«Сармерден» берүүсүнүн алпаруучусу Талант Карагулов:«ЫЙЛАП ЖАТКАН ЖЕРИМДЕН ЫРДАП КИРЧҮМҮН»

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

«Сармерден» берүүсүндөгү шайыр жеңе менен эрке баланы билет чыгарсыз. Демек, кепти телеберүүнүн шаңына шаң кошкон алпаруучусу эрке бала, тагыраагы, Талант Карагулов менен улантабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери
– Нарын облусу, Ак-Моюн айылы
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 11-апрель
Сүйүп укканы – Cаякбай Каралаевдин аткаруусундагы «Манас» эпосу, элдик дастандар
Корккону – Жашоонун тез өтүп жатканы
Билими – Кыргыз Улуттук консерваториясынын салттык музыка бөлүмүн аяктаган

– Куш келипсиз, Талант мырза, алгач кесибиңиз тууралуу кеп баштасак...
– Сүйлөө чеберчилиги, алпаруучулук жөндөм да өзүнчө Кудайдан берилген өнөр болсо керек. «Көрө-көрө көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң» дейт эмеспи, чыгармачыл адамдар менен көп баарлашып, ой алмашып, алар менен азыктанып, сөз байлыгымды толтурдум окшойт.
Мурун Эрке бала деген ат менен тамадалык кылып жүрчүмүн. Ошол тойлордун биринде «Сармердендин» режиссёру Сагын Ниязалиева мени байкап калып, алпаруучулукту сунуштаган. Алпаруучулуктан сырткары комузда, аккордеондо элдик ырларды ырдайм. Өзүбүздүн 4 жигиттен турган «Теңир-Тоо» деп аталган тобубуз да бар.

– Сармердендин тарыхына көз чаптыра кетсек...
– Сармерден деп илгери ар тараптуу, таланттуу кыз-жигиттердин айтышын айтчу экен. Анда жаңылмач, акыйнек, күү айтыш, бири-бирине каймана айтуу, айтор, баары кирген. Ошентип айтышып отуруп эле кыз-жигиттердин ортосунда махабат оту жанып, үй-бүлө кургандар болгон экен. Сармерден бул – таза, аруу, бийик өнөрдүн туу чокусу деп ойлойм, мына ушунусу менен элдин тамырын кармай алды болуш керек. Анан да көбү «алдын ала даярданып аласыңарбы?» деп сурашат. Берүү түз эфир сыяктуу, катышуучулар алдын ала даярданышпайт. Эгер жаңылып калышса, кайра түзөп айтууга мүмкүнчүлүгү болбойт.

– Эфир учурунда көп эле кызыктуу окуялар болсо керек. Эсте калганынан айтып бербейсизби?
– Бир жолу жигиттер кыздардан жеңилип калып, кыздар бир килтейген чыныга айранды куюп келип «ушуну ичесиңер» деген тапшырма беришкен. «Жигитти намыс өлтүрөт» дейт го, арасынан бир улуу байке келип, баарын ичип бүткөндөн кийин чынысын элге көрсөткөн. Дагы бир оюнда мырзалар жеңип алып, кыздардын командасынан бирөөнү өзүбүзгө кошуп алганбыз.

– Алгачкы жолу эфирге чыкканда өзгөчө толкунданууларга тушуксаңыз керек?
– Мага эфирге 4-5 күн калганда кабарлашты, «эфирге чыгасың» деп. Чынында, аябай коркком. Алдымда аттуу-баштуу өнөр адамдары, Эл артисти, Эмгек сиңирген артисттер, дөө-шаалардын баары отурса, анысы аз келгенсип залдагы эл сенин оозуңду тиктеп отурушат. Албетте, сүрдөйсүң, сарсанаа болосуң. Же мурун журналист болбосом, кайсы камерага карарымды билбейм. Айтор, эми кандай болуп калат деп бир топ кооптонгом.

– Кеп нугун өзүңүзгө буралы. Кайсы жердин кулуну болосуз?
– Атам комузчу, мендеги талант атамдан берилсе керек. Ата-энем чабан болуп, кыр-кырларда көчмөн элибиздин салтын улап жүрүшкөн. Учурда экөө тең үйдө чарбачылык менен алектенишет. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, эки кыз, эки уул, мен эң улуусу болом. Балалыгым Ак-Сай жайлоосунда мал багып, ат чаап, тоонун боорунда ойногон күндөр менен эсте калды. Кичинемде шок, шамдагай, шайыр бала элем. Жайлоодо сыналгы деген жок, үналгыдан Рыспай, Асанкалый аталарыбыздын ырларын көп укчумун. Аккордеондун үнүн уксам дароо кулак түрүп, көкүрөгүмө отургучту кысып алып кыңылдап жүрө берчү экенмин. Ал кезде аккордеон кандай болорун билген эмесмин да. Анан да ыйлап жаткан жеримден «кана, ырдачы» деп суранышса, ыйлаганымды унутуп калып, таштын үстүнө чыга калып эле ырдап баштаганым эсимде.

– Үй-бүлөлүүсүзбү?
– Ооба, 19 жашымда мени менен чогуу бир окуу жайда окуган Айнура Бердигулова деген кызга баш кошком. 20 жашымда кыздуу болдум, кызым Акылай 1-класста окуйт. Үйлөнгөнүбүзгө быйыл 8 жыл болот, учурда 2 кыз 1 уулдун ата-энесибиз.

– Эрте үйлөнгөн экенсиз да...
– Эрте үйлөнүшүмө да өнөр себеп болгон. Жубайым Айнура белгилүү кыл кыякчы, ал консерваторияда 1-курста, мен да элеттен келип, жаңы окууга тапшырган кезим. Экөөбүз таанышып, абалкы ата-бабаларыбыздай эле ак нике, ак сүйүү менен баш кошконбуз.

– Орусча аралаштырбай, таза кыргызча сүйлөйт экенсиз, дос-курдаштар менен деле ушинтип сүйлөшөсүзбү?
– Колдон келишинче нукура кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылам. Кыздарым да буга көнүп калышкан. Бош убактымда кыздарыма кыргыздын илгерки жомокторун окуп бергеним жагат. Негизи, унутта калып бараткан нукура кыргызча сөздөр менен баарлашып, адамга таасир калтыргым келет.

– Кыздар бойдок экен деп тийишип алган учурлар болобу?
– Андай көп эле кездешет. «Үй-бүлөлүүмүн» деп жооп берип коём.

– Жакындарыңыз, айылдаштарыңыз сиз менен сыймыктанышса керек...
– Атым чыккандан кийин «аа, баланчанын баласы» деп мени тааныгандар көп. Кээде мен тааныбаган эле улуу кишилер жаныма келип, мактоолорун айтып калышат. Ойлоп коём, жакындарым, ата-энем деле ичинен сыймактанышса керек деп.

– Учурда өз тарыхын билүүгө кызыкпаган жаштарды кантип патриоттуулукка тарбиялоого болот? 
– Бирөөнү күчтөп, зордоп «ушуну билишиң керек» деп таңуулай албайбыз, ал адамдын дээринен. Батыштын жеңил музыкасы менен жеңил жашоосун кыялдангандарды «Сармерден» сыяктуу көрсөтүүлөр менен каалоосун ойгото алышыбыз мүмкүн. Өз тарыхыбызды, салтыбызды унутканыбыз биздин келечегибизге аброй алып келбейт.

«Биздин максат – ата-бабаларыбыздан калган сармерден оюнунун өмүрүн узартуу, кийинки муунга өткөрүп берүү».

«Кичинекей мамлекетимдин өзөгүн түзгөн адамдар. Жубайым, кызым жана уулум».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(18)
27.01.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы сонун
27.01.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жапшаш болуп уч баланын ата-энеси.азаматсын
27.01.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
созго чечен
27.01.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
көз тийбесин..2дүйнөнүн бактысына байыгыла.
27.01.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жакшы берүү болду, элге жаккан. Берүүнүн үстүндө иштеген чыгармачылык жамаатка ыраазычылык.
Муну да казактар менчиктеп албаса болду, "биздики" деп. Жылтырагандын баарына эле көз артып жатышат. Баса, алардын "Алты бакан" деп аталган, ушуга окшогон берүүсү бар экен.
27.01.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
27.01.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga suilogonu aiabai jagat, erke jeneden jakwy alparat. Azamatsyz!
28.01.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур. Соз байлыгы абдан сонун экен. Уй булолук тугонгус бакыт каалайм.
29.01.2014. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ушундай патриот кыргыз элим кыргызча суйлойм деген адамдарга таазим азыр жаштардын баары 70%и орусча суйлоп калды Талант азаматсын
29.01.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, соз байлыгы кенен экен.
29.01.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat Talant!!! CHynygy kyrgyzdyn byiyk onoryn orkundoto ber...
31.01.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Ушундай адамдардан улгу алып кыргызча так суйлошубуз керек. Ал эми Сармердинди ким демилегелеп алып чыккан болсода чон ырахмат айталы!
02.02.2014. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантына баа берем, чыныгы создук казынасы бай адам.
06.02.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат дегенден башка соз жок.Тынч бол,бактылуу бол.Тойдун коркун аябай ачсан керек.Жубайын да озуно жарашкан экен.
27.02.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага "Сармерден" берүүсү аябай жагат. Талант, атыңа затың жарашкан азаматсың! Сагын Ниязалиеванын сени тандап алган "көзү ачыктыгына" рахмат! Телеберүү аркылуу Сен канча адамга - улуу-кичүүгө, айрыкча жаштарга үлгү көрсөтүп жатасың! Кыргызда сендей жигиттер көп болсо экен. Үй-бүлөң менен жашоонун жакшылыктарына гана күбө болуп жүрө
24.03.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактоого татыктуу жигит

уй-булолук бакыт каалайм!!!
12.03.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
12.03.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо