-
ТУРДУБЕК МАМБЕТОВ Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
-
Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты
ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВ Ош облусунун Өзгөн районунда 20 миңдей конок чакырылган сүннөт той өткөргөнүнө байланыштуу 30-декабрда Башкы прокуратурага түшүндүрмө берүү үчүн чакырылды.

-
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы РУСТАМ БЕКИТАЕВ өз ыктыяры менен кызматынан кетүү рапортун 30-декабрда жазды.
-
Билим берүү жана илим министри К.Садыков КЫШКЫ КАНИКУЛДУ узарткан буйрукка кол коюп, окуучулар сабакка 2014-жылдын 15-январында чыкмай болду.
-
2013-жылы ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ 75 жыйын болуп өтүп, анда 360 мыйзам долбоору каралды. Анын ичинен парламент тарабынан 262си кабыл алынса, президент 213 мыйзамга кол койгон.
-
Мамлекет башчы АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ өкмөт жыйындарынын видео жана аудио жаздырууларын кыскартуусуз расмий сайтка жайгаштыруу боюнча толуктоо киргизилген мыйзамга кол койду.
-
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги «Ата Журт» партиясынын лидери КАМЧЫБЕК ТАШИЕВГЕ саясий баш паанек берилбегенин билдирди. Буга чейин экс-депутатка жана анын үй-бүлөсүнө Орусия тарабынан баш паанек берилгендиги, бул кадам коопсуздуктан улам жаралгандыгы ЖМКларда айтылган болчу.
-
30-декабрда Бишкекте ҮЧ ЭМ жарыкка келгенин, төртүнчүсү төрөттө чарчап калганын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Эльвира Караева
politika@super.kg