№584 10-январь-16-январь, 2014-ж
Рахматулла ажы Эгембердиев 7-январь күнү муфтийликтен кетүүнү эп көрдү. Буга жаңы жылдын алдында ажынын төшөк мамилеси жашыруун тартылган видеонун интернетке тарап кеткени себеп болду. Рахматулла ажы аталган тасмадагы адам өзү, жанындагы келин никелүү аялы экенин танган жок.
«Мамлекет башчынын атына жамынып алгандар ушундай ишке барышты. Алар Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдулатиф Жумабаев менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев. Алардын ичинен биринчи фигура болгон А.Жумабаев мен муфтий болгонума чейин эле ажылыкка чоң кызыкчылыгы бар экенин айткан»,- деп билдирди Рахматулла ажы Эгембердиев. Өз учурунда А.Жумабаев көп күттүрбөй жообун таратып, «Рахматулла Эгембердиевдин мени айыптоосу далилсиз, эгер ал таптаза болсо, мени «интернетке порнотасма таратты» деп айыптагандан көрө нике күбөлүгүн көрсөтсүн» деп чыкты.
Эки тараптуу тартышып жаткандар да, алардын талашын күзөтүп тургандар дагы муфтиятта ажылык зыяратка жана башка иштерге байланыштуу чоң суммада акча айланарын айтышууда. Алсак, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиев «муфтиятта 5-6 миллион доллар көмүскө акча бар» десе, экс-муфтий Рахматулла ажы «ажылык зыяраттан бир жылда 9 миллион доллардын тегерегинде акча чогулат, 500 000 доллардын тегерегинде муфтиятка пайда калат» деп көрсөтүүдө.
Бир нече жылдан бери Кыргызстандын муфтиятынын айланасында чырлар токтобой келет. Мураталы ажы Жумановдун уурдалышы жана күтүүсүз өлүмү, Чубак ажынын муфтийликтен кетиши жана Рахматулла ажынын төшөк мамилесин жашыруун тартып, интернетке жайылтуу... Бул окуялар акыры келип муфтияттагы ири өлчөмдөгү акчага барып такалары, ага ээлик кылуу, бул тармакта бийликке жетүүнүн аракети экени айдан ачык көрүнүп турат.
Аталган порнотасма чыккандан тартып бүткүл Кыргызстан, айрыкча мусулмандар «Чын эле аялыбы же молдокенин сол жакка басканыбы?» деген аягы жок кызуу талкууга түшүп, бир жагдайды унутта калтырышты. Ажынын жеке жашоосуна кийлигишип, анын төшөк мамилесин жашыруун тасмага тартып, интернетке жайылтып, акыры аны муфтийликтен кетирип тынгандар кимдер? Акча үчүн, бийлик үчүн мынчалык ыплас кадамга баргандар кимдер? Жаңы шайлана турган муфтий жана анын тегерегиндегилерби? Тилекке каршы, бул окуя Рахматулла ажыдан соң муфтийликке келе турган адамга «акча үчүн ыплас жорукка баруудан кайра тартпайт» деген баа берип койду. Кыргызстанда күрөштүн, атаандашын катардан чыгаруунун ушундай ыплас жолу өнүгө баштаганы абдан кейитет.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
ваман йаьмал мискоола зарротин шаррой йарох
99 Сура Аль-Зилзала 7-8 аят