КАРГА КАРГАНЫН КӨЗҮН ЧОКУБАЙТ

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

15-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш жана жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун колдобой коюшту. Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан мыйзам долбоор колдоо тапса, «мамлекеттик чыккынчылык», «паракорчулук» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш кылган чиновниктер убакытка шылтап кылмыш жообунан кутулуп кете алышмак эмес.
Добуш берүүгө 99 депутат катталып, 44ү «макул», 55и «каршы» деген добуш беришкен. "Ата Мекен" фракциясы мыйзам долбоорду 100 пайыз колдосо, КСДП, "Ар-Намыс" жана "Республика" эки ойдо калып кетишти. Ал эми "Ата Журттун" 1 дагы депутаты "макул" деген добушун бербөө менен 100 пайыздык каршылыгын көрсөттү.
Аталган мыйзам долбоорду “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан. Учурда жогоруда аталган беренелер боюнча 10 жыл ичинде кылмыш мөөнөтү эскирет. Мыйзам долбоору кабыл алы­нып калса, анда 2003-жылы «Кумтөр» боюнча мамлекетке зыяндуу келишимди ишке ашырышкан деп айыпталып жаткан чиновниктер кылмыш жообуна тартылышмак. Ал келишимдин алкагында экс-министрлер Болот Абилдаев, Темирбек Акматалиев, ошондой эле учурдагы парламенттеги депутат Курманбек Осмоновго айып тагылган. Мамлекетке келтирген зыяндары үчүн жооп берип калуудан качып, мыйзам долбоорго каршы добуш бергендердин аты-жөнү менен бул жактан тааныша аласыздар.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
20.01.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жатып ичээр депутаттар. Сидер ушунча кара озгойсунор. эптеп эле кун коруп журосунор. бизнесинерди гана ойлойсунар. бирин бир татыктуу иш кыла элексинер. Эми бул мыйзамды колдобой, ким экенинерди даана далилидединер.
20.01.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каршы добуш берген депутаттарды кандай тушунсок болот?
20.01.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каршы чыкпаса азыркы бийликтин копчулугу Акаев, Бакиевтин убагында иштешкен, макул болушса оздору эле отуруп калышмак
20.01.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшекке жабуу жапсан деле эшек дейт эмеспи,анык эшектер силерсинер, депутаттар! Эл ишенип шайласа силер кайра элге душман болдунар. Эшекке окшошуп калп эле ажылагандан башка эч нерсе билбейсинер, озгочо Ата-журттун депутаттары
20.01.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мыйзамга каршы добуш бергендердин баары жеке бизнестерин коргоп, чонтогун толтурганга барышкан.
20.01.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каршы добуш берип жатканда элдин бетин кантип карайм деген ой жок дегенде биринердин мээнерге келди болду бекен...
21.01.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каршы болгон депутаттардын катарнда Жолдошова айым да бар экен,кечоо теледен суйлогон созун угуп коруп,чын эле озунун артын тазалап жаткандай экен.,болбосо каршы болмок эмес да.,анан да депутаттарыбыздын арасында баары эле булганган деп айта албайм арасында ар кайсы фракциядан жаш,журогу карага малына электери да бар,эми ошолор кучтуулук кылып калган карт борулорду суруп,аранарды тазалагыла демекмин!!!
21.01.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элди ойлобой коздорун май басыптыр да кубалаш керек буларды.
23.01.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тескерисинче Текебаевтин озуно тиешелуу А,Юсуповтун сот ишине карата Омурбеке иш козголуп жатат ошондон улам ал озгортууну сунуштаган,паракорчулук корурция же ушул сыяуктуу.Атка минерлердин копчулугу камалып кетип жатат ушул мыйзамга озгортуу киргизели же алып салалы деген ал озун ойлоп айтканы,Депутаттардын каршы болгону туура чечим ким кылган кылмышын мойну менен тартат.Депутаттар копту буларды да 1-моонотко шайлоо керек президент 1-жолу шайланат ошол сыяктуу ато кесипке айлантышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо