Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп келген ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ жетекчи болуп дайындалды.

- Жогорку Кеңештин депутаты ШИРИН АЙТМАТОВА декреттик өргүүсү бүтүп, ушул аптанын башында жумушка чыкты.
- Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 6500 ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ болсо, анын 4500ү оңдоого, жарык чагылдыруучу элементтеринин жаңылануусуна муктаж.
- КАЛЫБЕК КАЧКЫНАЛИЕВ Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси кызматынан бошотулду.
- Ош шаарынын жаңы шайланган мэри АЙТМАМАТ КАДЫРБАЕВ 21-январда шаар башчылык кызматына киришти.
- Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ 20-январда мэриядагы биринчи аппараттык жыйынын өткөрдү.
- Балык чарба департаменти өз отчётунда 2013-жылы департамент тарабынан браконьерлер жайган 242 МИҢ МЕТР торлор жок кылынганын көрсөттү.
- ЖКнын депутаты РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ Бишкекте өткөн «Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» аттуу акцияга катышып, «биримдикке кирүү менен мигранттардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөт» деген пикир чындыкка дал келбей турганын айтты.
- Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бүгүнкү күндө республиканын аймагында 137 КАЧКЫН бар экенин маалымдады.
- Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон указга ылайык, айыл чарба жана мелиорация министри ЧЫҢГЫЗБЕК УЗАКБАЕВ
ээлеген кызматынан бошотулду.
- Билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ Кыргызстанда 2014-жылы жалпы республикалык тестирлөөнү бир учурда өткөрүү пландалып жатканын билдирди.
- Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы Боинг 737-800 үлгүсүндөгү жаңы келген учактардын бирине жазуучу ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгарды.
- Өкмөт 23-февраль, 1-май, 7-ноябрь майрам күндөрүн иш күн катары белгилеп, жаңы жылдык каникулду узартуу максатында 1-2-3-январь күндөрүн расмий түрдө ЭС АЛУУ күндөрү деп кароону сунуштоодо.
- Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен ТУРАТБЕК ЖУНУШАЛИЕВ өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана улгайган адамдарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлердин эмгек маянасы 3800 сомдон 6500 СОМГО көтөрүлдү.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg