АШПОЗЧУ МУЛЬТИКАЗАН

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

20-кылымдагы техниканын өнүгүшү өндүрүштө адамдын күчүн жарым-жартылай алмаштырууга жетишти. Ал эми 21-кылымдагы заманбап тиричилик техникалары жалкоо келиндердин тилегин орундатууда. Мына ошондой керемет буюмдун бири мультиказан тууралуу маалыматка назарыңызды бурабыз.

ЭМНЕ БОЛГОН КАЗАН, ЫЯ?
«Мульти» англисчеден которгондо «көп» деген маанини берет. Аты айтып тургандай, бул идиш көп тамактын түрүн бышырууга ылайыкташкан жана автоматтык режимде иштейт. Шорподон тартып палоону да басып жибере турган бул казан тамакты ысытканга жана көп убакытка чейин ысык бойдон сактап турууга жарайт. Мындайча айтканда, өзү жалгыз көмөч казан, буу казан жана мештин кызматын аткарат. Баасы 3 миңден 20 миң сомго чейин турат.

ИШТӨӨ ПРИНЦИБИ
Бул казанда тамакты даярдоого бир же бир нече этаптан турган программа аркылуу тийиштүү температура, басым жана мөөнөт берилет. Тамак жасоодо ортодон дагы кошумча азык кошууга туура келсе, анда мөөнөтүн белгилеп буйрутма берип койсоңуз, ошол маалда казан ишин токтотуп, сизге белги берип турат. Кошо турган азыктарыңызды кошуп, тамакты аралаштырып, андан соң тамак даярдоону уланта бересиз.

КАМ КӨРҮҮ
Казандын ичиндеги тамак бышуучу идиши күйгүзбөөчү катмар менен капталган. Андыктан анын ичин тазалоодо катмарына зыян келтирбөөчү каражаттарды колдонуу зарыл. Айрыкча кислота жана идиш жуучу зымы бар щёткаларды пайдаланууга болбойт.
Капкагындагы буу чыгаруучу тешиктери буу менен кошо чыккан заттар топтолуп отуруп бүтөлүп калат. Өз убагында тазалап турууну унутпаңыз.

РЕЖИМДЕР
Мультиказандын жөнөкөйлөрүндө тамак даярдоо үчүн 4-5 программа бар болсо, жакшыларында 20дан ашат. Казандын түрүнө жараша 50дөн ашык режим бар.Алардын негизгилери төмөндө көрсөтүлгөн:
Кайнатуу. Бул режимде шорпо, ботко сыяктуу тамактарды жасаганга болот.
Макарон бышыруу. Мында макарон, пельмен, вареник, хинкал жана башка кайнак сууга бышырылуучу тамактардын баарын бышырууга болот.
Демдөө. Этти же жашылча- жемиштерди демдөөгө ылайыкталган режим.
Кактап бышыруу. Сууну аз талап кылган азык-түлүктөр бышырылат.
Күрүч/гречка. Аталган режим күрүч, гречка, буурчак, фасоль өңдүү даярдоодо сууну көп талап кылуучу ири дан эгиндерин бышырууга ылайыкталган.
Палоо. «Күрүч» жана «кактап бышыруу» режимдери бирге иштейт. Алгач жогорку температурадагы «кайноо» режими ишке киришет да, аягында 5-10 мүнөт «кактап, кууруп бышыруу» режими пайдаланылат.

КОШУМЧА РЕЖИМДЕР
1. Бууга бышыруу. Бул режимде айрым тамактарды даярдоого ылайыкталган торчо колдонулат. Ал идиштин ичине орнотулуп, котлет, жашылча-жемиштерди, эт, балык, жумуртканы бууга бышырууга багытталган.
2. Жылуу кармап туруу. Даяр болгон тамакты бир нече саатка чейин ысык бойдон сактап турат.
Эскертүү! Көпкө ысык кармап турууда эзилип кетпей турган азыктарды гана бул режимде узак убакытка кармап турууга болот.
3. Жылытуу. Муздап калган азык-түлүктү жылытуу үчүн 50-60 градустук температурадан ашпашы керек.
4. Узак мөөнөттүү даярдоо. Бул режимде керектүү азык-түлүктөрдү бир убакта салып койсоңуз, сиз каалаган учурда тамак даяр болуп калат.

КООПСУЗДУКТУ ДА УНУТПАҢЫЗ

  • Мультиказанды суусу бар идиштердин үстүнө, жанына коюуга болбойт.
  • Түбүнөн тартып капкагына чейин ысыткычтар бар болгондуктан, анын тегерегине башка буюмдарды 15 сантиметрден жакын жолотпош керек.
  • Буу чыгуучу тешигинин бүтөлүп калуусуна жол бербеңиз. Жарылууга алып келет.
  • Өтө чоң көлөмдөгү азык-түлүктөрдү, фольгадан жасалган металл пакеттерди же идиштерди салса аппарат күйүп кетет.
  • Көбүгү ашып-ташый турган азык-түлүктү бышырууга болбойт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
20.01.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jakshy maalymat. Alyp koldonup korish kerek eken.
20.01.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоң рахмат,ушул маалымат абдан керек эле
20.01.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгыла соонун нерсе кечинде каша салып таймерди коюп койом эртен менен жаны даяр болгондой болуп калат жана оромо аябай соонун болуп бышат дымдама да аябай даамдуу болот баасы да ото жогору эмес.
21.01.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мм жакшы буюм экен бир эки баш учун. анан фасоль деп жазыпсынар кыргызчасы жокпу?
22.01.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок табигый казанга жетпейт го менимче.Женил оокаттын зыяны коп болчу эле...
22.01.2014. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат как раз сатып алайын деп жаткан элем
22.01.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ммм...жакшы нерсе экен.Жумуш деп журуп кечинде тамак жазаганга жетишбей калабыз.Ошол учурда аябай эле жардам берет окшойт.
25.01.2014. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jamalym туура айтат, озубуздун казанга жетпейт. Себеби, бул ыкма европанын элдеринде кенири колдонулуп натыйжада, рак оорусун пайда кылууга негиз тузгон. Женил оной оокат дегенибиз мн ушундай мультиварка, микроволновка, тез кайната салуучу электрический чайниктердин зыяны ото коп.
27.01.2014. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде brand деген марка бар жакшы 5 литрлик баарын жасаса болот т.е. салып койсон озу жасайт саатында очот мага жагат
08.07.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Выпечкаларды аябай сонун жасайт анан тез да даяр болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо