ЭКИ ЧОҢ ШААРДЫН «КОЖОЮНДАРЫ» КИМДЕР БОЛУШАТ?

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

Борбор калаабыз Бишкекке башчы болууга чамынып жаткан талапкерлер бар болчу. Айрыкча «Республика» партиясынын дымагы күч эле. Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынан Кубанычбек Кулматов көрсөтүлүп, бул фракция менен кошо көпчүлүк коалициясын түзгөн «Ата Мекен» жана «Замандаш» фракциялары талапкер чыгарышпагандыктан, «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов да Бишкек шаар башчылыгын колуна алуу максатынан баш тартты. Ал эми Ош шаарынан мэр болууга Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев талапкер катары чыгышты. Мырзакматов азчылыкта калган оппозициялык фракциядан, Кадырбаев көпчүлүк коалициядан көрсөтүлдү.

КУЛМАТОВ БАШКАЛАРГА «ШАНС» КАЛТЫРБАДЫ
8-январь Бишкек шаарынын мэрлик кызматына бир гана талапкерди, КСДП тарабынан көрсөтүлгөн Кубанычбек Кулматовду каттоо менен аяктады. Фракция лидери Алмаз Кененбаев: «Жакшы башкаруучу болуп эсептелген жана күчтүү саясий колдоого ээ талапкерди тандап алдык»,- деди. Ошентип, Кубанычбек Кулматов шайлоого атаандашы жок аттанганы турат. Анткени Кулматовдун аты аталган соң Бишкек шаардык кеңешиндеги «Ата Мекен», «Замандаш» жана «Республика» фракциялары өз талапкерлерин алып чыкпай турган болушту. Эске салсак, Бишкек шаардык кеңеши КСДПнын 21, «Республиканын» 11, «Ата Мекендин» 7 жана «Замандаштын» 6 депутатынан турат. Шайлоо 30дан ашуун депутат катышкан шартта жарактуу болуп саналат. Талапкер мэр болуу үчүн 23төн көп добуш топтоосу керек.
Кубанычбек Кулматовго келсек, коомчулук аны 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганынан бери жакшы тааный баштады. Бул кызматты ээлеп турганда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «Кулматов Орусия Федерациясынын жарандыгын алган» деп чыгышкан. Бирок Федералдык миграциялык кызмат «К.Кулматов Орусиянын жарандыгын алган эмес» деп жооп кайтарган. Былтыр август айында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп бекитилген. 50 жаштан ооп калган Кулматов Бишкекте төрөлүп-өскөн. Ак үй, Көк үйдөгүлөр арасында «өсө турган кадр» атыгып, атүгүл «күнү келсе, премьерлик менен президенттикке чейин барышы деле мүмкүн» деген жоромолдор айтылууда.

ОШ: КИМДИН БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ?
5-январь күнү Ош шаардык кеңешинин жаңыдан түзүлгөн көпчүлүк коалициясынан Айтмамат Кадырбаевди мэрликке талапкер катары алып чыгышты. Тагыраагы, «Замандаштын» атынан тапталууда. Апрель окуясынан кийин Кадырбаевдин бакиевчил күчтөр менен кошо 13-майда Ош мамлекеттик администрациясын басып алууга катышканы белгилүү. Колдоосу күчтүүбү, ага каршы козголгон кылмыш иштеринен ак чыгып, 2012-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.
Бул аралыкта экинчи талапкер Мелис Мырзакматовдун чөйрөсүндөгү ишенимдүү адамдары катардан чыгууда. Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп турган, «Улуттар биримдиги» партиясынын жүзү Таалайбек Сабиров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалып, учурдагы бийлик менен тил табышып кетти. Көп өтпөй партиянын штаб башчысы, өзгөчө кырдаалдар боюнча экс-министр Жаныш Рүстөнбеков «Улуттар биримдигинин» саясий кеңешинен чыгуу тууралуу арыз жазды.
Мэрликке талапкер катары көрсөтүүгө шаардык кеңештеги коалиция, фракциялар жана өкмөт башчы укуктуу. Премьер Жантөрө Сатыбалдиев 8-январь күнү эки шаардын башчылыгына тең талапкер алып чыкпай турганын билдирди. Ошентип, Бишкек жана Ош шаарларына кимдер «кожоюн» болушары 15-январь күнү билинет, анткени шайлоо ушул күнгө белгиленген. Балким, Ошто шайлоо эки турга созулат. Себеби көпчүлүк коалиция менен оппозицияда калган «Улуттар биримдиги» менен Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясынын добуштарынын айырмасы жалгыз бирөө гана.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(58)
13.01.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Мелис Мырзакматов,Ош эли баары бир сени менен,сени биз озубуз шайлайбыз.Аа Жаныш Рустанбековго соз жок,ар кимдин артын ... калган.
13.01.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
azamat.k, Аны коро жатарбыз, бутундой Ош эмес Кр МЕлисти колдоп, бир гана Аллахым жок десе, МЕлисин согуш ачса да Мэр болбойт, кыргыз Аллахымдан улук болуп кеттин козу ачыктык кылып.
13.01.2014. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оштун мэри Мелис эле болот
13.01.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Diana92kg, Ошонун болушун мен каалабайм. Анын жанына коп кишилер кетуудо. жакында озунун каралай башы эле калат партиясында...
14.01.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saysat, сен каалабай эле кой сенин калоон эч кимди кызыктырбайт
14.01.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zverchik, Анын мер болушун мен да каалабайм. Жалпы кыргыз эли каалабайт. А силердин жанталашып мерликке алпурушканынар эч кимди кызыктырбайт.
14.01.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lika02, Пффф ким айты сага жалпы кыргыз эл каалабайт деп, хахах ,оюна келгенди жаза бербе ок? аны баардык оштун тургундары колдоп келишет
13.01.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттар биримдиги партиясында 8 узбек бар дейт Алар кыргызга кандай жакшылык кыларын 2010 жыл кордук Мелис чын еле кыргыз ели учун иштейби?
13.01.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziz1990, Сага сунушум кооп коп окучу э Кудайга шугур ак эмгеги менен кызмат кылып келди эмне бишкектеги орустарды айтпайсын
Модератор admin_superstan түзөттү 13.01.2014 11:52
14.01.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KABBAN4IK, Озбектерге кошулуп, Баяманды жок кылгандардын бир ушул Мырзакматов турбайбы. Аны баардык жерде корсотуп жатат го.
14.01.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lika02, Баяман качан олгонун Мырзакматов качан депутат болуп келгенин билесинби сен атамбайдын кошаматчысы экенингоо маалым ошону кичине окшоштуруп соктурчу ато ишенбей калтабыз
13.01.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aziz1990, Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 8и өзбек улутунан. Алардын бешөө «Улуттар Биримдиги» фракциясына кирет. Мына ачык эле корунуп турат кимдин патриот экенин.
14.01.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xamer, короогоч экенсин балиии
14.01.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zverchik, Улутчул адам экени корунуп турат аябай, эми ушул озбектерди коркутуп уркутуп атат Мырзакматов. Муну таап чыккан жерим жок, Оштун ЦИКи берген маалымат. Чын чычалайт, калп каткырат болбой олтугулачы.
14.01.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aziz1990, КАРАМУШКИНАНЫ козун корбойбу
14.01.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zverchik, Орустар кыргызстанда тынч жашап жатат Карамушкина анча мынча балык депутаттарына караганда суйлойалат
13.01.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Melis alga alga jana algaaa!!!
13.01.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматов кандай мэр болуп берерин бизге эми убакытка гана корсото алат.,деги мурунку мэрлердин катасын кайталабаса экен
13.01.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saiha.84, Кулматов жакшы иштеген эле киши. Ал шайланбай калса, митингге кишилерди чагрбаса керек кээ бир кишиилерге окшошуп.
14.01.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lika02, кайдагы бир кишиге кунунор тушуп калыптырда бечаралар
14.01.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lika02, Анын колдоочусу жок болсо албетте чыгарбайтта
13.01.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Алга !
14.01.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
menedjer, Мелис артка! Артка жана Артка!!!
13.01.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis bolor beken,Melisti koldoim
14.01.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Konilove, Мелис акен, Базарком анын билими тайкы, ал Ошту онуктуро албайт. Колунан келбейт, мээси жетпейт!
13.01.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айтмамат аке менен кошуна элек илгери )) жакшы эле кишидей...
13.01.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Мелис Мелис. . Биз сизди кутуп жатабыз бизге башканын кереги жок
13.01.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаныш ака жон еле койбоптур да,аны эл колдойт бекен.
13.01.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматов Исага караганда жакшы иштеп, ишинен корсотот деген ишенимдебиз. Бул адамдын тажрыйбасы жакшы, таможняня алда канча которду.
14.01.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xamer, таможнян мышык ыйлагыдай акыбалда дагы эмнесин которду
13.01.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кулматов молодес киши деп угам. Ошко эки жакты болуп, жердешчил болбогон киши керек. Ошто коптогон улуттар жашайт алардын баарына бирдей мамиле кылган киши керек. Болбосо откондогудой уруш чыгат. Буга чейин жалан туугандары менен жердештерине таянган башкаруучулар келип, котон зордук менен башкарып келишти. эми мыйзамдуу иштегенге кез келди.
14.01.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lika02, Уруш кыргыз кедей башка улут бай болгондо чыгаарын кордук Кадыржан батыров Алишер Сабиров жб кыргызстанда байыды акыры емне болду?
13.01.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кулматов алга!!!
13.01.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына саткындардын жузу
13.01.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вообще то Мелис Мырзакматовду президент кылып клюу керек Кыргыздын эр азамат мыкты жигиттеринин бири мекенин элим жерим деп Кыргызстан учун иштейт, мисалга ала кетсен Ош окуясынан кийин Ошту кандай гана ондоп койду молодец Аллах Мелис Мырзакматовду колдосун
14.01.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip.nur91, Ооба да озунун чонтогунон чыгарып ондоп койду, ошол акчаны ким таап берген билесинби сен биринчи, же Мелис чонтогунон чыгарыптырбы, ой кулкуну келтиресинер да, Оштун бюджети 40% озунон калганы дотация Бишкектен керек болсо, анан дагы мактанып коюшат.
Модератор admin_superstan түзөттү 14.01.2014 10:15
14.01.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xamer, сизге эскертүү!
Комментарийиңиз түзөтүлдү! Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
14.01.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim_4, сизге да эскертүү! Тема боюнча жазыңыз! Жеке айтышууларга жол жок!
13.01.2014. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кулматов бишкек шаарына татыксыз мэр
13.01.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов алга сиз баары бир утасыз мен ишенем сизге
13.01.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мелис мырзакматовду жаныш бакиев крашавайт этет ушул кишиден жакшы мэр чыкпайт откондо оштогу митингдеги созун уктукго
13.01.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын КУДАЙ билет кимдин емгеги ак екенин.БУЙРУСА Мелис кайтып келет ел аны 100%колдооруна ишенем
14.01.2014. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камчыга сап боло турган адам М. Мырзакматов,Буйруса шайланат меерлике, бир ит коруп урот бир ит корбой урот боло бербегиле туугандар бири бирини ушактабай,жогурудагы ке бирин.
14.01.2014. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
камчыга сап боло турган адам М. Мырзакматов,Буйруса шайланат мерлике, бир ит коруп урот бир ит корбой урот боло бербегиле туугандар бири бирини ушактабай,жогурудагы ке бирин.
14.01.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе Хе жаман иттин аты бору басар дегендей, Мелисти Арстан кылып алгандарына боорум эзилгенче кулдум. ... дагы мине кылып йиет экенсинер?
Модератор admin_superstan түзөттү 14.01.2014 12:38
14.01.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lika02, сизге эскертүү!
Комментарийиңиз түзөтүлдү! Эрежелерден чыкпаңыз!
14.01.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat.k 13.01.2014. 11:21 Алга Мелис Мырзакматов,Ош эли баары бир сени менен, сени биз озубуз шайлайбыз...
Муну кандай түшүнсө болот? Аябай ишенимдүү айтылган го, эмнеге таянгансыз, мунун артында эмне бар...
14.01.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М,Мырзакматов президенттикти эле колго алыныз Кыргыз эли президент болуунузду кутуп турат бул бийликти тоготпогонузга мен 5+ кетем да бул бийликти айтпасада белгилуу алга Мырзакматов элдин умуту сизде бийликтин кошоматчылары беттен албай эле койгула мени
14.01.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim_4, бутундой кыргыз эли учун жооп бербечи!
14.01.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис агабызды Оштуктар колдоп атпайбы ошондон эле корунуп турбайбы кандай иштегени.Исаны ким колдоду иштен кеткенден бери баары ырас эле болду деп атышат.Эгер Мелис акебиз жегенде качан эле турмодо отурмак.
15.01.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга М.Мырзакматов алешаны сындырыныз эми ал кетсин татыктуу эмес эч нерсени чечалбаган бийликтин эмне кереги бар
15.01.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз женилдик эл женилбейт деген соз жакты,алга Ош,алга Кыргыз элим,Мелиске куч кубат,Кыргыздын келечегин ойлогон инсан сени менен.
15.01.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каламбур!!!айтышып отура бергиле.колунардан келгени ошол.
15.01.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис отпой калыптыр туугандар, айтышпагыла! Бул да болсо азыркы бийликтин аракети, шайлоо таза откон жок да адаттагыдай эле бул салтка айланган
18.01.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл учун иштегени учун Мелис акебизге рахмат,МЭР болушу учун элди тополонго эмес ТЫНЧТЫК МИТИНГИНЕ чакырганы учун. Кээ бироолорго окшоп башкалардын кучунон пайдаланып Бийлике келген жери жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо