2013-ЖЫЛ КАЙСЫ ОКУЯЛАР МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ?

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж

(Башталышы өткөн санда)

ЖЫЛДЫН УРУНТТУУ ОКУЯЛАРЫ
26-июнда өлкө башчысы «Манас» аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, аталган транзиттик борбор 2014-жылдын 11-июлуна чейин өлкөдөн чыгарылууга тийиш. Алмазбек Атамбаев президенттикке келгенге чейин эле «жарандык аба майданында аскердик базанын болгону туура эмес» деген позициясын билдирип келген.
3-июль күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда курулган 500 кВ кубаттуулуктагы «Датка» көмөк чордонунун ачылышы болуп өттү.
2012-жылдын 19-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке иш сапары менен келип, эки өлкөнүн башчылары буга чейинки айтылып келген макулдашууларды жүзөгө ашырып, Нарында 8 ГЭС куруларын жар салышкан эле. 2013-жылдын 12-июнунда бул иштин алгачкы этабы башталып, Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын каскадынын алгачкы пайдубалынын курулушуна катышып келди.
11-декабрда депутаттар орусиялык «Газпром» АККсына «Кыргызгаз» ишканасын 2 миллиард сом карызы менен 25 жылдык мөөнөткө сатууга макулдук берди.
Бажы биримдигине Кыргызстандын кирүүсү акыркы эки жылда көп талкууланып келет. 27-декабрь күнү болуп өткөн Москвадагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын бул уюмга кирүүсү боюнча жол картасын кабыл алуу каралып, кыргыз тараптын талаптары менен сунуштары эске алынбай калгандыгы айтылды. Анда Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулат»,- деди.
Бул иштердин башында, бекем позицияда президент Алмазбек Атамбаев турду.

ЖЫЛДЫН КЫЗМАТТАН БОШОТУУЛАРЫ
Акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда чыгарылышына байланышту кызматтан бошотулду. Бирок ал «кресломду бербейм» деген аракетин катуу көрсөттү. Жогорку Кеңеш 27-июнда аны кызматтан алганына карабай нааразычылык акциясынын өзгөчө түрүн көрсөтүп, 16-сентябрдан 2-октябрга чейин күнү-түнү ачкачылык акциясын жарыялап, иш бөлмөсүн байырлап жатып алды. Турсунбек Акундун ордуна буга чейин адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө аты чыга элек, КСДПнын шайлоо тизмесинде 57-орунда турган Бакыт Аманбаев келди.
Коррупция менен айыпталып убактылуу камалган депутат Ахматбек Келдибековду колдоп чыккан Оштогу митинг шаар мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматовдун кызматтан алынуусуна себепчи болуп калды. 2-декабрда өткөн бул митингде элдин алдына чыгып сүйлөгөн шаар башчысы бийликке каршы жалындуу сөз сүйлөп, «Оштун кожоюнумун» деп, 5-декабрда өкмөт башчынын буйругу менен ээрден оодарылды.

ЖЫЛДЫН ЭЛ КҮТКӨН МЫЙЗАМДАРЫ
Турмуш шарттын айынан чет элге акча табуу максатында иштеп кеткен миллиондон ашуун мигранттарыбыздын расмий түрдө 570 миңге чукулу Орусияда. Алардын көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын аргасыздан алып жатышат. Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп, жылына
2 миллиард доллар акча которуп элди багып жаткан мына ушул мигранттардын көйгөйү быйыл парламентте каралды. Кош жарандыгы бар мигранттар жөнүндө 26-декабрда Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болот.
Өтө жогору коюлган пайыздык үстөктөрдүн кесепетинен турак жайынан айрылып, өз жанына кол салып жаткан мекендештерибиздин саны да бир топ. Бул маселени жөнгө салууда «Сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, пайыздык үстөк чектелди.
«Мамлекетке чыккынчылык кылуу», «Коррупция», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери үчүн кылмыш иши 10 жылдан кийин жабылчу. Жогорку Кеңешке Өмүрбек Текебаев жогоруда аты аталган оор кылмыштардан жоопко тартуу мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Эми аталган мыйзам кабыл алынып калса, мамлекетке оор зыян келтирген аткаминерлер убакытка шылтап жоопкерчиликтен кутулуп кете алышпайт.
Мындан сырткары «саясий кызматтагы адамдардын компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырбоо» мыйзам долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленип, коррупциялык иштерге бөгөт коюуга багытталган мыйзам кабыл алынды.

ЖЫЛДЫН БИРИГҮҮЛӨРҮ ЖАНА БӨЛҮНҮҮЛӨРҮ
5-февралда өлкө башчысы депутаттардын фракциядан чыгып, депутаттык топторго жана коалициялык көпчүлүккө кошулуусуна жол берген мыйзамга кол коюп, күчүнө кирген мыйзам май айында алгачкы натыйжасын берди. Дегенибиз, парламенттин 15-майдагы жыйынында 3 депутаттык топ өздөрүн расмий түрдө жарыя кылышты. Анда «Республика» менен «Ата Журт» фракциялары ыдыраганы ачыкталды.
Биринчи топко «ата журтчулар» Хажимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобаев кирип «Реформа үчүн» аттуу топ түзүшүп, аны Молдобаев жетектеди. Ал эми «Республика» фракциясынын депутаттары Тынчт­­­­ыкбек Шайназаров, Абдуллатип Режевалиев жана Мирлан Бакиров Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылган «Өнүгүү» тобун курашты. «Республика» фракциясынан чыккан Канатбек Исаев «Ынтымак» аттуу топ түзүп, ага «Республика» фракциясынын депутаттары Шаршенбек Абдыкеримов, Эльмира Жумалиева жана «Ата Журт» фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков кирди. 7-декабрда Бакыт Төрөбаев жетектеген «Өнүгүү» жана Мелис Мырзакматов баштаган «Улуттар биримдиги» партиялары биригишкенин коомчулукка билдиришти.

ЖЫЛДЫН МИТИНГДЕРИ
«Кумтөр» быйылкы жылы көптөгөн митингдердин себепчиси болду. 27-майда башталган Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы «Кумтөр» ишканасына бир нече талаптарды койгон митинг күчөп, 31-майда президенттин Саруу айылына өзгөчө кырдаал жарыялоосу менен коштолду. Бул митинг айлап созулуп, 7-октябрдагы акцияда облустагы өкмөттүн атайын өкүлү Э.Каптагаевди аянтка келген 30дай атчандар унаалардын бирине салып, сыртка чыгарбай барымтага алышты.
31-майда Жалал-Абадда өткөн митинг «ата журтчу» үч депутатты бошотуу, Жети-Өгүздө «Кумтөргө» байланыштуу митингге тилектештик билдирүү максатын көздөп, аягы күтүлбөгөн окуя менен коштолду. Митингчилер облус жетекчиси Ж.Төрөмаматовду обладминистрациядан кууп чыгышып, Медер Үсөнов аттуу «ата журтчу» өзүн «элдик губернатормун» деп жарыя кылды. Бул иш боюнча Ш.Ташиев, М.Үсөнов, Ж.Токторбаев, А.Сыргабаев, А.Жумашев жана А.Сулаймановго «Бийликти күч менен тартып алган жана баш аламандык уюштурган» деген айып менен кылмыш иши козголуп, 4 жылдан 6 жылга чейин шарттуу түрдө соттолушту.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
06.01.2014. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Текебаев Молодец!!!
07.01.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевке чооооооон ыраазычылык билдиребиз кумтор же мигранттарбы аябай туура маселени которот Сиздин партия АТА МЕКЕН емес АТА МЕКЕН УЧУН десе туура болот
07.01.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aziz1990, туура айтасын.Текебаевтин айрыкча акыркы мигранттарга чыгарган мыйзамына ыраазыбыз!
07.01.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ медия сиздерден чоон сураныч.Кош жарандыгы бар мигранттарыбызга чыгарган мыйзам кучуно киргенби ошону билип бериниздерчи?Жакшы тушунбой калдым..Мыйзам кабыл алынды дегени уже иштеп атканыбы???Алдын ала рахмат!
08.01.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
allan, Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
08.01.2014. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2013-жылы мыкты өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Деле Кыргызстандын тарыхында ушундай, саясаттагы бурулуштарга, кызматтан алууларга, митингдерге бай жыл болбосо керек. Бул Кыргызстандын жашоосунда кыймылдын бардыгы дегенди билдирет. Кыргызстанда алга карай жылуу аракети бар экенин көргөзөт. мунун баары албетте, көчөдө кыйкырган митингчилердин эмес, Президенттин кылган ишинин жыйынтыгы. Жакшы Иште АША эл үмүт сенде!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо