СИЗОДОГУЛАР «АТА МЕКЕНЧИЛЕРГЕ» АРЫЗДАНДЫ

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж

30-декабрь күнү Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташболот Балтабаев, Сайдулла Нышанов жана Акуналы Досалиев Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагынын кызматкерлери менен жолугушту. Анда Апрель окуясында талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов Жаза аткаруу кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев менен туруктуу байланышта болгондугу жана бул алакада Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жардамчы болуп жүргөндүгү айтылды.
Депутаттардын 1-тергөө абагына келүүсүнө анда кармалган Раушан Рыкунованын кайрылуусу себеп болгон. «Жаза аткаруу кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Абдулла Юсупов менен сүйлөшүү үчүн 4 айдын ичинде эле 100 жолу келип кеткен» деп жазган Р.Рыкунова. Бул сөздү депутаттардын алдында 1-тергөө абагынын кызматтан четтетилген башчысы Марс Жусупбеков да тастыктады. «2013-жылдын май айынан ноябрына чейин К.Качкыналиев тергөө абагына тез-тез келип, абакта отургандар менен 2-3 сааттап сүйлөшүп кетчү. Анын бул жакка уруксат берүүчү документи жок кирүүсүнө тыюу салсам, мени 29-ноябрда СИЗОго отургузуп коюшту. З.Рысалиевдин өзү А.Юсупов менен 7-8 ирет жолугушуп кеткен»,- деди М.Жусупбеков. Ал эми тергөө абагынын кызматкерлери А.Юсуповдун колониядагы кадрдык маселелерге чейин кийлигишкенин моюнга алышты.
Эске салсак, А.Юсупов Апрель окуясындагы талап-тоноочулук боюнча айрым «ата мекенчи» депутаттарды айыптап чыккан болчу.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
07.01.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рысалиевди дагы Юсупов иштен алган жокпу ыя?
07.01.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч нерсе тушунгон жокмун
07.01.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тушунуксуз экен
07.01.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыкунова айымды да шылуун деп жазып чыгышты эле го жанылышпасам "Вечеркадан" окусам керек эле,озунчо эле сыр дуйно болду го булардыкы,Юсуповдун кийинки тагдыры эмне болду экен?Тердеп бурдап НТС каналынан куну-туну уч кун бою суйлоду эле го
09.01.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Общеем жалпак чожо анан жалпак чал или жалпак камаз экенда, менимче келген депутаттар да тушунбой кетсе керек,эмнеге келгендерин. Кайра кайра бири-биринен сурап эмнеге келдик эле и эмне болду деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо