МУРАСКЕРЛЕР

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

2013-жылдын башынан бери басылмаларда «Мураскерлер» аттуу корей сериалынын пиар акциясы башталып, аталган сериал көптөгөн корей атактууларынын башын бириктирери айтылган. Фильмде кыздардын сүймөнчүгү Ли Мин Хо башкы ролду аткарары белгилүү болгон. Түштүк Кореянын эң алдыңкы модель, ырчы, актёрлору катышкан сериалы кыргыз жаштарын да өз кучагына тартты.

БАЙЛАР ДА ЫЙЛАШАТ
Тасма бардар турмушта жашаган ак сөөктөрдүн балдары тууралуу окуяны баяндайт. Кызыгы, алар бай болгонунун запкысын тартышып, эрте чоңоюуга, оор чечимдерди кабыл алууга мажбур. Сериалда айрымдар үчүн акча – бакыт деп эсептелинсе, кээ бирлер үчүн сүйүү маанилүүрөөк экени далилденет.
Тасманын негизги каарманы 18 жаштагы Ким Тан, Кореяда таасирлүү корпорациянын президентинин мураскери. Ал АКШда окуйт, бирок Тандын чет өлкөгө кетүүсүнө окуусу эмес, улуу агасы Ким Вон себеп болгон. Иниси байлыктын баарын алып коёт деп корккон Ким Вон аны АКШга айдап жиберген эле. Чет жерде жүрүп Ким Тан ал жакка эжесин издеп келген Чха Ын Сан аттуу бийкеч менен таанышып калат. Мына ушул күтүүсүз жолугушуу эки жаштын жашоосун такыр башка нукка бурат. Экөөнүн ортосунда жылуу сезимдер пайда болот. Бирок Ким Тандын ата-энеси аны Рэйчел Ю аттуу байдын кызына кудалап койгон эле. Кедей кыз менен бай жигиттин арзуусу далай чиренген чиновниктерди чыйпылдатат. Чха Ын Санды дагы бир байдын мураскери, Ким Тандын мурунку досу Чхве Ён До да сүйчү. Сүйүү үч бурчтугунун тегерегинде чырмалышкан чырлар көп болот. Ким Тан менен Чха Ын Сандын мамилеси көптөгөн тоскоолдуктарга туруштук берип, соңунда Ким Тан сүйүүсү үчүн байлык-мурастан баш тартып, ашыгы менен бирге калат.
Ооба, сериалдын мазмуну кадимки Золушканын окуясын эске салат. Бирок жомокко да ишенүү пайда эмеспи, окурман.

АКТЁРЛОРГО АЯБАЙ ЖАККАНЫ – ӨБҮШКӨН ЭПИЗОД
Башкы ролдордогу актёр Ли Мин Хо менен актриса Пак Синхеге «Сиздерге эң жаккан эпизод кайсы?» деген суроого экөө тең өбүшкөн эпизодду айтышкан. Пак Синхе: «Режиссёр мага «азыр өбүшүшүңөр керек» дегенде аябай ыңгайсыз абалга түштүм. Ли Мин Хонун күтүүсүз жерден өөп киргенине таң калганымды айтпагыла. Чочуп кетип анын көйнөгүн катуу кармап алыпмын. Дал ошол эпизодду экрандан көргөндө катуу уялдым»,- дейт. Ал эми Ли Мин Хо: «Көпчүлүк биздин өбүшүүбүздү жасалма деп айтып жатышат. Бирок андай эмес, биз деле көрүүчүлөрдү ишендиргенге аракет кылабыз. Мен көп эле бул өңдүү эпизоддорду аткарып келем, башында эмоцияга берилип кетчүмүн, азыр тажрыйбалуу болуп өзүмдү башкарганга өттүм»,- дейт.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • Сериалдын баш каармандары актёр Ли Мин Хо менен актриса Пак Син Хе SBS каналы тарабынан «Экрандагы эң таттуу түгөйлөр» наамы менен сыйланышкан. Кызыгы, сыйлыкты Ли Мин Хонун сериалдагы атаандашы Чхве Ён Донун ролун ойногон актёр Ким У Бин тапшырган.
  • Фильмдеги 18 жаштагы окуучу балдардын ролун 23-26 жаштагы актёрлор ойногон.
  • Ли Мин Хо атайын ушул сериалдагы ролу үчүн сёрфингде сүзүүнү үйрөнгөн.
  • «Мураскерлер» сериалы корейлердин «Мыкты жигиттер», америкалыктардын «Ушакчы» сериалдарынын сюжетине окшош деп айтышат.
  • Сценарийин жазган Ким Ын Сук Кореяда белгилүү жазуучу, «Табышмактуу бак» сериалынын да сценарийин жазган.
  • Фильмдин айрым эпизоддору АКШнын Лос-Анжелес шаарында тартылган, тартуу иштери 1 айга созулган.

Душманга айланган эски досторду Чха Ын Сан кайрадан бириктирет.

Бул кадр элдин эле эмес, актёрлордун да эсинде калган.

ПАК СИНХЕ (ЧХА ЫН СА)

  • 1990-жылы 18-февралда Түштүк Кореянын Кванджу шаарында жарыкка келген.
  • Үй-бүлөдө 2 бир тууган, улуу агасы бар.
  • Кесиби ырчы, актриса. 2003-жылы 6-классында белгилүү топтун клибине тартылып, дебют жасаган.


КИМ У БИН (ЧХВЕ ЁН ДО)

  • Өз аты Ким Хён Жун, Ким У Бин сахнадагы псевдоними.
  • 1989-жылы 16-июлда Сеул шаарында туулган.
  • Кесиби модель, актёр. Чыгармачылыгын 2009-жылы моделдик кесиптен баштаган.


КИМ ЧЖИ ВОН (РЭЙЧЕЛ Ю)

  • Жаш актриса 1992-жылы 19-октябрда туулган.
  • 2011-жылы алгачкы жолу «Жакын адамыңды сүй» фильмине тартылып, дебют жасаган.
  • Японияда белгилүү ырчы катары таанышат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
13.01.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga Ynsan aiabai jagat.
13.01.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба магада аябай жагат! Park Shin Hye&Lee Min Ho
13.01.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо сонун пара болгон,ушул сериал озгочо жакты даа
13.01.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул сериал мага аябай жагат,
14.01.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da ayabay jagat
14.01.2014. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын интернеттен эмне деп жазып тапса болот бул сериалдын?
14.01.2014. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Merry, Наследники
14.01.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Merry, Саламатсызбы! Интернеттен издеп отурбастан, төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп деле көрсөңүз болот: http://www.super.kg/media/uservideo/105537/
14.01.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакты бул сериал.
15.01.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корея кинолору окшош бири бирине бай кыз болот кедей бала или наоборот дегендей
16.01.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
корейский сериалдарды коргондо аллергия болом
18.01.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда кордум наследникини ,аябай жакты ,корейс сериалдар кызыксыз чын еле бир бирине окшош болуп кетти ,бири бай бири кедей болуп бирок ли мин хонун сериалдарын чыдамсыздык мн кутуп кором.
18.01.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КИМ У БИН (ЧХВЕ ЁН ДО)сени сүйөмгооо.
18.01.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул сериал мага да жакты.
19.01.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино баягыле окуялар,актёр ж.а актрисалар мыкты ойногон
02.02.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагат ии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо