ИС АДАМДЫН ОРГАНИЗМИНЕ КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

Ис (CO же көмүртек кычкылы) – түтүндүн курамына кирген уулуу кошулма. Дээрлик бардык күйүүчү заттар жана материалдар түтөгөндө, быкшып күйгөндө бөлүнүп чыгат.

  1. Ис жана кычкылтек аба менен барып адамдын дем алуу жолдоруна кирет.
  2. 2Өпкөдөн кан тамырларга барганда ис кандагы гемоглобин менен кошулуп, карбоксигемоглобинди пайда кылат.
  3. Карбоксигемоглобин кычкылтекти ткандарга, клеткаларга жеткирбей тосмолоп коёт. Гипоксия келип чыгат.

Гипоксия – бүтүндөй организмдин, анын ичинде органдар менен ткандардын кычкылтектин жетишсиздигине кабылган абалы.
Кычкылтектин жетишсиздигинен өзгөчө борбордук нерв системи, жүрөк, боор жана бөйрөк ткандары жабыркайт.

УУЛАНУУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Жеңил уулануу
0,08%
Баштын оорусу, аба жетпей муунуу, баш айлануу, көкүрөктөгү оорутуу, кургак жөтөл, кусуу, бир нерселердин көзгө көрүнүп, кулакка угулуусу (галюцинация), артериалдык басымдын көтөрүлүшү

Орточо деңгээлде уулануу
0,32%га чейин
Кыймылдай албай сенейүү (шал болуу абалы), аң-сезимди жоготуу

Оор уулануу
1,2%дан жогору
2-3 дем тартканда эле аң-сезимди жоготуу, карышып-тырышып калуу, дем алуунун бузулуусу (адам 3 мүнөткө жетпей көз жумат)

БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Врачты чакыруу

Врач келгенге чейин...
Жеңил ууланууда жабырлануучуга нашатырь спиртин жыттатуу, кофе же күчтүү демделген чай ичирүү
Оор ууланууда жабырлануучуну таза абага алып чыгуу же колдо бар болсо противогаз кийгизүү, жакшыраак дем алуусу үчүн кийимдин үстүнкү топчуларын чечип коюу, тегиз жерге ыңгайлуу кылып жаткызуу, керек деп эсептелсе жасалма дем алдыруу

«УУЛАНБОО ҮЧҮН МЕШТИ УБАГЫНДА ОҢДОТУУ КЕРЕК»
Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн жетекчиси НУРЛАН ИБРАИМОВ:
– Жеке менчик үйлөрдөгү меш, морлордун бузуктугу, газ жабдыктарынын техникалык жактан эрежелерге жооп бербей жатышы ис газына ууланууга себепкер болууда. Коркунучтуусу, бузук мешке көмүр жагып коюп, иске ууланып калуу көбүнчө түнкүсүн болгондуктан, үйдө жаткандар истин жытын сезбей уктай беришет. Андыктан уулануунун алдын алып, бузук меш, газ плита менен түтүктөрүн адистерге көрсөтүп, оңдотуп алуу кажет. Өрттүн айынан да иске ууланбоо үчүн электр өткөргүчтөрүн эрежеге ылайык улап, куроо керек, үйдө тамеки чеккен бойдон уктап калбоо зарыл.
Иске ууланып каза тапкандар да бар. Мурун Сокулук районунун Жал айылында бүтүндөй бир үй-бүлө ууланып көз жумгандыгы коомчулукка жарыяланган. Дагы бир мисал, үч эже-сиңди мешке көмүр жагып уктап калышып, бузук мештен көмүрдүн иси чыга берип, экөөсү ууланып көз жумган. 2013-жылдын 18-июнунда Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен өрт чыгып, түтүн батирлерге чейин кирген. Натыйжада бизге иске ууланган 6 адам келип түшүп, дарыланган.
2013-жылдын 17-декабрында Аламүдүн районунун Чыгыш айылынын жашоочусу 6 жаштагы баласы менен иске ууланып келди. Алардын уктоочу бөлмөсүнөн өрт чыгып, баласынын 2 буту да күйүп калган экен.

СТАТИСТИКА
(Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнөн берилген маалымат)

  • 2012-жылдын 1-декабрынан 2013-жылдын 1-апрелине чейин иске ууланган 181 адам келип түшүп, бешөөсү каза тапкан.
  • 2013-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларында 42 адам келип түшкөн.
  • 2014-жылдын 1-январынан 14-январга чейин 16 адам келип түшүп, дарыланган.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
24.01.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык жерде темирди ширетуу иштеринде адамга кандай зыян бар?
20.02.2014. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым озу сактасын аябай коркунучтуу оору
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо