ТУБАСА ИЧЕГИСИ ТУЮК, ЖАТЫНЫ ЖОК ТӨРӨЛГӨНДӨР КӨБӨЙҮҮДӨ

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж

Учурда тубаса майып балдардын саны өсүп жаткандыгы тууралуу көп айтылууда. Мунун себеби эмнеде жана анын алдын алсак болобу деген суроого жооп издеп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баш бактык. Анткени республика боюнча оорукчан, анын ичинде тубаса майып туулган балдардын көбү ушул жерге келип дарыланышат.

«КОШ БОЙЛУУ АЯЛ ӨЗҮН КАРАБАСА, БАЛА ООРУКЧАН ТӨРӨЛӨТ»
Алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору КАМЧЫБЕК УЗАКБАЕВди кепке тарттык:

– Камчыбек мырза, сизге алгач учурда тубаса майып балдар көп төрөлүп жатабы деген суроону узаткым келип жатат...
– Акыркы 5-6 жылда майып туулган балдардын саны 15 пайызга чейин өстү.

– Кайсы оорулардын түрлөрү менен көп төрөлүүдө?
– Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2013-жылы жаңы катталган тубаса майыптардын саны 3414кө жетти. Мындан сырткары 2014-жылдын январына карата өлкөдө 1-17 жашка чейинкилерден 20 815 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар экендиги такталган. Булардын жарымынан көбү тубаса майыптар. Кандай оорулар менен көп төрөлө тургандыктарын карап көрөлү:
1-орунда нерв системинин аномалиясы (баш мээге суунун толуп кетиши, омуртканын туура эмес өнүгүүсүнөн улам жүлүндүн сыртка чыгып төрөлүшү, церебралдык шал оорусу, баш мээнин шишиги жана башка) турат. Ал эми андан кийинки 2-орунду жүрөк кемтиги, 3-орунду органдардын аномалиясы (кулагы же жатын кыны жок, ичегиси сыртка чыгып төрөлүү жана башка), 4-орунду кол-буттун аномалиясы (канча бир манжасы жок же бир буту кыска, май таман, колу кыйшык жана башка) ээлейт.

– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлбөшүнүн кантип алдын алса болот? Эмнелерди билүү кажет?
– Балалуу болууну пландагандар 6 ай же 1 жыл мурун врачтарга текшерилип, аз кандуулук жана өнөкөт оорусунан дарылануулары зарыл. Боюнда болордон 3 ай мурда болочок баланын денесинин өсүп калыптанышына керектүү фолий кычкылын жана кээ бир керектүү витаминдерди ичиши абзел. Ал эми боюнда болгон өзгөчө алгачкы 3 ай ичинде врачтар тарабынан коюлган талаптарды аткаруулары кажет. Анткени алгачкы 3 айда баланын дене мүчөлөрүнүн түзүлүп, калыптануусу жүрөт. Ушул мезгилде аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан алыс болуп, сапаттуу тамак-аштарды колдонуп, өз алдынча дарыгердин уруксатысыз дары-дармекти ичпеши керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, УЗИден текшерилип туруусу кажет.

«ТУБАСА НЕРВ ООРУЛАРЫ МЕНЕН КӨЛДӨН ЖАНА ТҮШТҮК АЙМАКТАРДАН КӨП КЕЛҮҮДӨ»
Нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси БАКЫТБЕК КАРАЧЕВге кездешип, төмөнкүдөй маалымат алдык:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 800 бала түшүп, 320сына операция жасалган (айрымдарына этап менен). 800 баланын 70 пайызы тубаса хирургиялык нерв оорулары (баш мээ жана жүлүн) менен ооругандар. Аларга мээсине суу толуп төрөлгөндөр, мээсинин катуу кабыгы сыртка чыгып калгандар, моюн жана көкүрөк, бел туштагы жүлүндүн грыжасы менен жарыкка келгендер бар. Булардан тышкары мээсинин толук катмары жок (мээнин өзөгү менен каракуш мээ гана бар болуп, калганын суу басып турат), арткы мээнин грыжасы (грыжа экинчи баштай болуп көрүнүп калат), мээнин шишиги менен туулгандар келет. Айта кетчү нерсе, дал ушул баш мээнин тубаса шишиги менен төрөлгөндөр акыркы 5 жылда көбөйдү.
Тубаса нерв оорулары менен балдар көп келген аймактарга Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Баткен кирип жатат. Балдардын мындай майып төрөлүп калышынын башкы себеби эненин сапатсыз тамак-аш колдонуусу, стресстер, жыныстык жактан жугуучу оорулар менен ооруусу, фолий кычкылынын жетишсиздиги, ичкилик ичип, баңгизатын пайдалануусу жана башка болууда.

«1 ЖЫЛДА 300-350ДӨЙ НЫШАН БАЛАГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ»
Бет-жаак хирургия бөлүмүнүн жетекчиси АЛТЫНБЕК МАМЫРАЛИЕВ өз сөзүндө буларды баяндады:

– Бизге бет-жаактын түркүн оорулары менен ооругандар келишет. Анын ичинде нышан (эрини, таңдайы жырык), жаактын шишиги менен тубаса туулгандар бар. Нышан боюнча 1 жылда 300-350дөй балага операция жасалат. Бул мурунку 5 жылга караганда көбүрөөк. Мындай майып балдардын төрөлүшүнө негизинен энелеринин жакын туугандарына баш кошуусу, боюнда бар кезде жугуштуу оорулар менен ооруусу, ичкилик ичүүсү, химиялык каражаттардын жана радиациянын таасирине кабылуусу себепкер.


«КӨКҮРӨГҮ ИЧКЕ КИРИП ЖЕ СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТКЕНДЕР БОЛОТ»
Ал эми №1-хирургия бөлүмүнүн врач-хирургу, Саламаттыкты сактоонун отличниги НУРБЕК АМАНБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин бөлүмгө 2013-жылы 880 бала түшүп, алардын 530уна операция жасалган. Тагыраак айтканда, бизге ичегиси сыртка чыгып калгандар (ичегилери киндиктен сыртка чыгып калат), ичегиси, кекиртеги же көтөн чучугу туюктар, көчүгүндө шишик (тератома) өскөндөр, көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып кеткендер келишет. Булардан тышкары манжалары биригип келгендер, май тамандар, жатыны же жыныс кыны жоктор, ичегилери туура эмес жайгашып калгандар, жамбашы чыгып туулгандар сыяктуулар алынып келинип, операция жасалат. Минтип төрөлүп калган балдардын саны акыркы жылдары көп болууда. Көкүрөгү ичке кирип же сыртка чыгып туулуп калгандар мындан 6-8 жыл мурун Көлдөн көп келчү, азыр саны азайды. Ал эми Миң-Куш жана Нарын тараптан мээнин шишиги менен абдан көп келишчү эле, азыр алар да азайды (сыягы, радиациянын таасиринен улам). Жогорудагы оорулар менен тубаса төрөлүп калуулардын башкы себеби – энелердин болочок баласынын ден соолугуна кайдигер карагандыгы.



«ЖЭЭНИМЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»
НУРКАН СЫДЫКОВА, Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 43 жашта:
– Учурда 1 жаш 4 айлык жээним Алымбекти карап жатам. Ал тубаса гидроцефалия (башка суу толуп кетүү) менен төрөлгөн. 5 айында Оштон башына туура эмес операция жасашкан экен, бул жерден нейрохирургия бөлүмүндө кайра операция жасашты. Азыр баланын абалы жакшы, врачтарга рахмат. Алымбектин оорукчан болуп төрөлүп калуусуна апасынын кош бойлуу кезинде ооруганы себеп болдубу же башкабы, так билбейбиз.

 


«БАЛАМДЫН ЭРДИН ТИГИШТИ»
ХАЛИМА МЕЙСАНОВА, Бишкектин тургуну, 33 жашта:
– Балам Абдыкерим 9 айлык. Нышан болуп төрөлгөн эле, 7 күн мурун бет-жаак хирургия бөлүмүндө операция жасашты. Азыр баламдын абалы жакшы.
Боюмда барда катуу сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылбастан өз билгенимдей дарылангам. Ошонун кесепети тийдиби деп ойлойм.

 

 

 

 

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(62)
10.02.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ар бир наристеге ден соолук берсин,Окуп алып аябай журогум ооруду.
10.02.2014. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун жар боло кор ар бир наристеге энелер эсинерге туйуп алгыла
10.02.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх кудайым озу сактасын.
11.02.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ кудайым озу сактасын!
11.02.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай өзү сактасын. Бирок кудайда сактанганды сактайт.
15.02.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurik_9597,туп-туура кудай сактасын деп отура бербей озун да реальный аракет кылышын керек
11.02.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи байлык ден соолук деген соз жон эле ыр сабы эмес. Айтарым, бардык нерседен: акчадан, той топурдан, дегеле баарынан жаш баланын ден соолугу биринчи орунда болуш керек. Тукумду улантабыз, адамзаттын эзелки жолун улайбыз деп жаралганбыз жашоого. Врачка баралбаган кундо да, аялынын келбетине кара сразу эле корунот эмне ни то болсо, аял озу да ойлонуш керек..... Дубайда, бир баланын бойго буткондон торолгонго чейинки эле расходу 8 мин доллар экен. Жумуш берген тарап жумушчу аялдарга толоп бер
11.02.2014. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби алар тушунгон жаштар келечек экенин.
11.02.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын, коркуп кеттим, журогум сыгылып кызыктай болуп атам, Аллахым озу шыпаасын берсин ден соолук берсин
11.02.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aksy-13, андай балдарга эне гана чыдайт, канчалаган аталар таштап кетуудо келинчектерин куноолоп, ошондо да умут узбой ошол биз коркуп жаткан балдарынан эч нерсе аябай чуркап дарылашууда, эч жактан жардам жок дарылары гоперациялары кымбат
11.02.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамак аштар аржактн кобунчо Кытайдан келет, контроль жок. эмне аляп келип сатыпжатканын да билишпейт. бир эле товардын оригиналы жана самопалы бар, аны сатуучу гана билбесе кардарлар билбейт. дарылардын кобу жасалма, врачтар убагында эч качан контрольдобойт. Кээ бир кош бойлуулар билбейт, ооруп калмайынча барбайт, кээ биро убактысы жок иштейм деп, ал эми кожоюндар келинчегине такыр конул бурушпайт.Баласынын келечегин ойлобостон кеткен акчага кйаненелердлен баш болуп мурда жон еле торочубуз дешет
11.02.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки чон себеп Американский род дешет, жолдошун же калочуларды киргизип, кароосуз жаш энелердин биринчи торотто калтырып коюшуп. Кобунчо акчага карата карашат торот учурунда, озубуздун баштан откон, кобунчо нарсителерр баш оорусу торот учурунда каралбай калган же туура эмес тороткондун кесепетинен баштары кыпчылып, минисинсультту кан тамырлар жарылып кан уюп калат (гематома, киста)ошондо алышууда.Баш оору кайсы обласста кобуроок болсо анда ошол жактын торот айымдарынын куноосу. Американы туур
11.02.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок башында жаш ата-энелер тушунушпой, баланын тируу калганына суйунушуп кун санап анан внутри черпеной давления гематома, киста болгондо- барбаган жерге барышып акубакыт жана акча коротушууда. Бирок торот уйундогу болуп жаткан травманы эч ким мойнуна алган да эмес алышпайт. Эзели врачтар куноону алып коргон эмес, озунорго оодарып коюшат. ал учун болгон акчанды ооруган баланды тыштап юристерге берип чуркашын керек. Баланын ден соолугу начар бп турганда эч ким андай тактоо ишин жургузбойт
11.02.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
11.02.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында эле баары климаттын бузулушунан,тамак-аштын жасалма болушунан болуш керек.анткени мурун чон апаларыбыз 10ду торосо да больница болобу уйдон болобу тороп келишкен,айылбы,жайлообу алардын организими,тамак-ашы витаминдерге бай болгон менимче ошондуктан озубуз да аракет кылышыбыз керек,кудай бала берсе да ден-соолугу менен берсин.
11.02.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
просто Минздрав иштебейт, бирин кетирген кемчилигин кийинкиси ондоп акча табат, торот учурдагысын кийинки врачы операция жасайт ал да акча, дарысы да акча. ООрулуу эл - бул чон БИЗНЕС. Эмне учун ошол облустарга контроль коюшпайт себеби эмне, коп болууда деп коюшат бутту. больницалардан ата-энелерден анкета жургузуушуудобу жок себептери эмне???. Томография 2500-ойдо наристелерге эле дарылар 1500-3000 ойдо бироо гана 1 курсту есптебей еле койгула
11.02.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий кудайым озу сактасын баланы оорутпасын..
11.02.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде врачтар карабайт торогонумдо 1-жарым жума жаткамын кызым гематома менен торолуптур башында бармактай Ирин болот экен ишенсенер роддомдон чыккыча корбоптур врачтар чыгабыз деген куну бала орогон медсестра коруп калды бала Жаны торолгондо башынан бутунун учуна чейин текшериш керекко детский врач акча эле болсо болду биздикилерге
11.02.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде пландаштырып боюнда болуу тушунугу жок. Уч ай мурун аял кишинин денеси фолик кычкылы менен камсыз болушу керек озу. Кайдан ала качып эле уйлонуп алышат. Анан жумуш жок отурушат. Окмот да камсыз кылбайт, эч болбосо боюнда бар аялдарга витаминдерди кенири сатып алуусуна шарт тузуп беруусу керек. Кумторго окшош ишканалардан чыккан уулу заттардын да таасири бар. Тоолордон агып келаткан суулардын таза экенине ким кепилдик бере алат?
12.02.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнодо бир дагы эне баланын шорун тарпасын, андыктан ар дайвм дени сак бобок тороло берсин. Бала бакыт, бала базар.
12.02.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХЫМ ооругандарга шыпаа берсин!!!
13.02.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым биздин кичинекей бобокторду оорудан сактасын
13.02.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх батырак эле айыгып кетишсин,
жеген тамак аш бут химия,ананда биз эч качан ооруп турганда убагында кайрылбайбыз, профилактика кылбайбы3, качан гана болбой калган учурда барабыз, ананда ошол химия ал бул нерселерди жебегени аракет жасасак болот да, жоок эч качан кылбайбыз, азыр фигура деп анча мынча организмге керектуу тамак ашты жебейбиз, питание жакшыртуу керек, витаминдуу тамактануу керек, га3ировка, чипси, фаст фуд и т.п жебеш керек да, айта берсе коп,иммунитетти которуш керек,улуу ур
14.02.2014. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай ды кунолойбуз,озубуз деле алардан кем калышпай калдыкго.Картошка себерде ууга чылайбыз,жук жебесин деп,аны озубуз жейбиз.Алма орукко да ууну чачабыз.Малды бат семирсин деп гармон саябыз.Анан еще тан калып отурабыз,Ушунун баарын озубуз жеп алып,Илгери мындай оорулар жок болчу деп.
14.02.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар азыркы осуп келе жаткан жаштарга азыртан ушундай нерселерди айтып туура тамактануу жыныстык катнашта ооруларды боюнда болтурбоону алдына алуу ж.б.темаларды проблема кылып которуп чыгыш керек. Уят деп жашырбай балдарды жаштарга кенири информация таратыш керек
15.02.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul tamak ashtan gana emes gigienadan da bolot eger aylu boiunda bolso guiosu bashka kuz menen koshulup kelip ayalu menen koshulsa gim bilet tigi kuz kandai orular menen ooruit tuurabu oshon u4un erkekter oilongula janagundai soikulardu jok kulush gerek orunun baarun taratkan osholor alar aitpaitta silerge oruganun ak4a taokanuna suiuno berishet kele4ektegi seninbalanun tagduru kuzukturbait soikular jok bolsun4u alardun aiunun kan4alagan ui buloo buzulup ata
15.02.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаштар алкогольго коп басым жасашат ошонун айынан ушундай бейкуноо наристелерге таасирин тийгизип жатат. Эненин эле эмес атанында ден соолугу чын болуш керек ошондо алты саны аман торолотко деп ойлойм
15.02.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш бериптир рахмат дейли а бирок врачка корунойун деп бансан эртен кел туштон кийин кел ошо мн барбай койобуз даже озуно барсанда жакшы кабыл албайт себеби биз кыргызстанда жашайбыз
16.02.2014. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuday Saktaysin,azaisa eken ushunday nerseler,ozunordu karagyla kyzdar bashynan bashtap boydo bolgondo,aman bolgula!!
17.02.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Россияда тородум алты жарым айлык торолду балам тубаса гидроцефалия менен операция кылышып башына шунт коюшкан азыр жакшы кудайга шугур орусиянын жараны болбосок да аябай жакшы карашты
13.03.2014. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардык бобоктор ден соолукта болушсунчу бактыбызга.жогордогу бобокторубуз айыгып корбогондой болуп кетишсин.
15.09.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай дартын берсе, дабасын да берет деп койушат Сабырдуулук каалайм баарыныздарга. Баарынарга ден соолук гана тилейм Алла тааламдан!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо