Алмазбек Атамбаев, КРнын Президенти:«БАЖЫ СОЮЗУНА БИЗДИН ТАЛАПТАР АТКАРЫЛГАН ШАРТТА ГАНА КИРЕБИЗ»

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

Алмазбек Атамбаев 16-декабрь күнү мамлекеттик резиденцияда 2013-жылдын жыйынтыгы жана президенттигинин эки жылдыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Ал сөзүн «бүгүн президент болуп иштеп жатканыма эки жыл эки ай жана эки күн болду» деп баштады. Эки жарым сааттай созулган жыйында мамлекет башчы журналисттердин 60тай соболуна жооп узатты. «Суроо-жооп» форматында өткөн иш-чаранын урунттуу учурларына токтолдук.

– Өлкөдөгү, айрыкча Саруу айылындагы кырдаал «Кыргызстанда тартип болбойт» деген негизди жаратууда. Укук коргоо органдары качан бизди коргоп баштайт?
– Саруудагы кырдаалга ким таасир кылып жатканын билесиздер. Биздин жаңы акыйкатчынын башкы иши Саруу менен Ахматбек Келдибековду коргоо деп түшүнүп жатам. Бизди ал жакта кандайдыр бир күч көрсөтүү менен тазалоо иштерин жүргүзөт деп күтүшпөсүн. Ал жакта тартип орнойт, эгерде өлкөдө тартип жок деп ойлогондор болсо, бардык адамдар жоопкерчиликке тартыларын түшүнүп турушат дегим келет.

– Бишкектин мэри кандай адам болуш керек?
– Мэр шаар үчүн күйүшү зарыл. Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз, аны керек болсо «малышка Би» деп аташат. Борборубуз эң мыкты мамилеге татыктуу. Бир гана мэр тарабынан эмес, өкмөт жактан дагы. Бишкекке күкүмдөр гана калып, башка шаарлардын акчага көмүлүп жатканы туура эмес. Ал жакта акчаны эмнеге жумшашарын билишпей, эстелик куруп башташты. Бишкек шаарынын башчылыгына ким келбесин, мен ага жардам берем.

– ЖКнын айрым депутаттары премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен вице-премьер Тайырбек Сарпашевге байланыштуу финансылык мыйзам бузуу фактылары бар экенин айтышууда. Эгер күнөөлөрү далилденсе, коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында аларга колуңуз жетеби?
– Айтылып жаткан далилдер чын болуп чыкса, албетте, жоопкерчиликке ар бири тартылат. Муну Жантөрө Жолдошевич да билет, ага «мындайга даяр болгула» деп айткам.
Мен президент болуп турганда президент же анын үй-бүлөсү уурдаган көрүнүш болбойт.

– Коррупция менен күрөш тандалма жүрүүдө деп жатышат. Оппозиция муну саясий куугунтук катары сыпаттоодо. Ушуга карата кандай пикирдесиз?
«Бир партиядан көп камалып жатат, бир партиядан аз камалып жатат» деп айтышууда. КСДПнын тизмесин өзүм карагам, ал убакта партиянын төрагасы мен болгом. Албетте, мен жакшыраак карагам да. Тосмолордон ашып түшкөндөр болбосун деп. Ошондо да Мамат Орозбаевди (ред. Жогорку Кеңештин депутаты) өткөзүп жибериптирмин. Тизмени түзөрдө партия лидерлери акча бергендин баарын ала бербей, жакшылап караса, алардан да жоопко тартылгандары аз болмок. 
«Эмне үчүн прокуратура Ахматбек Келдибековду камап салды, ал эми Иса Өмүркулов сейил бактан бир канча гектар жерди берип коюптур, аны камаган жок, дагы деле текшерип жатат» дешүүдө. Апрель окуясын эстесек, бир эле гектар эмес, сейил бактын зонасы бүтүндөй басылып алынган болчу. Басып алгандар пайдубалдын ташына чейин ташып келип алышкан. Ошонун баарын шаардык милиция жетекчиси болуп турган Туратбек Мадылбеков эмес, Иса Өмүркулов айдап чыккан. Эгерде КСДПдан бирөө кармалса, жоопкерчиликке тартылсын, камалсын. Бирок «бул партиядан камалып, тиги партиядан камалбай жатат» дегенди ойлонуп көрүш керек да. Бир партияда мурунку уурулар, бакиевчилер, бир партияда жыйырма жыл оппозицияда жүргөндөр...
Мен таяна ала турган жалгыз партия – КСДП. Анан да КСДПны бийликтин партиясы дебей, ачык эле президенттик партия деп атагыла. Эгерде парламентте анын 25 эмес, 60 орду болгондо, кырдаал таптакыр башкача болмок жана тартип мындан да эртерээк, тезирээк орнотулмак. 

– Жакында эле Бажы биримдиги тарабынан кабыл алынган жол картасы Кыргызстан менен макулдашылбагандыгы белгилүү болду. Мунун айынан толкундоолор болушу мүмкүн деген чочулоолор жокпу?
– Басынтуу менен Кыргызстанга зыян келтирүү болот дегенди элестете албайм, мындай иш бирөөнүн да колунан келбейт. Бажы союзуна биздин талаптар аткарылган, улуттук кызыкчылыктарыбыз корголгон шартта гана киребиз.  

– «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр эмне менен бүтөт?
– Парламент популизмден алыс болуп, жакшылап ойлонсо, бир чечимге келе алат. Башкаруудагы үлүштөрүбүз 50х50 болгон шартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, финансы боюнча кыргыз тараптын үлүшү 70 пайызга таяп калат. 67 пайыз болуш керек деген токтомдун демилгечилери кызуулукка алдыртып койгонун түшүнүп жатышат. Макулдашуудан бир тараптуу чыгып кетүү аркылуу соттук териштирүүлөрдү баштоо – биздин үлүштөрүбүз мурункудай 33 пайыз менен калуу дегендик. Эгерде улутташтыруу жолу менен кетсек, юристтер билишет, «доону камсыздап берүү эсеби» деген түшүнүк бар. «Кумтөрдүн» бүт кирешеси арестке алынып, балким, миллиондорду чапчый турган доону биз 10 жылдан кийин гана төлөп бүтүшүбүз мүмкүн. Ошондуктан фракция лидерлери менен жолугушууларды улантам.   

– Ахматбек Келдибековдун тарапташтары согушка даярбыз дешип, керек болсо бөлүнөбүз деп чыгышты. Өлкөнү экиге бөлөм дегендердин артында кандай күчтөр турат?
– Мындай үгүтчүлөр кезинде адамдарды ээрчитип чыга алышчу. Азыр мындай чакырыктар менен алар тарапкерлерин таппай калышты, эл акча үчүн чыкпай калды. Карапайым калктын азыркы максаты – Кыргызстандын бүтүндүгүн сактоо. Эпосто да «урууну эмес, улутту ойло» деп айтылат.

– Өкмөттүн ишине азыр көп сындар бар. Сиз анын ишине кандай баа бересиз?
– Өкмөттүн үч партиядан турган коалициялык экенин унутпоо керек. Президенттик өлкөдө жашаганыбызда, министр катары башка адамдарды көргүм келмек. Баары бир азыркы министрлер кабинетин жакшы иштеп жатат деп эсептейм.

– Буга чейин ар кандай иштер үчүн кредиттер алынып, бирок анын жыйынтыгы болбой, акчанын дайыны жок кеткен учурлар өткөн. Бүгүн ал карыздарды төлөө бюджеттин кайсы бир бөлүгүн түзөт. Сиздин тушуңузда Кытайдын кредиттери менен Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо, Түндүк-түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорлору ишке ашканы турат. Ушул акчанын натыйжалуу жана өз дарегине колдонулушуна кандай аракеттер көрүлөт? (ред. суроо «Супер-Инфо» гезити тарабынан берилди)
– Бир топ кредиттер алынган, азыр да алынууда. «Кредит албаш керек» деген сөздөрдү да угуп жатам. Айрыкча мурунку кредиттерди алсак, алардын изи калган эмес. Мисалы, Австралиядан кезинде 16 миллион долларга кочкорлор алынып келинген. Бүгүн кочкорлор жок, бирок карыз калган.
Азыр биз алып жаткан, Түндүк-түштүк жолу калат да. Ачылышына үлгүрбөй калсам да, жакынкы төрт жылдын ичинде анын бир топ жери бүтүп калат. Ошол Бишкектеги Жылуулук борбору боюнча бир топ ушак жана кыйкырыктар орун алды. Өзүм элчилик аркылуу Кытай өкмөтүнүн катын алдым. Анда «ушул фирмага кепилдик беребиз, ишти жакшы жасап берет» деп жазылган. Анын үстүнө биз алып жаткан кредиттердин мөөнөтү узак, 30, 40 жылдык. Үстөк пайызы да арзан.
Азыр алган насыялардын изи калат: жол, ГЭС, Жылуулук электр борбору. Эки жыл иштеген убакытта 600 миллион долларга жакын кредит кечилди.
Кээ бир мамлекеттер, ошол эле Украина жетиштүү кредит ала албай жатат. Жакында эле биз Европа союзунан 30 миллион долларды албай койдук. «Кереги жок» дедик. Кудайга шүгүр, Кыргызстанга ишеним бар, арзан кредит берилип жатат. Бирок алганда да, сиз айткандай, ойлонушубуз кажет, ал накта керектүү, күйүп жаткан ишке жумшалышы керек.

Мамлекет башчы өлкөгө акыркы эки жылдын ичинде алынып келинген инвестициянын көлөмүн
5 миллиард доллар деп атады. Алар: Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын тургузуу боюнча иштер, альтернативдүү Түндүк-түштүк жолун куруу, Кытайга Кыргызстан аркылуу газ куурун төшөө, Бишкектеги Жылуулук борборун реконструкциялоо, «Датка-Кемин» электр өткөрүү линиясын орнотуу, армияны кайрадан куралдандыруу жана «Газпром» ААКсынын инвестициясы. 
 

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(49)
23.12.2013. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушунун айткандарын окуп угуп нерв болосун да ар дайым. Ушул эле айткандарды оппозициянын алдында айта алат экенби? Оппозицияга жологондон корксо керек, былтыр туз эфирге чакырса келбей коюшту го качып "биз туз эфир эмес мындай эле чечебиз" озу барбай министрлерди жиберип койду.
23.12.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
turatbek-92, бизде оппозиция барбы)). Кайсы оппозиция? Итке теңелип адамдар капмак беле? Андыктан туруктуу оппозиция жок болгон соң ким менен сүйлөшүүгө барат бийлик. Оппозиция деп мына бийликтегилерди айт 20 жыл бою 2 үй-бүлөлүк режимге өлүмдөн коркпой каршы күрөш жүргүзүштү.
23.12.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aigul85, ЖК КРда оттурган 1 млнон ашуун шайлоочусу бар Ата Журт фракциясы сага оппозиция эмес ким? Маалымыт тактап анан суйло да калп эле бир нерселерди айта бербей.
24.12.2013. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
turatbek-92, 1 миллиондон ашуун дегениң канатсыз өрдөктөр болуп кетти. ЖКдагы 5 партия биригип жалпы 2 миллион шайлоочунун 48 пайызынын гана добушун алышкан.
24.12.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тактап айтканда ошончо шайлоочунун 48 пайызы гана шайлоого келген.
24.12.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigul85, БШК берген калп маалымытты чын деп жатасынбы, ишене берчи анан коробуз сассып чирип чыгат жон эле калбайт. Чындык бар баары бир чыгат, бул дуйнодо эмес болсо наркы дуйнода АЛЛАнын астына жооп берет.
23.12.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aigul85, Корупцияны жок кылым жейт ушул Атамбаев жок кылса мен тилими кесип берем ушул айтканым учун.
24.12.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
turatbek-92, коррупцияны түп тамырынан бери эч ким кырка алган эмес. Бирок учурда пара бергендердин саны кыйла азайды. Мына Бишкек шаарындагы 32 бала-бакча мамлекетке кайтарылды. Паракорчулук боюнча Нариман 11 жылга, Ата-Мекендиндин депутатынын баласы 9 жылга, дагы бир ата-мекенчи Равшан 5 жылга кесилди. Бул жыйынтык эмеспи? Мындан сырткары майдаларынын саны 1000ге чукулдап калды.
24.12.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigul85, Анан эмнеге СДПК Иса Омуркуловду жон коюшту Батукаевди килем салып учуруп жиберишти бул не деген. Атамбаев сенин балдарын эмес сенин небере чеберелерине чейин азыр карызды илип койду ошону бир билип койю
25.12.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
turatbek-92, Иса Өмүркуловдун иши азыр тергөөдө. Андыктан аны камалат же камалбайт деп айтууга эрте. Бирок бул киши 7-апрелден кийин бир дагы жер басып алууга жол берген эмес. Бишкектин тегерегиндеги канча деген гектар жерлерди бакиевдин учурундагыдай басып алышканда элдерди кууп чыккан. Мадылбеков деген шаардык милициянын башчысынын алы жетпеген ишти бул киши жасаган.
25.12.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, А батукаевчи? Исаны эмнеге Келдибековго окшоп камабайт. Коррупцияны туп тамыры менен жок кылым дейт озу коррупционер болсо кантип жок кылыт бул пан баш президент.Биринчи озуноно башташ керек коррупцияны жок кылым десе. Келдибековду го так маалыматым жок, куносу барбы жокпу, бирок мыйзам баарына тен иштебей жатат, ал коррупционер болсо Салянова, Отунбаева , теке , Атамбйында деле куноо толтура. Ташиеви камай албай чыгарып жиберишти го, Эптеп окшошпосо да окшоштуруп кунолуу кылып.
25.12.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turatbek-92, Камап чыгырды го. Бийлик кучтуу болсо 10 15 жылга камап салат эле го Ташиевди .Азыр жон эле согуп,чертип койгон адамды кылмышкер кылып жок дегенде 3,4 жылга каматса болот го.
25.12.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, Исаны тергоодо дейсин сен кордунбу тергоодо жургонун же сенсинби тергоочу?. тергоодо деп КТР эле айтып коет же бир аны корсотуп койсо тергоо журуп жатат мына деп ишенет элек.Аны деле Келдибековго окшоп камап анан тергоо жургузсо болбойбу?
23.12.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, Олумдон коркпой дейсин 7-апрелди баштап коюп озулору качып калп эле камалымыш болуп бийлике келген ким? Элди озулору эле аткан Бакиевди жаман корсотуш учун. Эгер элди Бакиев аттырган болсо, биринчи Атамбай, отунбай, текебай оллуш керек эле, булар ал жерде элге ок атууга заказ берип коюп озулору качып кетишкен. 24-мартты карап королу Бакиев баштаган революция: Бакиев жана бир топ ошол кездеги оппозициялык топ элдин астында ак уйдун астыны басып келишип бийликти алган.
24.12.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
turatbek-92, 7-апрель күнү оппозиция лидерлери кайда болгонун көрүп кой. Бул 6-апрелдин түнү тартылган видео http://www.super.kg/media/uservideo/77941/
24.12.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigul85, жамынып бекинип элди алдыга салып коюп камалып алган жалганбы,?
25.12.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
turatbek-92, кулак жакшы эле иштейби замандаш? Бул 6-апрель түнү тартылган видео. 6-апрель күнү Атамбаев, Текебаев, Исаков, Женшенкулов сыяктуу оппозициянын башчыларын УКМКнын СИЗОсуна каматкан. 7-апрель күнү эл бийликти төңкөрүп, түштөн кийин булардын баарын боштондукка чыгарган. 7-апрель күнү камалбай калгандардан Иса Өмүркулов гана эл менен Ак ҮЙдүн алдында болгон.
25.12.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, Мен сенин сунуштаганыны коргон да жокмун анткени бул ыплас бийлигине ишенбейм, сага окшогондор эле ишенбесе калганы ишенбейт деле. Атамбаев сага жакса тийип ал да
25.12.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turatbek-92, Тийип ал дейби ыя?
24.12.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, Атамбаев суйлогон созунон адашат "керек болсо малышка Би деп аташат" дейт ))) ушул ажонун созубу. Ноорузда элди куттуктап алас алас дейт буну умай эне айтат.
25.12.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
turatbek-92, "Малышка Би" деп атаганын укса демек ажобуз, коомдо эмне болуп жатканына жакшы көз салып жатканын көрсөттү. Алас, алас деп, ар бир кыргыз айтат.
25.12.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, Жаныласын алас алас деп умай эне айтат элди антип куттуктоого болбойт билип ал. Малышка биси уят эле ажонун озунан уксак ))))
23.12.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
5000000 калкты бажы мажы дебей еле бакса болбойбу Азыр алтын газ кен байлыктарды сатып багып жатасынар ертен тугонсо емне болот ушул жонундо ойлоносунарбы КЕН байлыктарыбыз учун гана дос кее бир мамлекттер ОЙЛОНГУЛА колдон келбесе бошоткула
23.12.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура айтат Атамбаев биздин кызыкчылыктар й орунда турушу керек, эгер аткарылбаса эмне керги бар ТС кирип, шашпай эле туруш керек.
23.12.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тундук-туштук альтернативдик жолдун салышы эн туура, азыркы убакта канча адам кыйналат жолдун азабынан, бул жол ачылса элге женилдик болот. Тезирээк башташ керек бул жолду.
23.12.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
LEP888, авто жол тундук туштук, дагы салып эмне кереги бар? Андан коро Тундук туштукту бириктирен темир жол салуу керек.
23.12.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АША мыкты президент эмес. озу отставкага кетсе жакшы болот элди кыйнабай.
23.12.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muxammet, Туура айтасын
23.12.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Алмазбек Шаршеновичке ушул калыбыныздан жазбай коррупция менен курошо берсе элдин ишеничи бир топ жогорулайт,дегеним кадрдык маселенизден аксап баштаганынызда копторду иренжиттиниз эле бирок бардыгын кайра колго алып курошсонуз эл сизди колдоп гана берет.
23.12.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Президенти барбы бар,депутаты барбы бар,министири барбы бар,бирок булар аты бар заты жок,адам кейпиндеги айбандар. А Кыргыз элимди булар бакпай эле эл оздорун оздору,оздоруно кошуп чиновник чочколорду багып жатат
23.12.2013. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз, аны керек болсо «малышка Би» деп аташат. Борборубуз эң мыкты мамилеге татыктуу. Бир гана мэр тарабынан эмес, өкмөт жактан дагы. Бишкекке күкүмдөр гана калып, башка шаарлардын акчага көмүлүп жатканы туура эмес. Ал жакта акчаны эмнеге жумшашарын билишпей, эстелик куруп башташты. Бишкек шаарынын башчылыгына ким келбесин, мен ага жардам берем." Ушул да ажонун созубу? Башка шаарлардын мэрлерине ж
24.12.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turatbek-92, жардам берсе болбойбу? "Малышка Би" дегенине ))). Эстелик курса ал бир озунчо жетишкендик деп кайра суйунсо болот го. Элге озу душман болуп жатат го. Атамбайга жакпаса элге жагып жатат ал эстелик. Ушунчалык эле кыйын экен сен ушундай кылып акчаны эмнеге жумшаарды билбей жатасын деп Бетине же болбосо атын атап айтпабы.Бироонун кылганын да коро албайт.
25.12.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
turatbek-92, Бишкек шаары жылына 10 миллиард сом салык чогултат. Анын 6 миллиардын мамлекеттик казынага төгүп берет. Ал казынадан башка облустардын баарына 700 миллион сомдон бөлүнүп жардам берилет. Ал эми Ош шаары болгону 1 миллиард сом салык чогултат. Бирок ал мамлекеттик казынага төкпөйт. Анткени өкмөт ал салыктарды Ош шаарын оңдоого жумша деген токтом чыгарган. Эгер Бишкекти дагы ошентип салыктан бошотсок, эмдигиче Нью-Йорк болуп ке
25.12.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigul85, Сенин ишенген бийлигин ушул темпте кетсе эч качан Нью-Йорк эмес Ошко жетпейт. Каяктагы Нью-Йоркту айтасын да.
24.12.2013. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ех еч жакбайт ушуларр.суйлотуп еле койсо буларды .
24.12.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ызылдашпай Куру бекер.ишинерди кылсанарчы
24.12.2013. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай АША сизди ким айтат президент деп кайсы шаарлар акчага комулуп жатыптыр атап далил менен айтсаныз болмок ушул да мамлекет башчысынын денгеелиндеги созбу уят эле менимче ош шаарын айтты окшойт э!
Модератор admin_media түзөттү 25.12.2013 10:13
24.12.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ей кыргыз елим качанга чейин ушинтип аткарылбай турган убадаларды угуп журо беребиз. бети жоктор еч нерсени сезишбейт баарибир .
25.12.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанды алдыга сүйрөгөн жалгыз президент! Бириктик колдон келди. Буюрса өнүгүүнүн жолунда баратабыз. Өсөбүз, өнүгөбүз. Кыргыздын душмандары канчалык бут тоспосун, бирок баары бир өнүгө беребиз! Алга Кыргызстан!
25.12.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бир куну интернетти ачып крап олтуруп, Казахстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин Казахстканда АШАкени кутуп алып, экоо суротко тушушуп АШАкеге наржак-бержагын шаашпай корсотуп анан журналистердин дагы АШАке менен жогу барган чон атка минерлердин козунчо АШАга кридит эле сурай бербей иштебейсинерби жумуш орундарын тузуп, иштебесенен ордунарды бошоткулада иштейтургандарга берлгиле мындай болсонор онукпойсунор деп айтып уяткарган созун угуп коруп калдым ошол созду уккан АШАда
25.12.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrysbek, Жалгыз эле АШАны эле куноолой берген туура эмес,азыр биздин олко парламенттик болуп эсептелет,окмот башчы анан анын карамагында министрлер да бар,бийлик бутагы учко болунгон алар бир биринен коз каранды ушуну да эске алыш керек,АША Кыргызстанды артка тартат дегенге мен кошулбайм,колунан келишинче аракетин кылып жатат,копчулук убакта анын буйрутмаларын чиновниктер оз кызыкчылыгына пайдалып жатканы баарыбызга эле маалым.
25.12.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ал жакта акчаны эмнеге жумшашарын билишпей, эстелик куруп башташты"- бул деген эмне деген сөз? Эгерде Ошту айткан болсо ал эстеликтер улуттук дараметти көтөрүүгө багытталган Манас, Барсбек, Алымбек баш болгон КЫРГЫЗДЫ түптөгөн улуу инсандардын эстеликтери! АША мен сизди инсан катары баалап келгем, кудай деп суйлөп, көп китеп окугандыгыңдан! Китеп окуган адамдын жан дүйносү жарды болбойт болчу? Эми жогорудагы с&#
25.12.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жогорудагы сөздөрдөн соң саясатчы катары баалабайт элем, инсан катары да баалай албайм .....
26.12.2013. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билгенин кылсын кааласа Кошсун Бажы Союзуна кааласа кошпосун Элдин ырыскысын Аллах Таала бере берет!!!!
26.12.2013. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны деле, муну деле караманча сындай берсеңер ким кыйратат? бийликке тоготпосоңор анан кантип бийлик жүргүзөт. эл да кызык болуп кетиптир. Атамбаевдин кээбир идеяларын колдош керек.
26.12.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул жагы деле болот бирок жыргап атам деген бирда олкону уккан жокмун алыс кетпейле казактар ыйлактап олтурушат кыргыздар 2000 мининчи жылкыдан берки жааны машиналарды айдашат биз качан жетебиз дешип адамдын кыялы чексизда
30.12.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир ишенич калбады бийлике оз каалоосу менен кетсе да болот президент кайра эледи дурболонго салбай эркек кишидей суйлобойт,жогорудагы кээ бир каментарий калтыргандар балким ошолордун жакын адамдарысынар бирок чындыкты суйлогуло эл улут учун эч бир иш кылбады жанындагы адамдар боюнча соз кылбай эле койолу водител болуп жургон адам кылзмат ордуларын Икрам деген алмаштырат азыр Максимдин ордун басты
02.01.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атамбаев качканы ойлонуп атасынбы
13.01.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бажы союзуна кирген куну кыргыздар кул болду дей бергиле.
Азыр департ болуп жаткан кыргыздар, Россиянын бир планы. Эртен, мына бажы союзга киргенде департ болбойт эленер деп дагы чыр чыгарат. Бажыга кирбейбиз деп тилек кылышыбыз керек.

жогорудагы талаш тартыштырга, мамлекет 20 жылдан бери иштебей жатат. Чек ара, энергетика маселеси чечилбеген, дагы опкосун колтукташат. лохтор, баары озунун курсагын ойлошот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо