Ө.Текебаев М.Мадеминовго:«САГА ОКШОГОН КОШОМАТЧЫЛАРДЫН АЙЫНАН ӨЛКӨГӨ ПАЙДАСЫ ЖОК КЕЛИШИМДЕРГЕ КОЛ КОЮЛУП КЕЛДИ»

№582 27-декабрь-2-январь, 2014-ж

Бул апта кызуулук менен уланган «Кумтөрдүн» талкуусу, президент Алмазбек Атамбаев кабыл алган маанилүү чечим жана Ош менен Бишкек шаарларынын мэринин шайлоо күнү белгилениши менен коомчулуктун көңүл борборун ээледи.

«КУМТӨР»: ӨКМӨТТҮН ЭКИНЧИ АРАКЕТИ АКТАЛАБЫ?
24-декабрь күнү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Кумтөр» боюнча жаңы макулдашуу долбооруна байланыштуу маалымат жыйын берди. Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан финансылык милдеттемелери жок бирдиктүү ишканада 50 пайыздык үлүшкө ээ болот жана 2026-жылдан кийин «Центерра» кыргыз тарапка кенден алтын казып алууну өткөрүп берет. Буга чейин «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы Кыргызстандын 33 пайыздык үлүшүн бирдиктүү ишканада 50 пайыздык үлүшкө теңөө үчүн 100 миллион доллар төлөө талап кылынган болчу. Жаңы долбоордо ушул талап алынып салыныптыр. Геологдордун маалыматы боюнча, «Кумтөр» кениндеги алтындын запасы бүгүнкү күндө 710 тоннаны түзөт. Эске салсак, Жогорку Кеңеш өкмөткө 23-декабрга чейин «Центерра» менен жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууну жана кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга чейин жеткирүүнү тапшырган.
«Парламент жаңы долбоорду четке какса, анда өкмөттүн улутташтыруудан башка варианты жок. Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү талап кылынса, анда «Центерра» сүйлөшүүнү улантпай эле сотко кайрыла турганын билдирди»,- деди Ж.Сатыбалдиев.
26-декабрь күнү Жогорку Кеңеш «Кумтөр» маселесин карап жатканда депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Мурадыл Мадеминов жакалаша кетишти. Бул учурда экономика министри Темир Сариев өз докладын окуп жаткан болчу. Министрдин сөзүн бөлмөкчү болгон Текебаевге Мадеминов: «Сиз бизге уктурасызбы? Министр сүйлөп бүтсүн»,- деди. Өмүрбек Текебаев: «Сага окшогон кошоматчылардын айынан өлкөгө пайдасы жок макулдашууларга кол коюлуп келди. Сага окшогондордун ичинен «Центерра» үчүн өлүп берем дегендер чыккан. Бул жомокту 20 жылдан бери эле угуп келе жатабыз»,- деп жооп узатты. Айтыша кетишкен депутаттар бири-бирине кол көтөрүүгө барышып, экөөнү кесиптештери ажыратып калышты.

Талкуу андан ары уланып, премьер Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин «Кумтөр» долбоорундагы кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү боюнча 23-октябрдагы тапшырмасын аткарбаганын моюнга алды. Өкмөт башчы жаңы макулдашууга министрлердин ичинен «Ата Мекен» партиясынын квотасынан барышкан юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов менен социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев каршы чыкканын да айтты. «Кумтөр» кенин улутташтырсак, компенсациялык төлөмдөр
3 миллиард долларды түзүшү мүмкүн»,
- деди өкмөт башчы. Ал «Кумтөр» боюнча чечим чыгарууда өзүнүн конституциялык укугун пайдаланарын, анын ичинде отставкага да кетиши мүмкүн экенин билдирди.
Жыйынга келген башкы прокурор Аида Салянова 2003-жылкы «Кумтөр» боюнча келишимдин алкагында 12 адамга айып тагылганын айтты. Эске салсак, дал ушул жылдагы келишимди Жогорку Кеңеш коррупциялык деп эсептейт. 12 адамдын ичинде экс-министрлер Болот Абилдаев, Курманбек Осмонов, Темирбек Акматалиев, мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев жана башка өкмөттүн токтомун даярдоого катышкандар бар.

МЫРЗАКМАТОВДУН ПАРТИЯСЫ ОППОЗИЦИЯДА КАЛДЫ
25-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин жыйынында жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлүп, ага «Адилеттүү Кыргызстан» 2, «Ата Мекен» 1, «Замандаш» 1, КСДП 11, «Республика» 8 мандаты менен кирди. Ал эми экс-мэр Мелис Мырзакматовго караштуу «Улуттар биримдиги» фракциясынын 21 депутаты жана Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясынын 1 депутаты оппозицияда калышты.
20-декабрь күнү боршайком «Замандаштын» Ош шаардык кеңешиндеги депутаты Нурадил Жолдошевди партиянын кайрылуусунун негизинде мандатынан ажыраткан болчу. Эске салсак, Нурадил Жолдошев партиянын жетекчилигинин чечими менен келишпей, «Улуттар биримдиги» менен буга чейинки көпчүлүк коалициянын курамына кирген. Н.Жолдошев мандатсыз калып, анын ордуна «Замандаштын» тизмеси боюнча кезекте турган Камчыбек Мамбетов депутат болуп келди.
Бул окуя Мелис Мырзакматовдун кайрадан Оштун шаар башчылыгына келүүсүнө каршы жасалган жакшы ойлонулган кадам болду. Ош жана Бишкек шаарларына башчылык кызматка талапкерди көрсөтүүгө, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, шаардык кеңештеги фракциялар менен премьер-министр укуктуу. Болочок мэрдин тагдыры дал ушул шаардык кеңештин депутаттарынын добуштарынан көз каранды.
26-декабрда БШК өз жыйынында Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 2014-жылдын 15-январында болуп өтөт деген чечим кабыл алды.

КЫРГЫЗСТАН ТАЛАПТАРЫ КАРАЛМАЙЫНЧА БАЖЫ СОЮЗУНА КИРБЕЙТ
24-25-декабрь күндөрү Москва шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин отуруму өтүп, анда Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча жол картасынын долбоору каралды. Жол картасы союзга кирүү алдындагы иш-чаралардын планы жөнүндө билдирүү менен чечим чыгаруудан турат. «Кыргызстан Бажы союзуна улуттук кызыкчылыктары эске алынганда гана кошулат»,- деди
А.Атамбаев отурумда. Мамлекет башчы өткөн аптада журналисттерге берген маалымат жыйынында: «Өлкөгө кандайдыр бир зыян келтирүү менен мени басынтуу мүмкүн эмес. Биз Бажы союзуна биздин талаптар аткарылган гана шартта киребиз. Атамбаевди коркутуп-үркүтүү мүмкүн эмес, мен андайларга бышып бүткөм. Бизде тандоо аз, бирок баары бир кыргызстандыктарды канааттандырган жана биздин кызыкчылыктар корголгон жол менен гана барабыз»,- деген эле. Ошентип, Кыргызстандын Бажы союзга кирүүсү боюнча жол картасы кабыл алынган жок.
Отурумдун жүрүшүндө казак президенти Нурсултан Назарбаевдин сөзү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. «Комиссиянын кеңеши кыргыздар айткан сунуштарды эске албай жол картасынын долбоорун жактырыптыр. Бажы союзуна Кыргызстандын өзгөчө режим менен кошулуусуна жол бербешибиз зарыл. Интеграция эч кимге бекер момпосуй бербейт»,- деди Н.Назарбаев. Деген менен жакында эле Орусия Украинанын Европалык союзга кирбеши үчүн 15 миллиард доллардык финансылык жардам берип, газдын баасын арзандатты. 24-декабрдагы отурумда Бажы союзу тарабынан жол картасы жактырылган Армения ушул айдын башында газ, нефти продуктулары жана алмаздан турган орусиялык экспортко жеңилдик алды.
Эске сала кетсек, 19-ноябрда Москвада Евразиялык Экономикалык Кеңешинин кезектеги жолугуусу болуп өтүп, анда кыргыз тараптын макулдугу жок туруп, Орусия, Казакстан менен Беларустун өкүлдөрү тарабынан Кыргызстан боюнча жол картасы бекитилген болчу. Анын айынан коомчулукта «бул документ өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербейт жана бир катар социалдык маселелерге алып келет» деген пикирлер орун алган.
Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев айтылган шарттар Бажы союзунун тышкы чек арасын бекемдөө (айрыкча кыргыз-кытай чек арасы), Кыргызстандагы базарлардын («Дордой», «Кара-Суу», «Мадина») иштөөсү, өнүктүрүү фондун түзүүгө тиешелүү экендигин айтты. Отурумдун аягында Орусиянын президенти Владимир Путин эксперттик топко жол картасын кыргыз тараптын позициясын эске алуу менен даярдоо иштерин улантууну тапшырды.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
30.12.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевге тиги биринчи кол салган немени антарып салганы учун данк!!!
30.12.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мелисти коро албай коюшту го,байкуш колунан эч нерсе келбеген бийлик, жарыбай калгырлар.
30.12.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелисти коро албай коюшту го,байкуш колунан эч нерсе келбеген бийлик, жарыбай калгырлар.
30.12.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мадеминов кадамжайды уят кылдын кошаматчылык кылсан ечким жок жерге Сариевди чыкырып кыла бер
30.12.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Омуке "лежащих не бьют" болду го
30.12.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Menin koluman kelgende Tekebaidyn neberesin omurumdo bir jolu urup kaluu maksatym bar. Ezilip ar nersege kiiligiwip ele jurot je bir jarytuluu iw jasasa4y!
01.01.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulu-5kg, небересинде эмне куноо?
01.01.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга мынча коп депутаттын кереги деле жок.Текебаев качанкы Текебаев???????Ушундай эски козурлор такыр оюндан чыкпай жатышат.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.01.2014 14:06
02.01.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумтор маселесин Колдуктор жакшы билет.Бугун коргон Тоо эртен жок,Тоону оюп, алтындан да башка коптогон элементтерди ташып кетип жатышат Канадистер.Бир мисал; алтынды бир болмого ташып кирип,эки сааттан сон кайра ошол эле болмого алтын алып кирсе мурдагы алтындын дайны жок,кызыктын баары ал болмого кирип-чыккан бир эле эшик бар,терезе жок.Кандай жол менен алып чыгып кеткендери табышмак...стеналарда жашыруун эшик болсо керек.



06.01.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала бакчада бобоктор уруша кетишкенго я
13.01.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха ms-23 боордуу езесин да, уйат еле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо