-

Ар бир кыргызстандык өзүнүн
ЫСЫМЫ ЖАЗЫЛГАН унаа номерин ала алат. Бул үчүн 150 миң сом төлөө жетиштүү. Бул тууралуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рахатбек Мамаев билдирди.
-
Тажикстандын Хожъалоо айылына жакын жерде иштетилбей калган электр мамыларын алып кетүүгө аракет кылгандыгы үчүн ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ тарабынан 15-декабрь күнү кармалган эки кыргыз жараны эртеси күнү бошотулду.
-
Депутат АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУ үй камагына чыгарууну талап кылып ачкачылык жарыялаган аялдардын үчөө ооруканага жатып чыкты.
-
Быйылкы жылы 18 миң этникалык кыргыз КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫГЫН алышкандыгын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов маалымдады.
-
Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүнө ылайык, республикада 6 миллионго чукул калк жашаса, анын 3,4 МИЛЛИОНУ эмгекке жарамдуу. Алардын ичинен болгону 708 миң адам гана туруктуу иш менен камсыз болушкан.
-
Пекиндеги Кытайдын Борбордук университетинде ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 85 ЖЫЛДЫГЫ белгиленди.
-
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, вице-премьер
ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВГЕ тиешелүү делген «Градиент» ишканасына жана иштин башкы фигуранты катары Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

-
ЖКнын депутаты ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ эл өкүлдөрүнө берилчү класстык чинден баш тартканын айтты.
-
Орусиянын Екатерина Малюгина аттуу жараны өз үйүнө 14 КЫРГЫЗСТАНДЫКТЫ каттатып алган жана ал үчүн алардан акча алып турган. Бул тууралуу 17-декабрда Москва шаарынын Ички иштер башкармалыгы билдирип, үй ээсине кылмыш иши козголгонун кошумчалады.
-
«БИШКЕК ШААРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ» жана «Ош шаары жөнүндөгү» мыйзамга 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мэрликке талапкерлерди премьер-министр жана фракциялар сунуштайт.
-
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2013-жылы 10 МИҢ 500 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берсе, анын 70 пайызы Кытай жарандары экендиги маалым болду.
-
Орусиянын Алтай крайында МАНАСТЫН ЭСТЕЛИГИ орнотулат. Бул тууралуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Орусиянын бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов билдирди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg