АЯЛДЫ «КЫЗГА» АЙЛАНДЫРУУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР

№579 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж

Интимдик булчуңдарды чыңдоо ыкмалары байыркы кезде эле Кытай, Японияда белгилүү болгон. Бул тууралуу «Камасутрада» да айтылат. Заманбап жашоодо жыныс мүчөлөрүн машыктыруу жаатында көптөгөн ыкмалар бар. Мындай ыкмалар эмне үчүн керек? Ушул жаатта сөз кылабыз.

ЖЫНЫС КЫНЫНЫН КЕҢЕЙИШИ КАНДАЙ КӨЙГӨЙЛӨРГӨ АЛЫП КЕЛЕТ?
Аялдар төрөгөндөн кийин жыныс кынынын канчалык бир деңгээлде кеңейип калары баарына маалым. Ал эми аял улам-улам төрөсөчү? Аял жыныс кынынын кичирейип, ордуна келүүсүнө убагында кам көрбөсө, анда бара-бара бир топ көйгөйлөр жаралат. Мисалы, кийинчерээк жатындын ылдый түшүшү күтүлөт. Жатын ылдый түшсө, анда табарсыкты басып калып, аялда тез-тез заара кылуу, катуу күлгөндө же чүчкүргөндө заара ушатуу кездеше баштайт. Табарсыкта да өзгөрүүлөр жүрөт. Жыныстык органдар сезгенип, ооруга кабылат. Акырында кээ бир аялдар заара сасыбайын деп үйүнөн чыга албай калышат.
Ошол эле кезде жыныс кынынын кең болуп калышы интимдик жашоого да терс таасир тийгизет. Жан шериги төшөк катнашынан ырахат ала албай, аны башкалардан издей башташы мүмкүн. Жыныс кынынын кеңейиши – жыныстык мүчөлөрдүн булчуңдарынын бошоң тартып башташынан келип чыгат. Жыныстык булчуңдар менен көтөн чучуктун булчуңдары да туташ болгондуктан, булчуңдар бошосо, акырындап көтөн чучук да түшө баштаарын (геморрой) көпчүлүк биле бербейт.

МАСЕЛЕНИ КАНТИП ЧЕЧСЕ БОЛОТ?
Учурда пластикалык операция жасатып, жыныс кынын кичирейтип алууга болот. Ал эми жогоруда айтылган көйгөйлөрдүн алдын алып, үйдө отуруп жыныс кынын кичирейтип алууга болобу? Болот, бул жаатында вумбилдинг бар.
Вумбилдинг (имбилдинг, «Вагитон» системи) – жука чурайдагы булчуңдарды көнүгүүлөр, жумуртка формасындагы нефрит таштары, атайын шариктер, машыктыруучу аппараттар жана башкалар менен чыңоо. Бул жогоруда айтылган заара чыгаруучу каналдын жана жыныс мүчөлөрүнүн, көтөн чучуктун ооруларынын алдын алууга багытталган. Ошондой эле аялдын интимдик жашоосунун ойдогудай болуусун көздөйт. Машыккан аялдын жыныс кыны кичирейип, кыздыкындай болуп калат да, эркекке ырахат тартуулайт.
Кош бойлуу аялдар булчуңдарын чыңап алса, төрөт да жеңил өтөт. Андыктан төрөткө чейин жана төрөттөн соң сөзсүз машыгуу зарыл. Чыгыш колдонмолорунда жыныс мүчөнү чыңоону кыз кезден билүү жана көнүгүүлөрдү жасоо, ал эми калган ыкмаларды турмушка чыккандан баштап колдонуу керектиги айтылат.

КӨНҮГҮҮЛӨР
Алгач жыныс булчуңдары канчалык алсыз экендигин тактоо керек. Ал үчүн дааратканага барганда заараңызды токтотуп калууга аракеттениңиз. Эгер убагында токтото албай же аздап чыгып кетсе, анда булчуңдар абдан бош болуп калган.
Же болбосо колуңузду таза жууп, ортончу манжаңызды жыныс кыныңызга салып, эми булчуңдардын жардамы менен кысып көрүңүз. Кыса албасаңыз же бошоң кысылса, демек, көнүгүүлөрдү жасап, машыгуу зарыл.

1-көнүгүү
А) Жука чурайдын булчуңдарын кысып, 10 секунд кармап, кайра бошотуңуз. Буга 5 мүнөт убакыт бөлүнөт.
Б) Бат кысуу, бат бошотуу. Ар бирине 1 секунддан убакыт кетет. Бул көнүгүүлөргө 5 мүнөт сарптайсыз.
В) Адегенде 20 секунд кармап, кайра бат бошотуу. Анан 30 секунд кармап, кайра бат бошотуу. Машыгуу мөөнөтү 5 мүнөт.

2-көнүгүү
Буттарды эки жакка ачып, колду бөйрөккө алып туруу керек. Анан тизелерди эки жакка жиберип, акырындап болушунча ылдый отурууга аракет кылуу кажет. Ушул абалда 15 секунд кармалып, акырындап өйдө көтөрүлүү зарыл.
Муну бош убакыт болгондо эле 7-10 иреттен кайталай берүү туура.

3-көнүгүү
Адегенде булчуңдарды кичине кысып, 3-4 секунд кармаңыз. Эми орточо кысып, дагы 3-4 секунд кармаңыз. Кийинкисинде катуураак, андан кийин өтө катуу кысыңыз.
Эми булчуңдарды бошотууга кезек келди. Аз-аздан бошотуп отуруп, акырында эс аласыз да, анан кайрадан баштайсыз. Бул үчүн да 5 мүнөт бөлүү кажет.

Эскертүү! Биринчи жана үчүнчү көнүгүүнү күнүнө 3 маал кайталоо сунушталат. Жакшы жыйынтыкка жеттим деген мөөнөткө чейин талыкпай эмгектенүү кажет. Жакшы жагы – көнүгүүлөрдү телевизор көрүп отуруп же автобуста кетип баратып, тамак жасап жатып, аялдамада унаа күтүп турганда, кыскасы, ыңгайлуу учур болсо эле жасай берүүгө болот.

КӨНҮГҮҮЛӨР КОМПЛЕКСИ

1. Тегиз, түз жерге жатып, бир бутту көтөрүп, тизени бүгүү. Анан муну экинчи бутка кайталоо.
2. Буттарды өйдө көтөрүп, велосипед тепкендей кыймылдатуу.
3. Эки бутту көтөрүп, тизеден бүгүп, бир аз кармап, кайра түшүрүү.
4. Эки бутту өйдө көтөрүп, кайра түшүрүү.
5. Эки бутту жантайыңкы абалда өйдө сунуу, түшүрүү.
6. Эки бутту алмак-салмак өйдө көтөрүп, түшүрүү.
7. Тизени бүгүп, чыканакка таянып, жамбашты өйдө көтөрүү.
8. Түз жатып, жамбашты бирде оңго, бирде солго которуу.
9. Тизени бүгүп, бутту эки жакка ачып, кайра бириктирүү.
10. Чыканактап жатып, бутту түз сунуу. Анан чогуу өйдө көтөрүү, түшүрүү.

Эскертүү! Ар бир көнүгүү 6-8 иреттен кайталанат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(52)
10.12.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Курут салып коргуло таар эмес таппай каласынар (тамаша)
10.12.2013. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uyaty jok
10.12.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз деп эле суйлой берген болбойт да. Суйлоонун дагы оз адеби болот балдар.
10.12.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jakwy maalymat eken jasap korgulo
10.12.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мм кыз келиндер аракет кылып коргуло,текшергенде мага келесинер
10.12.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аялдар учун жакшы кенеш экен
11.12.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Теманы туура койсонор(super kg) мисалы:жыныс кынын кичирейтучу конугулор,деп
11.12.2013. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ээ даярдай бергиле жакшылап, чтобы мен итергенде нормальный болсун да. Кайф кармайын мен анан башкага кетип калып жүрбөйүн.
22.01.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
A_l_i_b_e_k, шылдындаганга кудай бат эле корсотуп коёт!!! сен да ошону жаса, а то бат тушуро берсен аялын башкага кетип калып журбосун!!!
11.12.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tanturaktap ele suiloi bergender toltura ei...
12.12.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nuk, Туура айтасыз.
11.12.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bul aial zatuna kenesh,erkekter ordunardu bilgile,,,
11.12.2013. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой кечирим кой мен сени эркек экен дебедимби. Терең урматым менен мен Алибек Кубанычбеков.
11.12.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалымат экен. Аялымды созсуз кылдырам
11.12.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun eken raxmat
11.12.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обруч ойносонор ал да аябай жакшы жардам берет. Сиздердин маалыматтарыныздарга да рахмат жасап коруш керек
11.12.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аяалыма айтайын окуп чыксын
12.12.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу бир туугандар ким кандай тарбия алганын жогорудагы комментарий аркылуу билип алсак болот
12.12.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен. Нефрит ташын же атайын шарикти кайдан сатып алса болот болду экен?
12.12.2013. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шууумдуукк
13.12.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нефрит ташын кадимки эле базарлардан тапса болот!Ошону дагы салса болот бекен?
15.12.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men limondu da salsa bolot dep koldongondordon ukkamm heee heee...
15.12.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Упражнения кегеля балдарга деле пайда ерексиясы кучсуз,же болбосо бат бутуп калган эркектер учун!
15.12.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunduz saga kohsulam en tuura prostatitke da poled....
15.12.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык экен
09.01.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdar dele jasasa bolot nege ayaldar ele??bashynan kuchtuu bolgon bulchun torogondo da jardam beret!
20.01.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну мен фитнес клубка кыз мезгилимде эле барып жасачумун,азыр да кез кезде жасап коем,убактым болгондо.
26.01.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сиздерге
09.02.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бойунда барларга болбойт го
21.10.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel.2345, биринчиден, сайт кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайбыз. Экинчиден, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз. Үчүнчүдөн, сайттын башка колдонуучусун кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 21.10.2014 09:47
27.10.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
27.10.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатын ылдый тушуп калган,ылдый тушуп калса да ушу конугуулорду жасап ордуна келтирсе болобу???????жооп кутом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо