ЖОГОРКУ КЕҢЕШ «КЫРГЫЗГАЗДЫ» САТУУГА МАКУЛДУК БЕРДИ

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

«Кумтөрдөн» кийин эле чоң талкууну жараткан «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатуу маселесине парламенттин 5-чакырылышынын депутаттары 11-декабрда чекит коюшту. Алар «Кыргызгаздын» «Газпромго» 1 долларга сатылышын колдоп беришти. Катталган 97 эл өкүлүнүн ичинен 19у, 5 фракция лидеринин арасынан бирөө гана каршы добуш берди. Эл аралык макулдашуунун ратификациясы депутат Өмүрбек Текебаев сунуш кылган пункт менен кабыл алынды. Башкача айтканда, «Кыргызгазды» сатып алган «Газпром» өлкөдөгү газ тармагына толук ээлик кыла албайт. Кыргызстанда газ куурларын тартып келүү менен башка өлкөлөрдөн да газ алуу укугу калды. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жыл. Бул мөөнөт аяктаганда Кыргызстан ишкананы өзүнө сатып алууга укуктуу.

«КЫРГЫЗГАЗ» КАРЫЗГА БАТКАН...
Былтыркы жылдын кышында бишкектиктер газ тартыштыгын өз жон териси менен сезип көрүшкөн. Суук күчөп турган маалда «өз элибизди жылуулук менен камсыздашыбыз керек» деген шылтоо менен коңшулар Өзбекстан жана Казакстан Кыргызстанга газ кранын бууп койгон болчу.
Кышында газсыз калуу коркунучу негизги аргумент болуп, өлкөдөгү газ боюнча монополист «Кыргызгазды» Орусиянын энергетикалык компаниясы жана газ тармагы боюнча дүйнөлүк лидер «Газпромго» сатуу иштери 2011-жылы эле башталган. Кыргызстандын аймагындагы жаратылыш газын реализациялоо, бөлүштүрүү, транспорттоо боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда Москвада Орусия Федерациясынын Энергетика министри Александр Новак менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кол койгон.
Макулдашууда каралган бардык милдеттерди аткаруу «Газпром» ААКсына жүктөлгөн. Ага чейин Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев бул документтин долбоорун жактырып, ага ылайык, «Улуттук «Кыргызгаз» газ операторунун бардык активдери, газ куурлары, газ бөлүштүрүүчү станциялары, жер астындагы сактоочу жайлары «Газпромго» 1 долларга сатылат» деп жазылган. Кыскасы, кыргыз газ чарбачылыгынын толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтүүсүнө Жогорку Кеңеш макулдук берди.
Коомчулукта «Кыргызгаз» «Газпромго» 1 долларга сатылды» деген жаңылык кескин сындарды жаратууда. Кыргыз бийлиги «Андай эмес, «Газпром» өлкөнүн газ-транспорттук тармагын модернизациялоого беш жыл ичинде 605 миллион долларга чукул акча каражатын салат. Мындан тышкары «Кыргызгаздын» 35 миллион доллардан ашуун карызын төлөө милдетин алды. Орусия тарап геологиялык чалгындоо иштерине 100 миллиондой доллар сарптоо убадасын берди» дейт.
Буга чейин орусиялык компания «Майлы-Суу-4» жана «Көк-Арт» газ кендерин иштетүү укугун алган болчу. «Кыргызгазды» сатуу боюнча макулдашуунун наркы 655 миллион долларды түзөрүн аталган ишкананын жетекчисинин биринчи орун басары Куралбек Наскеев билдирди. Анын айтымында, макулдашууда Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу да жазылган.

ДЕПУТАТТАР КАНДАЙЧА МАКУЛ БОЛУП КАЛЫШТЫ?
Бул макулдашуу башында Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларынын чоң сынына кабылган эле. Айрыкча кескин сынга алган «ата журтчу» Ахматбек Келдибеков болуп жаткан. Ал: «Кыргызгазды» 1 долларга мен да сатып алууга макулмун. «Газпром» эртең «Кыргызгазды» «Узтрансгаз» акционердик компаниясына сатып ийсе эмне кыласыңар? Ишкананы сатпай, аны реконструкциядан өткөрүү керек. Мурун газды өчүрүшкөндө деле эч ким өлүп калган эмес. Керек болсо, тезек жагабыз»,- деген. «Республика» фракциясы «Кыргызгазга» тиешелүү 40 гектардан ашуун жерди «Газпромго» өткөрүп берүүгө каршы чыккан. Аталган фракциянын лидери Назарали Арипов
1 долларга сатуу планы боюнча «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына доо кетирет» деп комментарий берген.
Ошентип, 27-ноябрда макулдашуунун парламенттеги биринчи окуусунда 65 депутат колдоо көрсөтсө, 15и каршы добуш берген. 20 күнгө жетпеген убакытта Назарали Арипов пикирин өзгөртүүгө жетишип, «Ата Журт» фракциясынын жаңы лидери Мыктыбек Абдылдаев каршы добуш берди.

 

«БААРЫН САТКЫЛА ДА, КЕТКИЛЕ!
Жогорку Кеңештин «Кыргызгазды» сатуу, сатпоо алкагындагы талкуусу талаш-тартыштар менен өттү. «Кыргызгаз» ААКсынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев «орусиялык «Газпромдун» «Кыргызгазды» бардык карыздары жана тамтыгы кеткен структурасын 
1 долларга сатып алып жатканына сүйүнүшүбүз керек»
деген пикирин жүз биринчи ирет кайталап айтып жатты. Вице-премьер Жоомарт Оторбаев эл өкүлдөрүнүн «ур-тепкисине» алынды. «Газ тармагын өнүктүрүүгө акчабыз барбы? Бизде менеджмент барбы? Тажрыйбабыз барбы? Чоң системди башкарууга бизде билим барбы?» деп суроо салды Оторбаев. Мындай суроого ачууланган Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ага карап: «Өкмөттүн өкүлү келип билимим жок деп отурганы эмне деген шумдук?! Билимиңиз жок болсо эмне отурасыз, кетиңиз?! Кантип иштеп жүрөсүңөр билимиңер жок болсо? Анда баарын саткыла да, кеткиле баарыңар»,- деди.
Депутаттар энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге бир катар сындарды айтышып: «Келечек муунга эмне калды? Сууну саттык, жер байлыктарынын баарын саттык, эми «Кыргызгазды» сатканы жатасыңар»,- дешти. Буга Артыкбаев: «Биз жер-сууну саткан жокпуз, салыштырып алганда, жыртылган көйнөк, шымыбызды берип жатабыз. Жыртылып бүткөн инфраструктурабызды берип жатабыз. Алар бүтөп беришет»,-   деди.
Ал эми Улукбек Кочкоров: «Орусия «кечирип койгула, бизде газдын өздүк баасы ушундай болуп жатат» деп баасын асмандатып жиберсе эч нерсе кыла албайбыз. Анткени бул жагдай келишимде жок. Газдын баасы 1000 м3 400 доллар болуп кетиши да мүмкүн. 25 жылдан кийин «Кыргызгазды» кайра сатып алсак болот деп жатасыңар. «Газпром» 5 миллиард доллар деп баа койсо, кантип сатып алабыз?»- деп суроо салды.
Эксперттердин пикирлери да ар түрдүү. Орусияда «Бизнес көз карашынан алып караганда, бул орусиялык тарап үчүн чыгашалуу. Саясий долбоордо Орусия Кыргызстандагы өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн дагы бир таасир көрсөтө алчу куралга ээ болууда. «Газпром» – кантсе да мамлекеттик компания. Дал ушул инвестициялар аркылуу постсоветтик өлкөлөрдө биз саясий таасирибизди жогорулата алабыз» деген пикир басымдуулук кылат. Бул – Кыргызстандын Орусияга көз карандылыгы күчөйт деген сөз.

Маалымат үчүн: «Кыргызгаз» ААКсынын 82 пайыздык акциясы мамлекетке карайт. Ишкананын балансында 3574 чакырым газ кууру бар. Кыргызстандагы 300 миңден ашуун газ керектөөчүлөрүнүн жылдык муктаждыгы орточо 1 миллиард м3ду түзөт.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
16.12.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекер кылышты да бекер...
16.12.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША кетсин!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
16.12.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25 жылдан кийин газ калабы?
17.12.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Россия будан саясат жасаса биз экономикабызды ондошубуз к/к,озунун газы Кыргызстанга росиия газ алып келип берип,баардык чириген турбаларды ондоп берем деп жатса эмнеси жаман,ошол Акматбек атасынын башына сатып алабы,сатып алып кайра кымбатка сатам деп жатса кер Кыргызгаздын чыныгы баасы 600 млн.болуп жатпайбы,и алар 25 жылдан кийин кайра берилет деп жатат Кыргыздарга,азыркы оппазиция популизим менен элдин башын айлантып оздору упай топтоо менен убура,буларда тупку Кыргыздын кызыкчылыгы жокко эс
17.12.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол койбоско чаралары да жок,Пирматовду сот алдына чакырганда жанталашып бердирбей коюушту,Кыргызгазды жеп бутушту,Мегакомду да тубуно жетейин деп атышат.Бул биздин жепжутаттар мите курттай эле болду го
18.12.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шермендее келечек муунга эмне деп жооп беребиз.тарыхты калат кыргыз газды 1 долларга саткан окмот менен парламент болгон деп уят.20 жылда ондой албаган газ тармагын 25 жылдан кийин сатып алалбайбыз
18.12.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sat sat sat sat baaryn sat sat
Модератор admin_media түзөттү 18.12.2013 17:37
19.12.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин коментим жокко а супер инфо
20.12.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tilek-x,
Саламатсызбы! Кайда жаздыңыз эле?
20.12.2013. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ахматбек аны куйгонунон айтты да эч качан сатылган нерсени мамлекетибиз кайтара албайт. Ашага окшогондор сатып жок кылат кудай буйруса деп алып
20.12.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlan_alai,Ахматбек Кыргызгаз карызга батып бели кайышып мункуроп турган кезинде эмне учун ушундай кооз создорун айткан эмес дейм да оозуна суу урттап алгансып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо