Кыргызстан туристтер үчүн дүйнөдөгү ЭҢ ЖАГЫМДУУ өлкөлөрдүн катарында 3-орунду ээледи. Тизмени жарыялаган GlobeSpots интернет-порталы «Кыргызстан кадимки туристтик жайлардан тажагандар жана жер кезүүдөн эргүү алгысы келгендер үчүн» деп жазган.
- Өкмөт 2014-жылга башка мамлекеттерден келүүчү эмгек мигранттарынын квотасын 13 миңге чукул киши деп бекитти.
- Курамында НЕФРИТ бар 14 ташты сатуу боюнча ачык аукцион жүргүзүлө турганын өкмөт жарыялады. 16 тоннанын тегерегиндеги таштардын ар бир килограммынын старттык баасы 10 доллар деп белгиленди.
- АКШнын Коргоо министрлиги Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанды «КООПТУУ ӨЛКӨЛӨР» тизмесинен алып салды.
- Ош шаарындагы ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫГА өрт койгусу келген эркек киши УКМК тарабынан кармалды. Маалыматка ылайык, экстремизмдин тарапташы болгон Р.Б. элди коркутуу жана майрамдык иш-чараларды үзгүлтүккө учуратуу үчүн ушундай кадамга барууну пландап жаткан.
- Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 1992-жылдан бери 6 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА жакын грант менен кредит алган.
- ЯНВАРЬ айы республика боюнча демейдегиден суук болорун Гидрометеорология боюнча агенттик маалымдады. Бул айда аба ырайынын орточо температурасы 3° климаттык нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Эльвира Караева
politika@super.kg