-

2014-жылы өкмөт тарабынан мамлекеттик ишмер
ИСХАК РАЗЗАКОВ жөнүндө даректүү тасма жаратуу пландалууда.

-
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчиси Азысбек Исраиловду кызматтан бошотуу буйругуна кол койду. Аталган кызматтын жетекчилигине АЗИСБЕК ШАКИРОВ дайындалды.
-
ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставын түзүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.
-
27-январь күнү өлкө башчы диний маданиятты өнүктүрүүгө багытталган «ЫЙМАН» ФОНДУН түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.
-
Мурдагы премьер-министр ИГОРЬ ЧУДИНОВ 28-январда «Бажы биримдиги: коркунучтар жана тобокелдер» аттуу тегерек столго катышып жатып: «Бажы биримдигине өз убагында кирбесек, экономикалык блокада жаралат»,- деген пикирин билдирди.
-
Президенттин Жогорку Кеңештеги жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү МОЛДАКУН АБДЫЛДАЕВ 29-январда парламент депутаттары менен таанышты. Ал буга чейин президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары боюнча иш алып баруу бөлүмүн жетектеп иштеген.
-
28-январда 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда экономика министри
ТЕМИР САРИЕВ өткөн жылда кен иштетүүдөн бонус катары мамлекеттик казынага 853 миллион сом түшкөнүн маалымдады.

-
28-январда премьер-министр
ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ Баткен облусунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек арага жакын жайгашкан айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга 2014-жылы 180 миллион сом бөлүнөрүн билдирди.

-
29-январда Жалал-Абаддын Аксы районунда мал издегени чыгып, дайынсыз жоголгон 5 МАЛЧЫНЫН сөөгү кар көчкү астынан табылды.
-
Президент
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ Кыргызстанда 2014-жылды – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады.

-
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2014-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы калктын саны 5 МИЛЛИОН 777 миңден ашты.
-
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги учурда өлкө боюнча 1056 китепканада 19 МИЛЛИОН 125 МИҢ 820 китеп бар экендигин билдирди.
-
Президент Алмазбек Атамбаев 27-январда түрмөлөрдөгү 3 МИҢ 700 соттолгон адамдарды бошотуу боюнча мунапыс мыйзамына кол койду.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
Кайта кайта окуп тушуно албадым. Неге андай кол коюлду, жана алар кимдер деген суроо туулат экен.
Сатыбалдыев жебесе
Коомда жебейт эле