Мурат Мамбетов:«УУЛУМ НУРЛАН «ЭЛЕС» ТОБУНДА ЫРДАГАН»

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

«Композ», «Жаздык» деген ат Мурат деген ысымдан да элге жакын. Эмнеликтен? Анткени берилген образды жеткире, элдин эсинде түбөлүк калгыдай аткаргандыгында. Бүгүн биздин каарман Жаздык байкебиз ар түрдүү боёк менен тартылган жашоосундагы сүртүмдөр менен бөлүшмөкчү.

Режиссёрлук кылган тасмалары: «Аян», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Кууш жолдо», «Кара жолтой», «Тор», «Күлкүлятор»
Тартылган тасмалары: «Ак куулар конгон айдың көл, «Аян», «Бөрү зындан», «Талаада атылган ок», «Запкы», «Куугунтуктоо»

– Мурат байке, 4-кабатка чыккыча күйүгүп калдыңыз, чылым көп чеккениңиз байкалып турат...
– Туура байкадың, мен чылым чекпейм, жейм. Күнүнө 3 куту жок кылам. Өзгөчө съёмка учурунда тамекисиз тура албайм. 18 жашымдан тарта колума тамеки кармадым. Ошондо тажрыйбам 40 жыл.

– Айрымдар өспүрүм кезден эле бул нерсе менен достошушат эмеспи, сизди ата-энеңиз катуу көзөмөлдөчү окшойт...
– Биздин үйдө тартип аябай катуу болчу. Атамдын сабаганын эстей албайм, бирок көз-карашынан эле катарга тизилип калчубуз. Атам атактуу Мамбет Мамакеев менен бирге окуган кыйын дарыгер эле. Көзү тирүү болсо 87ге чыкмак. Апам тазалыкты жакшы көрчү. Ал кишинин өтүп кеткенине да он жылдай болуп калды. Кесиби мугалим эле.
Чынында, окууга көңүлүм жок болчу, ойноп эле отурчумун. Бирок майрамдык кече, дубал газета менсиз өтчү да, жасалчу да эмес.
Алматыга актёрлукка окууга өткөндө 1-семестрди жалаң бешке тапшырдым. Мектепке барсам мугалимдер «ии, Мамбетов, кай жакта иштеп жатасың?» дешти, «окуп жатам, мына, жалаң беш» деп зачёттук китепчемди көрсөтсөм «дагы актёр болуп жатасың» деп араң ишенишкен.

– Азыркы белгилүү кыргыз актёрлору менен чогуу окудуңузбу?
– Алматыда мени менен кыргыздардан эч ким окуган жок. Мектепте окуп жүргөндө «Ак куулар конгон айдың көл» тасмасына тартылып, Сабира Күмүшалиева чоң энемдин ролун ойногон. Ошондон кийин экөөбүз жашоодо да чоң эне, небередей жакшы мамиледе болуп калганбыз. Алматыга окууга барарымды уккан Сабира апа «актриса Гүлшара Дулатованын эң жакын курбусу сен барчу окуу жайда кафедра башчы» деди. Үйүнө барсам, эже эки кагазга бир нерсе чиймелеп туруп «Рабига Каныбаевага (курбусу) бересиң» деди. Сабира апа «Алматыга кетерде мага сөзсүз жолугуп кет» деген эле. Эртең менен саат жетиде үйүнө бардым. Сабира апа жолдошу Муратбек Рыскуловду ойготуп чыгып «Муке, батаңды бер, мен айткан ушул жигит» деди. Ал киши көздөрүн ушалап «жакшы окуп, адам бол» деп бата берип узатты.
Ата-энем менен Алматыга барып, Рабига эженин үйүн таап, баягы кагазды бердим. Катты окуп «сен кимиси болосуң?» дегенде «иниси» деп койсом, тиги тууганын сурайт, муну сурайт, мен «баары жакшы» деп коём. «Күндө эртең менен саат жетиде келесиң да, бул ырды, тамсилди, монологду жатка айтасың» деп кетирип жиберди. Эртең менен келем, ал халатчан отуруп алып жаттап келгендеримди угат. Ошентип бир жума даярдандык. Экзаменде бакыйган атактуулар алдында Каныбаева баягы мен жаттаган нерселерди айтып бер деди. Мен заңкылдап айтып бердим, ошентип өтүп кеткем. Ал жакты бүтүп келип, дароо Кыргыз драма театрына жумушка кирдим.

– Качан «Туңгуч» театрына кеттиңиз?
– Театрда иштеп жүргөндө эле санаалаш 10-15 адам чогулуп өзүбүзчө «Туңгуч» театры деген ат менен 3-4 спектакль коюп жибердик. Театрдын жетекчилиги бул ишибизди жактырган жок. «Туңгучту» жапкыла же кеткиле» деп маселени кабыргасынан койду. Анын үстүнө көрөрмандар дагы «бүгүн «Туңгучтун» спектаклиби?» деп көп сурай башташты.
Ошентип, Кыргыз драма театрында 13 жыл иштеген соң Жамал эже, Асылбек, Жаркын эже, Каныбек, Эгемберди сыяктуу бир топ актёрлор бөлүнүп чыктык. Арабыздан кайра Кыргыз драмга кеткендер да болду. Биринчи бизге колун сунган театр ишмерлеринин төрагасы Чолпонбек Базарбаев болду. Ал бизге зал берип, «репетиция кылгыла» деди. Опера-балет театрынын директору Амангелди Исаев «тандап алгыла» деп костюмдарды берди. Спектаклдер менен Кыргызстандын аймагындагы клубдарды кыдырчубуз. Гастролдоп жүрүп бутубузга туруп алдык.

– Актёрлук кесиптин ысык-суугуна туруштук берүү оңойго турбаса керек...
– 1990-жылдардын башында аябай кыйналдык. Спектакль коюп гастролдойлу десек Союз тарап, эл өз алапайын таппай калды. Кечинде үйгө кетейин десем чөнтөктө 5 сом бар. Маршруткага түшүп кетсем тамекисиз калам. Тамекини тандап жөө кеткен күндөрүм өтө көп болгон. Ушундай кыйынчылыкта дагы башка кесипке өтүп кетпей туруштук бердик. Өзүбүз жарнама чаптайбыз, жүк ташыйбыз, бетибизди гримдейбиз. Эсимде, бир жолу белгилүү эле актёр афиша чаптап жатсам ак костюм кийип өтүп баратып «шордуу десе, көргөн күнүң ушулбу?!» деп шылдыңдады. «Айлыгың канча?» десем «5000 сом» дейт, «меники 20 000 сом» десем унчукпай басып кетти.

– Учурда кайсы жерде иштеп жатасыз?
– Учурда «Кыргызфильм» студиясында эмгектенип жатам. Жаңы эле Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата документалдык тасма тартып бүттүм.

– Эми маек багытын жеке турмушуңузга буралы, канча жашыңызда үй-бүлөлүү болдуңуз?
– 19 жашымда Алматыдан казак кызына үйлөнгөм. Бул никемден эки балам бар. Улуу балам Нурлан «Элес» тобунда ырдаган. Азыр деле ыр жазып, аранжировка кылат. Экинчим Мээрим медицина илимдеринин кандидаты, азыр жаш баласы менен үйдө. Турмушта ар кандай болот экен. 1-никем менен түбөлүк боло албадым. Венера экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 13 жыл болду, ортодо Нурдан деген уулубуз бар. Нурлан, Мээрим менен күнүгө жок дегенде бир жолу телефон аркылуу сүйлөшөм. Ажырашып кеткенден кийин сөзсүз душман болуш керек эмес. Кээде 1-аялымда маселе болуп калса, жардамымды аябайм. Нурландын 2 баласы бар. Ошентип, азыр 3 неберенин чоң атасымын.

«Улуу балам Нурлан менен кичүүсү Нурдан».

«Венера менен жашаганыма 13 жыл болду».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"30 жылдан бери "Композ" деген атым унутулбай келет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
SUPER.KG видео
22.12.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Супер инфо"Ушул байкенин номерин жибере аласыздарбы мумкун болсо?
SUPER.KG видео
22.12.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
агайдын маеги аябай ойлондуруп койду,сизге,уй-булонузго ден-соолук,ийгилик каалайм.орусча айтканда"без комментарии",чынында соз таба алган жокмун.
SUPER.KG видео
23.12.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супперрррррррррррррррррррррррррр
SUPER.KG видео
23.12.2013. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спектакилдерди калтырбай короор элем Кыргызстанда кезде
23.12.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо Гулнур сатылганованын куйоот баласы болур калат экен да
23.12.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеринизге ийгилик!
SUPER.KG видео
23.12.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгыныз оркундой берсин Мурат байке.
23.12.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан деген баласы казак элинде абдан популярдуу ырчылардын бири!
23.12.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалан мыкты кинолорго режисерлук кылган экен азамат!
SUPER.KG видео
23.12.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтат Мурат байкебиз.Чыныгы кыргыз болсок (динибиз,тилибиз жана журогубуз) анда жашоо таптакыр башкача болмок.Сизге ийгилик! Мурат байке
23.12.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сыйлаган актерлордун бири,чыныгы талант
23.12.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын мыкты актеру.талантынызга таазим.
23.12.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурат байке сизге ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
23.12.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун мейек болуптур,ушундай адамдар менен коп коп майектешсен,чыныгы актер....
23.12.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ийгилик
23.12.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз,суйлогон создору ордунда,мактанбайт башкалардай бар болунуз
23.12.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мамбет агай !!!!!Азаматсыз!!!! Суйлогон эмоцияныздан билинип турат,кыргыз киносуна канчалык куйгонунуз.
23.05.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alibai, здраааасти, сам мамбет,вникай правильно,его зовут то Мурат,знаменитый актер, режиссер,может ты вообще не на ту страничку попал
SUPER.KG видео
24.12.2013. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tata Ulan ekoo okwow suylowot eken, kiyaldary okwop ketet eken)
24.12.2013. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантынызга таазим этем
24.12.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым кыргыз киносун алга суйроп, элдин эмгегинде журо бериниз! Ийгилик ишинизге!
SUPER.KG видео
24.12.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур
24.12.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар дайым бар болунуз.
24.12.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз киносунун эл суйгон актеру болуп журо бериниз.Бору зындан киносундагы Кампоз биз бала кезде популярдуу болчу.
25.12.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы, ийгилик бар болунуз!
SUPER.KG видео
25.12.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын эски актер, ырчыларын эстеп отуруп, ушул Мурат байкени да кайда журот болду экен деп ойлоп койдум эле, бир куну.Бишкектен коруп калсам атайы токтотуп алып кепке салмакмын...себеби, мындай инсандардын ыры менен, кинолору менен чогуу осконбуз, тилеке каршы азайып баратышат, аманчылык тилейли аларга.Урматтуу супер инфо Мурат Мамбетов менен маегиниздерге чон рахмат.Байкенин оздук сайты же эл.дарегин билбединиздерби.Алыскы жерден кат алышып, сурашып турсамбы дедим эле...
SUPER.KG видео
26.12.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда кино жаатына аябай кызыгам бирок менин билимин болбогондон кийин кино жаратыш кыйын. Кино тартканга аябай кызыгам
26.12.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул агайдын жашы канчада?Ким билсе айтып койосунарбы?
29.12.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, он сегизге чыкканда тамеки чеге баштагам, ошондо кырк жылдык тажрыйбам бар деп атат. Он сегизге кырк жылды кошсон.
27.12.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурдан ооруп калды деп айтканы бар эле,ахыбалы кандай экен азыр?
27.12.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ден-соолук, ишинизге ийгилик каалайм бар болунуз!
28.12.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы да ийгилик жарата бериниз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо