МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо болуп өттү. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалгыз талапкер болуп чыккан Кубанычбек Кулматов борбор калаа Бишкектин башчысы, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал эми Оштун «кожоюну» Мелис Мырзакматов жеңилүү ызасын тартып, чилде чыгары менен чоң күрөшкө аттанарын жар салды.

КУЛМАТОВ ЭМНЕ ДЕП УБАДА БЕРДИ?
Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан көрсөтүлүп, Бишкектин жаңы мэри болуп шайланган Кубанычбек Кулматов жакынкы айлардын ичинде шаар ичиндеги жол кыймылын тартипке келтирүү, таштанды жана жарык берүү маселелери менен алек болорун айтты. Мыйзамсыз курулуштар жана жер тилкелерин сатуу боюнча: «Мэриянын саясаты катаал болот. Мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүшү керек. Жер тилкелерин сатууга каршымын. Салык жана бизнес үчүн эң жакшысы бул – ижарага берүү»,- деди К.Кулматов.
Шайлоо процессине келсек, 45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешине 15-январь күнү 43 эл өкүлү келди. Кулматовго мыйзамга ылайык мэр болуу үчүн 23 добуш деле жетмек, бирок аны 43 депутаттын 41и колдоп берди. 2 бюллетень жараксыз болуп калды. Экс-мэр Иса Өмүркуловду кызматтан түшүрүү үчүн көп убара чеккен оппозициялык «Республика» фракциясынын өкүлдөрүнүн маанайы да көтөрүңкү болуп турду. Атүгүл анын лидери Мирлан Жээнчороев жыйын учурунда ыр да окуп жиберди. Шаардык кеңештин «ата мекенчи» депутаты Союзбек Салиев айткандай, добуштар карыз иретинде берилди көрүнөт, ишеничти актаар деген үмүттө.
Кубанычбек Кулматов 51 жашта. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. 2004-жылга чейин ишкердик менен алектенген. Бажы кызматында он жылга чукул эмгектенип, анын төрагалыгына чейин өсүп жеткен. Бишкектин мэри болуп шайланганга чейин өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү болуп турган.

МЫРЗАКМАТОВДУ ДЕПУТАТТАРЫ «САТЫП КЕТИШТИ»
Бишкек мэрин шайлоого караганда Ош шаар башчысына добуш берүү процесси коомчулуктун көңүл чордонунда болду. «Замандаш» фракциясынан көрсөтүлгөн Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Белгилей кетчү жагдай, Мелис Мырзакматов түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык кеңеште 21 депутаты бар. Мырзакматов 19 добуш алды. Бир бюллетень жараксыз болуп табылып, ал эми калгандары Мырзакматовду эмес, Кадырбаевди тандап кетишти.
Добуштар саналып бүткөндө, таң эртеден Ош шаардык аянтына чогулган Мырзакматовдун жоон топ тарапташтары кыйкырык-сүрөөн башташты. «Жаңы шайланган мэр, шаардык кеңештин депутаттары аянтка чыксын! Эгерде биздин талап аткарылбаса, анда Мелис Мырзакматовду элдик мэр кылып шайлайбыз» деп жатышты митингчилер. Шаардык администрациянын имаратына бастырып кирүүгө аракет жасалып, каршылык көрсөткөн милиция кызматкерлерине таш ыргытылды. Добуштар белгилүү болору менен сырттагы чогулган элдин алдына чыккан Мырзакматов: «Шайлоо бүттү, биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт»,- деди. Экс-мэр тарапташтарын бул күнү мыйзамсыз иштерге барбоого үндөп, «Мени «Улуттар биримдигинин» кээ бир депутаттары «сатып кетишти». Азыр чагымчылдыкка алдырбай, үйүңөргө тарап кеткиле. Ташиев менен Келдибековдун кейпин кийип калбайын. 15 күндөн кийин чилде чыгат, мына ошондо чоң күрөшкө аттанабыз. Жазда жаңы толкун, жаңы күч менен келели, баары жай-жайына коюлат»,- деди.
16-январь күнү Ош мэриясынын 3 вице-мэри, мэриялык аппараттын жетекчиси, муниципалитеттин 4 бөлүм башчысы жана басма сөз кызматынын бардык кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышкандыгы белгилүү болду.
Ош шаарына жаңыдан мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаев 48 жашта. Кара-Суу районунда туулган. Кесиби боюнча экономист. Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Мадумаров:«МЫРЗАКМАТОВГО ОКШОГОНДОРДОН КУТУЛУУ КЕРЕК»
Шайлоого эки күн калганда, 13-январда интернетте Мелис Мырзакматов тууралуу видеотасма пайда болду. Алгач бул баян макала иретинде гезиттерге жарыяланган эле. Анда экс-мэрдин басып өткөн жолу чагылдырылган.
Ушул эле күнү Коомдук телеканалдын «Жаңылыктар» берүүсү аркылуу белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров сүйлөдү. Ал учурда Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештигинин кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө. «Биз жергиликтүү деңгээлде ой жүгүрткөн регионалисттерден кутулушубуз керек. Мен интернеттен Мелис Мырзакматовдун «Ош – менин шаарым» деп жатканын көрдүм. Мындай жоруктарга катаал формада тыюу салуу зарыл. Ар бир облус же шаар башчысы өзүн «кожоюнмун» деп атай берсе, анда өлкө ыдырап кетүү коркунучунда калат. Регионалисттер – мамлекеттин башкы душмандары. Бийликтин вертикалын күчөтүү кажет. Бишкекте кабыл алынган чечимдер айыл өкмөткө дейре так жетип, түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин партиялык тиешелүүлүгүнө карабастан толук аткарылышы шарт»,- деди А.Мадумаров.
Видеотасманын шайлоого 2 күн калганда мамлекеттик негизги телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшүн Мырзакматовду каралоо катары кабыл алгандар болду. «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев «кеп Мырзакматовду каралаганда эмес, мындай көрсөтүүлөр элди экиге бөлүп жатат» деп сыпаттады.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(236)
23.01.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайлоодо кордунорбу, бир депутат атын билбейт экеним чакыч чайнап, шайлоо бутоор буткучо мээсин да чайнап алды, ошондой депутаттарга Ошту, Кыргызстанды ишенип тапшырса болобу, эшиктеги карапайым элдин кызыкчылыгын ойлогон жок, чакыч менен кошо мээсин, Ошту кошуп чайнап алды, Уят депутаттарга!
25.01.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurjana83, ошондойлор четтен чыгат
23.01.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ernispatriot,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
23.01.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Madumarov myrza siz owenttip aitkandan uyalbadynyzby
23.01.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мадумаров озуну элге жек корсоттун, мындан ары элден колдоо кутпосон деле болот го дейм.
23.01.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакматовду коралбаган айбандар!Мадумаров Атамбайыга сатылганго байкуш!!!
23.01.2014. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мырзакматовтун иштегенин коралбаган жогорудагылар аларга окшоп Мелис акеда жеш керек эледа элге кылбастан кызмат.Силер менен кошо жеген адамды алып келип койдунар,Ошту Мелис гана гул кылат башканарга ишениш жок,оозунарда баарын бутуросунор колунардан пок келбейт вобще эмне кылдынар КЫРГЫЗСТАНГА
23.01.2014. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jakyp92 туштуктун эли ынтымактуу калк. А тундуктун эли туштукту ошон учун коро алышпайт. А тилге келсек орусчаны ар бир эки созунордо колдосонор силер саткын эмес экенсинер дагы диалектилик соз менен суйлогон оштуктар тилин саткан болот экен да э. Мектепте жакшы эле окугансынбы?
26.01.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kymyzkyz, озум Тундук жактан болсом да , созуно кошулам.
26.01.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kymyzkyz, бирок беш кол тен эмес дегендей. Жаман улут болбойт, жаман эл болот.Ортодон бироо Туштуктун элин жамандаса калганы кошулуп кетишет.Кыргыздар ушундайбыз да, ээрчиме калкпыз...
23.01.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мадумаровко бир суроо Адахан мырза кече эле бул бийликти жамандап журдунуз эле эми болсо жылуу креслого отуруп азыркы бийликти жактап калыпсыз.Эртен эгерде бул бийлик куласа анда кимди жактайсыз .Сиз хамелеон экенсиз.Убагында Мелис мырза сизди колдоп сиз менен бирге Ошто митингке чыканы эсинизде чыгып калган окшойт.
23.01.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
uyat! uyat! uyat! Melis myrzakmatov jenildinbi boldu ket da eldi da meenida ozundu da kiynabay!
23.01.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адаханчик-питомец Атамбаева!!

Кто поспорит?

Мадумаров Адахан, сен Атамбаевге арканды такадын, туурабы?
Мага ким кошулат?
23.01.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз мелис менен!
24.01.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелистей Ошто эчким иштеген эмес
24.01.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис мырзанын эмегин эли баалайт, ал элдин журогундо чыны патриот адам катары эсте калат, кудай буйурса кайра бийлике келип эли учун дагы чон-чон ийгиликтуу иштерди жасайт деп ишенем жана Мелис мырза элин сени менен деп айталам
24.01.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мырзакматов суйлогондо жаш-кары дебей ыйлап жибериштиго.........ал ар бир адамдын журогундо.....студентпи..мугалимби...сатуучубу....жонгана жашоочубу ...иши кылса баары колдогонун угам... Анын кылган ишин анча мынча адам кыла албайт...и кыла елек.
25.01.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаарына асылба!таластыксынбы ,чуйлуксунбу,биз Оштуктар силерге эч жамандаык каалабайбыз,Асылбаа,Ош которулбосун,кийин кеч болот,кыргыз!Кызыкбаа Ошко!Айрыкча Jakyp92,talas.vegas
25.01.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мадумаровду илгери жакшы иштейт тилду бизге ушдай ажо керек дечумун азыр жок карап корсом.Чиновниктердин кылганы иши жок Мелисти чукуп атышат анын эл учун кылган ишинин булар чекнсин да аткара элек.
25.01.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин айылым, менин шаарым, менин олком дегендер гана оз эли, оз жери учун кызмат кылат деп эсептейм. Ош меники деген принцип менен Мырзакматов Ош шаарын гулдотуп койду аз убакыттын ичинде. Ал эми Кыргызстан жалпыбыздын уйубуз дегендер мен кылбасам башкасы кылаар биздин олко учун деп 15 жыл жеди да кетти.
25.01.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис- биз сизди колдойбуз!!!
25.01.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мырзакматовдун кылган ишин баарыбыз билип коруп атабызго,анан кантип аны каралаган адамдар чыгып атат,анын ишин кылган бир ганан ленин болгон,кыргыздан мындай киши жок ,ак уй жасай албаган иштерди жасап бийликти уят кылды,бирок мырзакматов келечек алдыда
25.01.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар бир созго асыла берсек жакшылыка жетпейбиз ош меники деген болсо ошону жакшы жагын карайлы. жогоруда бироо айткандай куйгонунон айтат. Мырзакматовду бардык каналдардан монстр кылып корсотту, бирок эл озу тараза. Бекеринен эл ал жонундо жакшы созун айтпаса керек. Биз нерсенин жакшы жагын эч качан айтпайбыз. жада калса жумурткадан кыр таап ошонун жаман жагын айтканга шашабыз. Ал эми политиктерибиз СМИ ни колдонбой "ЭРКЕКЧЕ" курошсо андан да жакшы болмок
25.01.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер кг... Мен бул видио тасманы коргом бирок силер дагы алдап жазып койупсунарго... Жок дегендер аз болчу а силер коп кылып коюпсунарго... Мен силерге ич качан ишенбей калдым..
25.01.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарыбир Мелис мыкты! Ажыдаардын куйругун басып алды АША. Ал эми Мадумаров кошоматчы болом деп кадырын айрандай токту! Эми анын чыныгы оратор экенинне эле эл ишенбесе, айткан созуно, берген убадасына, эч ким ишенбейт! Ага тек гана АШАнын жанында гана журууго мумкун болуп калды.
27.01.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dooron, туура айтасын
25.01.2014. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы иштеп аткан кишини иштен алды, ушуну коралбай ичи таар ичиде ит олгон олгон ити курттап кеткен биздин чондорго мин наалат!
25.01.2014. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эштеке болбойт,башкалар деле иштешсин,сен жакшы эле иштеп алдын,эми байлыгын деги бар,тынч эс аып жашай бер да.
26.01.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dostor deputatar 50000$dan satylywyptyrda alar jakynda jazasyn alat kudai bargo akyry myna adaxan degen kuituva ne jok aitkylachy bul lolu aiyldarga baryp loluluk kylganda baary koldoptur bul nak lolu turbaiby kim kuchgu bilso owonun artgna bekinip jawap
27.01.2014. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахамды жакшы адам деп ойлоп журонлем жана колдойт элем ашанын артын ж.п калыптырда а мел иске келсек кудайым озу колдосун сизди Ошол мээси жок атка минерледен кудайым сактасын сизди оздору жакшы иштей албайт иштегенди коро албаган айбандар
27.01.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адахамдын тили эле бар эмне иш кылып койду оратор а мелис иши менен корунду элге. согуш болгон жерде шаар жок дегенде 5 жыл аркага кетет, а мырзакматов кыска убакытта озуно келтирди го шаарды эмнеге бийлик тушунбойт баткендеги чыр чатакты чечпей темселешет
27.01.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин Мадумаров! Адахан деген атына татыктуу болбой калдын го. Эми сени элин жана колдоочуларын эч качан кечирбейт. Бутун кыргизстан деген партияна эми жарты кыргызстан деп ат коюп ал
27.01.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кишинин прическасы, лицосу знакомый че та
29.01.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aipo89,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо