ТУУРА ТАМАКТАНУУ – ДЕН СООЛУКТУН САКЧЫСЫ

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

Ар бирибиз даамдуу тамак жегенди жакшы көрөбүз. Бирок ал тамактар организмге канчалык пайдасын же зыянын тийгизип жатканына көп деле маани бербейбиз. Ал эми ден соолуктун чың болушундагы эң маанилүү нерсе – туура тамактануу.

ТАМАКТАНУУНУН ЭРЕЖЕСИ

  • Адам бир күндө 4 ирет: эртең менен, түштө, күүгүмдө жана кечинде тамактануусу керек.
  • Дайыма белгиленген убакта, шашпай жана майда чайнап жегенге аракет жасаңыз.
  • Алдын ала бир апталык аш тизмек түзүп, ага карата керектүү азыктарды гана сатып алууну адатка айлантыңыз. Бул азык-түлүктүн бузулбай, ар дайым жаңы болушун шарттайт.
  • Кечки тамактануудан кийин дароо төшөккө шашпаңыз. Ортодон 1,5-2 саат өткөзүп, анан уктоо керек.
  • Кыймыл-аракетиңизге жараша тамак жеңиз. Аз кыймылдагандар, спортчулар көп кыймылдап иштеген адамдарга караганда азыраак өлчөмдө жеши керек.
  • Көрсөтүлгөн азык пирамидасын эске алып тамактаныңыз.

ИЧЕГИ ҮЧҮН СКРАБ
КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Сулу үлпүлдөгү – 5 аш кашык
Суу – 5 аш кашык
Сүт – 1 аш кашык
Бал – 1 чай кашык
Жаңгак – 5 даана

ЖАСОО ЫКМАСЫ:
1. Сулуну кайнатылган муздак сууга чылап бир түн калтырып коюңуз.
2. Эртең менен ага сүт, бал жана майдаланган жаңгакты аралаштырасыз. Муну жегенден жарым саат мурун кайнатылган суу ичип алыңыз.
3. Даяр болгон боткону ач карын майда чайнап жеңиз. Бул сиздин күнүмдүк эртең мененки тамагыңызга айланса, ден соолугуңуздун ишеничтүү сакчысы боло алат.
Эскертүү! Боткону жеген соң 3 саат эч нерсе жеп-ичпеш керек.
Жыйынтык: Чачыңыз, тырмактарыңыз жана териңиз жакшырат. Ал эми курсагыңыздын кадимкидей тартылганын байкоого болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
20.01.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мен таттууну аябай жакшы кором э отказ кыла албайм.Тамак жебесем да таттуу жеп журо берем.Ошон учун семиздиктен арыла албай келем жадап буттум ширин жеп семирип....
21.01.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура тамактанууга абдан конул бурам бирок кееде пендечилигим кармап мен да таттууга жакынмын,аял заты дегеле таттууну жакшы коробуз,ошондуктан озубуз да таттуубуз да
21.01.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен таттуу жесем деле семирбейм неге?
26.01.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umutai, ичинде курт бар болсо керек
21.01.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат, супер инфо абдан пайдалуу кенешиниздер учун!
21.01.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулу улпулдок дегенди тушунбодум
21.01.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIKA2704, овсяные хлопья(геркулес)
24.01.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sasa84, рахмат!
22.01.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ne jese semiret?
22.01.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен мен дагы ушул суроону берейин деген элем сулу деген эмне деп рахмат сага sasa84
22.01.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
денсоолукка кам коргон озубузго пайдалуу. Рахмат силерге. Мумкун болсо сигаретти кантип ташташ керек ошол блюнча маалымат берсениздер жакшы болот эле.
22.01.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип арыктайм достор.
26.01.2014. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичеги учун скрабды 3 кун болду баштаганыма жыйынтыгын жакшы болот деген умуттомун!
28.01.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семиртпейби кийин бул
11.12.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куугум дегенге тушунбодум?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо