүү! Башка колдонуучунун жазган билдирүүсүнө жараша жооп жазсаңыздар мейли, бирок ал колдонуучунун өздүгүнө асылбагыла! Эсиңерге сала кетейин ар бир колдонуучу ЭРЕЖЕНИН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар!
10.12.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Охоо Мелис Мырзакматовдун популярдуулугун карагылачы качан ушул мэр жонундо жазылса укмуш коментарийлер жазылатко чиркин роман окугандай эле болосун, Бабановтон да популардуу экен ага болгону 14 коментарий жазылса М. Мырзакматовго 48 коментарий жазылыптыр карагылачы туугандар айырмасын! Ушундан эле байкасанар болотко Мелисти эл колдоорун.Алга ураттуу Мелис Мырзакматов Эл Сиз менен бирге!!!
10.12.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоодо утушунузга ишенебиз!
10.12.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
tilek-x,
Жогоруга жазып алып, кайра эмнеге сурап жатасыз?
10.12.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындыгында Мелис эн сонун иштерди аткарды сизге таазим этебиз. Сиздей патриот адамдар бийлике келсе олкобуз бат эле онугуп кетет. Биз сизди колдойбуз сиз албетте кайра мэр болуп шайланасыз!
10.12.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис мырзакматов эл сиз менен,ар дайым алга.женишинизге ишенебиз.сиз болочоктогу президентсиз
10.12.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош шаарын Мелис Мырзакматов таза шаарга айлантты корунуктуу коп иштерди жасады мурунку Ошко мер болгодор эч иш жасашкан эмес кайра бюджетти тоноп кетишкен алар
11.12.2013. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мелис байке азамат эл сизди колдойт сиздей Кыргыздын азаматтары коп болушун кудайдан тилеймин!!!
11.12.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис Мырзакматов Жоошбаевич Улуттардын биримдиги учун курошкон инсан! Азыркы бийликтегилерден олсо олугу артык!
11.12.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис байке капаланбаныз,кечээ туну мен туш кордум, тушумдо сиз ак боз ат минип кетип жаткан экенсиз, ошол бойдон ак уйго карай
чаап кеттиниз, а АША болсо кашан эшек менен ак уйдун артынан чабуунун айласын таппай жатыптыр байкуш...
11.12.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazik...92, тушунуз жакты.7-апрелдин алдында мен дагы туш коргом.тушумдо бакиев ылай болуп стройкада иштеп атыптыр.сизге эмне болду десем ,кызматыман тушуп калдым деп жооп берген.
11.12.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматов и.о.мэрликтин ролун аткарды.Жакшы иштеп жатса,иштеген акысы учун мамлекеттен айлык акы алат.Ош шаары Кыргызстандын жери,демек мэрлик бул жумуш оруну болуп эсептелет жана эч кимге туболук таандык эмес!
13.12.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saiha.84, tuura, birok Myrzakmatov el uchu ishteyin, elge bolsun dep, ailyk albastan ishteyt dostor.
11.12.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эч бир жандан уккан жокмун Атамбаевди президент деп тоготконун ал адам АЛЛАНЫН каарына кала турган болду. Оз элин бириктире албаган оз элинен бата ала албаган адам президентке татыктуубу? Ооба копчулукко жагыш кыйын бирок алар азыр азчылыкка да жакпай жатат оздорунон башка.
12.12.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dimedra, Мейл.ру жанылыктарына кирип комменттерди карап чыкчы толтура адамдар колдогонуна кубо болосун
11.12.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мырзакматов алга!!!!
11.12.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чиркин элим.БЕГИМдин комментарийи жакты:-)
11.12.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов алга!!!!
11.12.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melis myrza siz bizge en kerek adamsiz.
12.12.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
у нас один рот и два уха, значит мы должны больше слушать, чем говорить. Но пара глаз расположена выше ушей, поэтому мы должны видеть, а не верить слухам. Над всем этим есть мозг, поэтому мы обязаны сначала думать, прежде, чем, увидев отрывок и услышав слухи, ,,выливать' все через рот
12.12.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик талаша бербей. Бир адамды ойлогончо талаада жургон миндеген кыргыздарды ойлосонор кыргыз баатырлары
12.12.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирин кайын бирин тал! бирин кемпир бирин чал! бирин маймыл бирин мал! бирин .... бирин кал! деген соз бар экен! анан ТАТА улан деген ырчынын "ЧЫН Журоктон БААРы БИР" Мен Ош учун бардык нерсеге даярмын! Мэлис алга!
12.12.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым буйруса Мелис кыргыз республикасынын президенти,мен ишенем ошого!Мелисти колдойлу.
12.12.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muxammet созуно 100% кошулам.
12.12.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мелистин иштегенинде соз жок, бирок алайлык Ахматтын туугандарынан коркуп кеткенинен суйлоп жиберген го. баары мыйзам чегинде болуш керек, Иштейм деген адам бийликсиз да иштесе болот,Биздин чиновниктерге бир нерсе керек болгондо гана элди ойлошот.
Чыныгы патриоттор элди эч качан болбойт.
12.12.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ratmir, Потриот деген создун п сын тушунбогонундон кийин жазбай эле койчу сен. Бул жерде сен болуп жатасын элди Ахматтын алайлык туугандарынан коркуп деп.Митингде бир гана Алай эмес бутундой кыргызстандан делегация бар болчу.Алайдын элин жана атчандарын Чыйырчык ашуусунан эле милициялар откорбой койгон.
13.12.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ratmir,Кошулам созунузго.,эки жуздуу адам экенин корсотуп койду
12.12.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мелис шайланбаса пикет чыгат барибир эл которулот эл колдойт аны
23.12.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg90.2012, шаардын, элдин кызыкчылыгы учун мен деле пикетке чыкмакмын, Мелисти бийлик сындырам деген менен баары бир эл билет анын эмгегин, ал президент болгонго татыктуу
13.12.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча жылдан бери кыргыздан единственный бир Мелис чыкса,эми буга да асылып,жандары тынбайт экен да.Коз тийип кетти окшойт.Урматтуу Мелис мырза сизди суук коздон Кудай сактасын,куну-туну тилейбиз.
13.12.2013. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Мырзакматов элдин уулу, буюрса, Кудайым насип кылса Кыргызстанды алдыга жылдырат, гулдотуп, жашартат. Бул иши давно эле Ошто байкалган... . Согуштан кийин мышык ыйлай турган абалда болчу,,,азыр ошол "кандуу кундордун" изи да жок, жыты да жок. Бул ийгиликке мэрдин салымы абдан чон. Урматтуу М.Мырзакматов бутундой Кыргыз эли Иншаллах сиз мененбиз!
13.12.2013. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азамат мырзакматов эч бир саясатчы бийликте туруп мындай чындыкты айта алган эмес, ийгилик кайратындан жазба дайыма!
07.04.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматовдой эч ким жакшы иштей албайт менин оюмча согуштан кийин Ошту караб ичим эзилет эле азыркы убакта Ош гулдоб осуб кетти рахмат Мелис байкеге канчалаган жакшы кишилерди кетиришти эми бийлик кандай иш алыб барышат толук билбейм бирок кудайдын жазган буйругу болот бийликте отуруб иштин баарын бутургондордун да жазасын беришсин кудайым кыргыз элим бар болсун баардык элди жене алышпайт болуш керек!!!
07.04.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Virtual,
Эскертүү! Темадан алыстабай билдирүү жазыңыз!
02.06.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис сизге ийгилик
31.08.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов эми корунбой калдыго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо