САРУУДА «ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Аптаптуу май айында башталган Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы митинг кыш мезгилинде өздөрүнө «өзгөчө кырдаал» жарыялоо менен уланууда. Анын себебин айыл тургундары «УКМК менен милиция кызматкерлери айыл тургундарын четинен кармап кетип жаткандыктарынан улам алардын аракеттерине каршылык иретинде жана айылдыктарды ар кандай провокациялардан сактоо максатында жасалган кадам» деп түшүндүрүшүүдө. Маалыматка ылайык, 9-декабрда 4 айыл тургунун укук коргоо органдары кармап кеткенден кийин айыл эли ушундай чечимге келишкен. «Өзгөчө кырдаал» саат 22:00-7:00 чейин болуп жатат. Бул убакта жергиликтүү тургундарга көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Сырттан келген чоочун автоунааларды айылдыктардан түзүлгөн элдик кошуун мүчөлөрү текшеришет. Маалыматка караганда, декабрдын башында башталган бул көрүнүш 23-декабрга чейин созулат.
Ал эми саруулуктардын бул кадамын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз деп эсептөөдө.
Кошумчалай кетсек, Конституция боюнча, өлкөгө өзгөчө кырдаалды президент гана жарыялайт.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
16.12.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ппезидент иштей албасачы?
17.12.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
иштей албаса кууп салыш керекго?
17.12.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамга каршы келген иштерди уюштуруп жонокой элди козутуп жаткандарды аябаныз., Урматтуу Президент биз сизди колдойбуз!!!
19.12.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айылдын маселесин чече албаган президент кантип мамлекеттин келечегин ондой алат дейсинер туугандар уят эле биздин АШАга!
19.12.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
улам эле силерге май токоч бар бекен, президентти кууп,анан мародерство кылып, ал учурда бардак жашоолор, ушуга коно тушкон экенсинер, законду кучотсо да жакпайт, демократия десе да жакпайт, вам не угодишь
18.01.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге негизи эле президент жакпайт президентин баарын эле жаман дей беребиз биздин президентке убакыт бериш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо