ТОКОН МАМЫТОВ ТАШКЕНТКЕ УЧУП КЕТТИ...

№582 27-декабрь-2-январь, 2014-ж

  • 2012-жылдын аягына карата өлкөдө 10207 БАҢГИЗАТЫН КОЛДОНУУЧУ каттоодо турган. Анын эң көбү Бишкек шаарына туура келет.
  • Бишкек шаардык кеңеши КСДП фракциясынан жаңы депутат ДАМИРБЕК ЖУМАШЕВ менен толукталды. Ал өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалган Аманбай Кайыповдун ордуна келди.
  • 2012-2013-окуу жылдарында 120 ОКУУЧУ өз жанына кол салганын билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева айтты.
  • Кыргызстанда 836 ТОКОЙЧУ иштейт, алардын айлык акысы орточо 1825 сомду түзөт.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Ариповдун айтымында, жыл башынан бери чек арага жакын жайгашкан аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жашоочуларынын ортосунда 47 КОНФЛИКТ орун алган.
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымдоосу боюнча, 2014-жылы 40КА ЖАКЫН ЮБИЛЕЙ ӨТКӨРҮЛӨТ. Анын ичинен Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы биринчи болуп белгиленет.
  • Коргоо министрлиги буйрук берүү менен кайрылууларды МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ которуу чечимин кабыл алды. Мисалы, «смирно» буйругунун ордуна «түз тур» буйругун пайдалануу сунушталат.
  • 2014-жылдын 8-11-ЯНВАРЬ күндөрүнүн аралыгында Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүшөт.
  • Бишкек шаарындагы жаш балдардын ооруканасында ПСИХОЛОГ жардам көрсөтүүчү бөлүм ачылат.
  • 26-декабрь күнү коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер ТОКОН МАМЫТОВ чек ара боюнча өзбек бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Ташкентке учуп кетти.
  • Бишкек шаарында 26-декабрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда президенттик балаты болуп өтүп, ага өлкө аймактарынан 800ДӨЙ жаш бала чакырылды.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылдын 11 айынын ичинде билим берүү мекемелеринен 43 ӨРТ чыккан. Ал өткөн жылга караганда 21 өрт чыгуу окуясына көптүк кылат.
  • Бишкек жана Ош шаарларында Казакстандын каражатына тургузулуучу ЭКИ МЕКТЕПТИН курулушу тууралуу макулдашууну коңшу өлкөнүн парламенти ратификациялады.
  • УКМКнын кызматкерлери тарабынан 16-декабрда СИРИЯДА согушкан террордук уюмдун мүчөсү, Кыргызстандын жараны Алишер Абдукахаров кармалып, ага карата «жалданмачылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
30.12.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ДАМИРБЕК ЖУМАШЕВ ухунбаева мн душанбинка кесилишиндеги салынып жаткан 9 этаж элитный дом ушул кишиники депутатттын айлыгы уй салганга жэтеби)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо