№583 3-январь-9-январь, 2014-ж
Президент Алмазбек Атамбаев 30-декабрь күнү спикер Асылбек Жээнбеков, премьер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен жолугушту. Анда жыл жыйынтыгы талкууланып, кийинки жылдын пландары тууралуу сөз козголду. «Беш миллиард доллар инвестиция боюнча макулдашууларга жетиштик. Кыргызстандын энергетикалык жана транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ири долбоорлор ишке ашырыла баштады. Биз тандап алган жолубуз менен ырааттуу жана ишенимдүү бара жатабыз»,- деди мамлекет башчы. 2014-жылы коррупцияга каршы күрөштү улантуу зарылчылыгын баса белгилеген Алмазбек Атамбаев: «Бул иштин жакшы жыйынтыктарын карапайым калк күндөлүк турмушунда мындан да даана сезгидей жүргүзүлүшү керек»,- деди.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |