КУУРЧАКТАРГА ЖАН КИРГИЗГЕНДЕР

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

Кудум адамдар сыяктуу сүйлөгөн, кыймылдаган куурчактар, зал толгон наристелердин күлкүсү жана кызыгуусу... Мындай көрүнүшкө сиз бир гана Куурчак театрынан күбө боло аласыз. Куурчак театры – балдар үчүн өзгөчө, таң каларлык, шаңдуу жана бактылуу дүйнө.

«КУУРЧАК МЕНЕН ИШТӨӨНҮ ҮЙРӨТКӨН АТАЙЫН ОКУУ ЖАЙ ЖОК»
«Биз кичинекей куракта Куурчак театрына байма-бай барчу элек» деп калышат улуу муундагылар. Ал эми азыр жаш балдардын көпчүлүгү куурчактарга караганда компьютерге кызыгып калышканы турмуш чындыгы. Ошол себептен Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына баш багып, анын бүгүнкү күндөгү абалы менен жакындан тааныштык. Театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси ЭЛЕОНОРА ТУРДУБЕКОВА театрдын жетишкендиктерине жана көйгөйлөрүнө токтоло кетти.
– Кыргыз мамлекеттик куурчак театры түзүлгөн 74 жыл аралыгында ар кыл авторлордун 400гө жакын чыгармаларын сахнага коюшту.
Бүгүнкү күндө театрда 60тан ашык киши эмгектенет. Кыргыз, орус бөлүмдөрүндө 2 чыгармачыл топ бар. Ал жактарда 30 артист иштөөдө. Тилекке каршы, театрдын артисттеринин көбү өздөрүнүн тубаса талантына таянып образ жаратышууда. Себеби бизде куурчак менен иштөөнү үйрөткөн атайын окуу жай жок. Саналуу гана артисттердин атайын билими бар. Алар Алматыдан, Ташкенттен окуп келишкен. Жаңыдан иштеп баштаган таланттуу жигиттер менен кыздарга актёрдук чеберчилик, куурчакты сахнада алып жүрүү манераларын Ж.Эркимбаев, И.Савинкова сыяктуу тажрыйбалуу артисттерибиз үйрөтүшөт.
Куурчак театрынын актёрлору – өз кесибине өтө берилген чыгармачыл инсандар. Алардын айлык акынын аздыгына карабай иштеп жатышканы көңүл кубантат. Иш тажрыйбасына карата 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин маяна алышат. Жумасына чыгармачыл топ 6 күн, жетекчилик 5 күн иштейбиз.
Театрда жума сайын жекшемби күнү саат 11де орус тилинде, 12де кыргыз тилинде спектакль жүрөт. Калган күндөрү мектептерде, бала бакчаларда коюлат. Билеттин баасы мектеп, бала бакчаларда 30 сом, ал эми театрда 50 сом. Биздин театрдын залында көрүүчүлөр үчүн 270 орун бар. Орусча спектаклге эл аябай жакшы келет, ал эми кыргызчага азыраак, 70-80 киши келет. Гастролго көбүнчө Чүй өрөөнүнө чыгабыз. Ал эми 2 жыл мурун Талас, Нарын облустарына, бир ай мурун Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларына барып, мектептерге, бала бакчаларга спектакль коюп келгенбиз.
Ачыгын айтыш керек, өкмөт качан акча берет деп оозду ачып күтүп отурбай, ушул гастролдордон түшкөн каражаттар менен театрдын көйгөйлөрүн чечип алабыз. Канча жылдардан бери Маданият министрлигинен унаа сурап жүрдүк. Былтыр Чүй өрөөнүнө болгон гастролдон түшкөн каражатка театрга 7 орундуу унаа сатып алдык. Куурчактарды даярдоо, алардын кийимдерин тигүү – өзүнчө оор искусство. Алар өзүбүздүн цехте тигилет. Бир куурчакты тигүүгө 1 же 2 ай убакыт коройт. Ал эми керектүү буюмдарды гастролдон түшкөн акчага алабыз.

КУУРЧАК КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Алгач театрдын көркөм кеңеши кайсы спектаклди коёрун аныкташат, анан тиешелүү кызматкерлер куурчак жасоого киришет. Куурчак «төрөлүү» үчүн көп эмгек талап кылынат. Куурчактын жасалышы тууралуу сүрөтчү АЗАТ ИДИРИСОВ буларды айтып берди:
1. Сүрөтчү куурчактын сүрөтүн тартат.
2. Андан соң калыбын даярдашат. Кээ бир куурчактар жумшак поролондон жасалгандыктан, калыпка куюлбайт.
3. Калыпка пластилин куюлуп, куурчактын формасы пайда болот.
4. Качан гана тулку бою даяр болгондо ичи-тышына клей менен кагаз чаптап, катырышат (жайында 1 күндө, кышында 1 жумага чукул аралыкта катыйт).
5. Куурчактын кийими же тулку бою кездемеден тигилет.
6. Сүрөтчүлөр куурчактын көзү, оозу жана башка ушул сыяктуу майда-барат жерлерин боёп же ар кандай жылтырак-жултурак нерселерди өз фантазиясына жараша колдонуп тышкы көрүнүшүн кооздошот.
7. Айрым куурчактарды кыймыл-аракетке келтирүү үчүн механиктер иштеп, анын ичине кыймылга келтирүүчү шаймандарды орнотушат. Актёрлор ал шаймандарды колу же жип аркылуу тартып, куурчакка «жан» киргизишет.

Куурчактар жаңы «төрөлүшүүдө»

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


Куурчак театрына эмнеге чоң адамдар келбейт?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
SUPER.KG видео
13.12.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СОНУН аткарышат экен! куурчактары жакты мага
23.12.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиниздерге ийгилик,озунуздорго кудайым кубат берсин жаш наристелерибиздин кулкусуно шан кошуп журо бериниздер.Сиздердей оз ишин суйгон жана балдар учун жасаган аракеттеринизге ыраазычылык билдирем энелердин атынан!!!
SUPER.KG видео
23.12.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куурчак театры мамлекеттин казынасынан эч нерсе албай оз алдынча онугуунун жолуна тушкону кубандырат , бирок мамлекет созсуз конул бурушу керек. Ал эми бизде болсо мамлекет бекер жардам корсотууну унутуп калышкан ондуу, бирок деген оз чонтогун унутпагандар толтура да! Алардын арасында мамлекет учун жанын берип эмгектенгендер бар, алар аздык кылгандыктан таасир эте албай келе жатат. Азаматтар десе! ото жакшы аткарыпсынар!
SUPER.KG видео
23.12.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
балдарынарды кобуроок куурчак театрга алып баргыла балдар кандай бактылуу болуп кайтышат ал жерден
SUPER.KG видео
23.12.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бугун биринчи жолу качандыр бир жылдары мектепте окуп жургондо, кукланы колума кийип ачык саатта спектакл коргозгонубуз эсиме тушту. ал кезде 2-класста окуйт элем. Кичинекей парталарды бири-биринин устуно коюп алып, алды жагын материалдар менен тосуп, усту жагынан куклалардын тулку боюн чыгарып ойноткон элем. Ал кезде мени Бубусара деген эжекейим даярдаган эле.
SUPER.KG видео
24.12.2013. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul jerde iwtegen eje agaylarga choon yraazychylyk, bar bolunuzdar(
SUPER.KG видео
25.12.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куурчак театрына эмнеге чоң адамдар келбейт? деген туурабы? же улуу адамдар деген туурабы?..
26.12.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул театрга ишке кирсем болобу? Мага жаш балдардын образын аткарган жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо