«ООРУП ТУРАТ ЖҮРӨГҮМ» АРМАНДУУ СҮЙҮҮДӨН ЖАРАЛГАН

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Жаным сыздап, ооруп турат жүрөгүм,
Жалгыздыктан абдан жадап, жүдөдүм.
Жакыныңдан айрылуу да бат белем,
Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм...- мына ушундай ыр саптарын обонго салып Айбек Карымов ырдап жүрөрүн билебиз. Аталган ырдын жаралуу тарыхын ырдын автору, акын Гүлмира Рысбаева баяндап берди.

«ЭЖЕМ СҮЙҮҮ ҮЧҮН ЖАНЫН КЫЯМ ДЕГЕН»
– Бул ырды мен 1990-жылдары жазгам. Өзүм мектепте мугалим болуп иштечүмүн. Ошол жылдары Медер Кыдыршаев деген ырчы жигиттин жылдызы жанып, популярдуу болуп турган. Кийинчерээк көзү өтүп кетти. Ал жигиттин «Коштошуу» деген ыры алигиче эсимде:

«Жан курбум, жашыбай,
жакшы кал, курбум,
Жаңылып түндө узадым,
Жазганы ушул тагдырдын.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш
алба,

Коштошуу эмес, ажал да...»- деген саптарын угуп аябай таасирленгем. Тобо, мындай ырды кандай учурда, кандай адам жаратты болду экен деп таң калгам. Сөздөрүн уксаң, бул дүйнө менен коштошуп бара жаткан адамдын ыры да. Бул ыр 2-3 жыл катары менен хит болду. Ошондон кийин ырлардын текстине көңүл бөлүп, маани бере баштадым.
Бул жылдары башымдан мындай окуя өттү. Тууган эжелеримдин бири катуу ооруп, ооруканага түшүп калыптыр. 6-7 күн комада жатты. Мен анда Ысык-Көлдө жашачумун, Бишкекке келип эжеме каралашып калдым. Кийин уксам, ал эжем сүйгөнүнө таарынып өлөм деп дары ичип алыптыр. Анан оюмдан баягы Медер Кыдыршаевдин «Коштошуу» деген ыры кетпей койду. Ырлар, көрсө, ушундай учурда жаралат турбайбы. Адам жакынына капа болгондо бул жашоону таштап кеткиси келип, кээде «баары бир өлөм да» деген ой келгенде керемет ырлар жаралат окшойт деп калдым. Эжемди карап жүрдүм, бирок өзүнөн эмнеге ушундай жолго барганын такыр сурай албай койдум. Мен анын абалын билип жаттым. Үйгө барганда дароо эле шатырата «Ооруп турат жүрөгүмдүн» 2 куплетин жаза салдым. Кийинчерээк 3-куплетин жаздым. Ошол бойдон эле дептеримде сакталып калган.

Акын Гүлмира Рысбаева жаш ырчы Бек Исраиловдун апасы экенин көпчүлүк биле бербесе керек.

«АЙБЕК КАРЫМОВ КӨП ЫРЛАРЫМДЫН ИЧИНЕН УШУНУ ТАНДАП АЛДЫ»
– Ал кезде жазган ырларымды эч кимге көрсөтпөй, басып чыгарбай, көңүл бөлбөй, үйдө эле жатчу. Бул ырга аталыш деле ыйгарган эмес элем. Ортодо борборго көчүп келдим. 2000-жылдары декреттик өргүүдө үйдө отургам. Үйгө бир күнү Айбек (ред. Карымов) келип калды. Экөөбүз Токтогулда чогуу өскөнбүз, айылда кошуна элек. Мен 1980-жылы мектепти бүтүп кеткен бойдон Айбекти көрө элек болчумун. Ал аскерден келгенден кийин Жалал-Абаддагы музыкалык техникумда окуп жатканын кулагым чалган. Келип, ал-абалды сурашып көпкө чейин кобураштык. Айбек сүйлөшүп отуруп «Жалал-Абадда жүрө берсем өсчүдөй эмесмин, атайын Бишкекке келдим» деди. «Сен менен таштак жолдо баратсам да, Сезилет көл үстүндө бараткандай...» деген ырын ырдап бергени да эсимде.
Ошондон кийин биздикине бат-баттан келип турчу болду. Бир күнү «ырларым бар, карап көр» деп ыр жазган дептеримди карматып койдум. Көпкө чейин ырларымды карап отуруп, бир ырды алып кетти. Карасам, баягы «Ооруп турат жүрөгүм» деген ырды алыптыр. Мейли деп капарыма да алган эмесмин. Бир айдан кийин обон жазып, ырды кассетадан мага угузду. Акыркы 4-куплетин кошуп, сөздөрүнө өзгөртүү киргизип алыптыр.

«АЙБЕКТИН ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ЫРДЫ ЖАЗЫПТЫРМЫН»
– Эмнеге ушул ырым жагып калды деп ойлосом, көрсө, ошол учурда Айбектин жүрөгү ооруп турган кези экен. 4-куплеттеги «Жалгыздыктан абдан жадап, жүдөдүм... Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм» деген саптар Айбекке таандык. Анын жеке жашоосунда бир кыйынчылыктар болгон. Ошол маалда бул ырга обон жаралды. Ичиндеги бурганакты ушинтип басты окшойт.
Көп өтпөй эле ыр популярдуу болуп кетти. Ыр хит болгондон кийин ичимен өзүмө батпайм десең. Эжем «эмне деген ыр жазып бергенсиң, жашооң ушунчалык эле кыйын болуп жатабы?» деп аябай жемелеген. Ар ким ар кандай кабыл алды, көбү шек санап, «ыр өз жашоосунан алынган окшойт» деп ойлошсо, кээси түшүнүү менен кабыл алышты. Билишимче, Айбек бул ыры менен бир топ сынактарга катышып, жеңүүчү аталган.

Айбек Карымов:«ЫРДЫН ЖЕКЕ ЖАШООМО ТИЕШЕСИ ЖОК»
– Мен сахнага чыгам деп талпынып жүргөн 2000-жылдар болчу. Гүлмира эже менен бир айылда чогуу өскөнбүз, Бишкекке келгенде анын үйүнө тез-тез барып турчумун. Эженин ыр жазарын деле билчү эмесмин. Бир күнү өзү айтып калды, акындык жайы бар экенин. Ыр дептерин карап, ушул ырга көңүлүм түштү.
Жалгыздык жөнүндө көп эле ырларды уккам, бирок бул ырдын сөздөрү башкача эле, айрыкча «Сени таштап учуп кетсем куш болуп, Таалайыма ошол тагдыр туш болуп...» деген саптарына аябай таасирлендим. Автор деле бул ырды жөн жерден жазбаса керек. Бул текстке шаңдуу музыка жазыш мүмкүн эмес болчу, текстти алгандан кийин обонун үйдө отуруп эле жазып койгом. Айрымдар ойлошу мүмкүн «Айбектин башынан өткөн окуя го» деп, жеке жашоомо тиешеси жок. Жашоодо ажырашууга, жалгыздыкка кабылган адамдар көп. Чыгармачыл адам болгондон кийин алардын абалына кирип, жүрөгүнө жакын ырды табууга аракет кылабыз.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Ооруп турат жүрөгүм" ыры кимге арналган?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
24.01.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат мааанилуу ыр бул ырды укканда башыман откон оор кундорду эстеп ыйлагып келип кетет Айбек Карымов комуз м-н уккулукту ырдаган.
SUPER.KG видео
25.01.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркетай билем сен окуйсун) Чыгармачылыгына ийгилик,Аллахым сени колдосун! Белгилуу журналистка бол)
27.01.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
уфффффф
27.01.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх менинда оруп турат журогум.
27.01.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн сонун ыр.
27.01.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдын тарыхы кызыктуу экен.
27.01.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatsyzdarby super saittyn jamaaty?
Meder Kydyrshaevdin tigi "Koshtoshuu" degen yryn juktop koyosunarby bolso
27.01.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhan.Choyubekov,
Ал ыр Болот Тасмаевдин аткаруусунда бар экен http://www.super.kg/media/audio/90691/
28.01.2014. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
damir007, choon rahmat
27.01.2014. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек Карымов: Гүлмира эже менен бир айылда чогуу өскөнбүз, Бишкекке келгенде анын үйүнө тез-тез барып турчумун. Эженин ыр жазарын деле билчү эмесмин. Бир күнү өзү айтып калды, акындык жайы бар экенин. Ыр дептерин карап, ушул ырга көңүлүм түштү. дебей эжени сыйлап суйлосо болмок. Кантсе да эже ырдын автору экен
27.01.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбектен башка бироо ырдаса, вр мындан да сонун болуп,хит болмок. Анткени куудулдар айтмакчы Айбек тили чыга элек баладай ырдайт да...
27.01.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shazi, аххах в точку айттыныз да
27.01.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек Карымовдон башка бироо ырдаса окшошпой калмак!Комузда эркин чертип ырдаган ырчылар саналуу гана!
27.01.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ыр.
27.01.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Талантына таш ыргытпагыла Абдан сонун ырдаган .Мисалы мага жагат.Колунардан келеби силер да ырдап чыккыла сахнага эл алдына
28.01.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбек карымов талантуу адам бир жылдын ичинде бутуна туруп коп ырларды жараткан инсан
28.01.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдер "а" дейбиз "б" дейбиз, озубуз ошондой кыла албагандан кийин жон эле олтурсак
28.01.2014. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A Gulmira Eje bizdin Mathematikadan bergen ejebiz :)
28.01.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
28.01.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырдайт
28.01.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш балага окшоп ырдайбы кишилерге окшоп ырдайбы кантседа ырчыда
28.01.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек ырларын керемет!Азаматсын.
SUPER.KG видео
29.01.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat,Aibek baike.Bir kezde sizdin yrlarynyz menen oorugamyn.
31.01.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек агабыз коп кыйынчылыктарды басып отуп ушул денгээлге жетти.Ал менин агамдын досу болот.Жандуу ырдай алган профи --ырчылардын бири.Сырттан туруп сын айтуу оной.Туболук ырдалуучу ырларды жаратты-Айбек агам азамат.
31.01.2014. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбек байкенин талантын баалайм ,бирок бир жолу супер инфодо ,гуланда экоосу апасынан уйбу ,же сарайбы талашып урушуп жургонун окуп ,жаман коруп ,аябай байлык деп напсисин тыйа албаган адам экен деп ойлоп калгам .катуу тийсе кечириниз
01.02.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zarifa_love, ооба мен да окуганмын.апасынын уйун суздуруп салыптыр деп((
SUPER.KG видео
26.05.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбек сенин ырларын аябай сооонун ырлар сенин ырынды талбай угабыз бири бирине окшобогон ырлар чыгармачылыгына ийгилик сенин ырларынды жалпы эл ырдайт азаматсын алгалай бер оркунун оссун бактылуу бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо