САТЫБАЛДИЕВДИН КАБИНЕТИ ОТСТАВКАГА КЕТСЕ, ЖАҢЫ ӨКМӨТКӨ КИМ КЕЛЕТ?

№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж

Жантөрө Сатыбалдиев баштаган министрлер кабинетинин отставкага кетери жөнүндө президенттик аппараттан чыкты делген кептер жети күндүктүн жаңылык төрүн ээледи. «Премьер-министрликке Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, спикерликке «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев келет» дешүүдө. Бул имиш төгүнгө чыгарылбаганына караганда Сатыбалдиевдин «ичер суусу» аз калган көрүнөт.

ЖАЗГА АЗ КАЛДЫ
Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов «чилде чыксын» дегендей, жаз жакындаган сайын «Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү кетет» деген сөздөр оголе көп айтыла баштады. Буга биринчиден, «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы макулдашууну түзүүдө министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештин талабын аткара албагандыгы себеп. Парламент «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек деген шарт койгон болсо, премьер Жантөрө Сатыбалдиев 50дөн ары бир пайызга да көбөйтүү мүмкүн эместигин кайталап келет. Экинчиден, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүнүн алкагындагы депутаттык комиссиянын билдирүүсү эмки аптада Жогорку Кеңеште жарыяланат. Анда ыңгайсыз соболдордун жооп берүүчүсү дирекциянын экс-жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев болуп, эки шаарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттын ичинен 7 миллиард сомго жакын сумманын кайда кеткенин түшүндүрүп берүүгө мажбур. Мамлекеттик дирекция жогорудагы акчанын кайда чыгымдалганын айтып бере албаганы аз келгенсип, атайын түзүлгөн депутаттык комиссия да тагдыры белгисиз 7 миллиард сомго чукул сумманын кайда жумшалганын аныктай албай койгон.

«КУМТӨР» КҮРӨШҮНҮН БААТЫРЫ КИМ?
5-февраль күнү Жогорку Кеңеште «Кумтөр» долбоору боюнча өкмөт өкүлдөрү менен бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн беш фракциянын лидерлери кирген макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Бирок комиссия ал күнү бир ымалага келе албай койду. Жыйын аяктаарда «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Алымбеков: «Кумтөр» боюнча өкмөт сунуштап жаткан келишим парламентте колдоо таба турган болсо, мен депутаттык мандатымды тапшырам»,- деди. Бул учурда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Кыргызстандын үлүшүн 67 пайыз кыла алам деген бирөө чыкса, ордумду бошотуп берүүгө даярмын» дей салды. Ушуну эле күтүп турган белем, депутат Э.Алымбеков: «Мага премьер-министрликтин кереги жок. Вице-премьерликти бергиле, 1 жылдын ичинде үлүштү 67 пайызга жеткирем. Эгер жеткире албасам, мени камасын. Үлүштү 67 пайызга жеткирсем, Сатыбалдиевдин өкмөтү коррупция боюнча айыпталып сотко барат»,- деди.
Үлүш пайызынын айынан жаралган талаш бекеринен чыгып отурган жери жок, анткени өкмөт сунуштаган 50/50 пайыздан турган тараза таштарынын теңдиги бир жагына ооду дегиче кенди ким башкарып, ким ээлик кылып каларына таасир этет.
Бул аралыкта Жогорку Кеңеште оппозициядагы «Республика» фракциясы өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча депутаттардын арасында кол топтой баштаганы белгилүү болду. 

САРУУ ЧЫКЫРООНДО ЖОЛ ТОСТУ
3-февраль күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын 50-60тай тургуну Каракол-Балыкчы унаа жолун тосуп алышты. Каракол-Балыкчы жолун бөгөп жаткандардын талабы – ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2-февралда кармалган Айбек Сарыбаевди жана «Кумтөрдүн» менеджеринен
3 миллион доллар талап кылган Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановду бошотуу. Кийинчерээк экс-депутат Кубанычбек Кадыровдун да кылмыш ишинин алкагында көрсөтмө берүүсү үчүн кармалгандыгы белгилүү болду. Анын Саруу айылындагы курултай менен жыйындарга активдүү катышып жүргөндүгү маалым. 
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облустук администрациясынын алдында акция өткөрүлүп, өкмөттүн облустагы өкүлү Э.Каптагаев барымтага алынган болчу.

ЫЙЫК ОРУН БОШ КАЛБАЙТ
Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттүк курам отставкага кетчү болсо, аны менен кошо коалициялык көпчүлүк ыдырайт. Эң алгачкы коалициялык вариантты  – КСДП, «Ата Мекен» жана «Республиканын» башын бириктирүүчү көпчүлүктү кайтарып келүү ыктымалы да каралууда. Андай болсо, экс-премьер Өмүрбек Бабановдун жылдызы кайра жанышы мүмкүн.
Жаз алдындагы толкундоолордун алдын алуу максатында бийликтен четтей түшкөн аттуу-баштуу саясатчылар да кызматка келип калышы толук ыктымал. Андыктан Камчыбек Ташиев менен Мелис Мырзакматов жаңы өкмөттүк курамдын ичинен орун таап калышын да күтүүгө болот.  

Гезит басууга кетерде «Кумтөр» долбоорун кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары жазылган макулдашуу тууралуу токтом каттоодон өткөн 97 депутаттын 60ынын макулдугу менен колдоо тапты. Каршы добуш бергендердин эң көбү «Ата Мекен», «Ата Журт» жана «Республика» фракцияларынын мүчөлөрү болду. Эске салсак, өкмөт жаңы макулдашуунун шарттарына ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча 50/50 пайыз катышындагы биргелешкен ишкананы түзүүнү жана 2026-жылдан кийин 17 пайыздык үлүштү сатып алууну сунуштаган эле.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(22)
10.02.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатыбалдыев кетсе мага кыйын болотго мени томожный гаи текшергенде бат еле койо берет себеби фамиля меники да Сатыбалдыев
10.02.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ит уро берет,кербен журо берет
10.02.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
кул жеймин дейт куйрукту,Кудай билет буйрукту. оппозициядагылар алдын ала ченеп-бычып жыргап жатышат го,тилектерин таш капсын.АША жакшы иштеп жатат.Биздин парламент саясий упай топтоо учун пиар болуп мамлекеттин алы азырынча жетпей турган маселелерди которуп жатышат.
10.02.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
ит уро берет кербен журо берет. Сатыбалдиев кетпейт. Ал мыкты иштеди. Анын кетиши олкого минус.
10.02.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
республиканы Бабанов кыкынтып жатса керек олтуруп алып.Ушу парламент уят болбой сыйы менен шайлоого чейин жетсе жакшы болот эле,балээнин башы ушулардан башталып жатат.
10.02.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
uwu stalker sagun medina95 xamer aigul85 kubany4kagan бир адамэкенинерге шек жок баарын бир убакта комментарий бересинер супер очурбогуло бардыгы билип алсын
10.02.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орун алмашканы менен сумма озгорбойт балык башынан сасыйт,балыктын башын алмаштырыш керек
10.02.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сатыбалдиев кана татыктуу.
11.02.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сатыбалдиевди колдойм. Ал киши буга чейин да коп жакшы кызматтарда иштеген. Меселен Оштун мэри, Энергетика министри ондуу, губернатор, тен салмактуу жургон киши. Созун да оордун таап суйлойт.Чыныгы саясатчы, патхалим эмес, трайбплист да эмес. Башкаларга окшоп бышпаган каллага от жакпайт
11.02.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бабанов менен Текебаев олгон кишилер. Текебаев неге опозиция, жакшы постко жетпей калды да ошого. Бабанов болсо премерликти эптей албай койду. Эми кеткенден кийин минтип опозиция болуп алды. Буларга элдин тынчтыгы, онугуусу эмес бийликтен жогорку пост керек
11.02.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сатыбалдиевге караганда Бабанов жашыраак, козго анча мынча корунгон иш кылып анан кетти,мен мурун аны колдобойт элем,салыштырмалуу Бабанов деле тузук иштептир деп ойлоп калдым азыр, бирок анын партиясынын копчулук мучолору начар адамдар....
11.02.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сатыбалдиев кетсе бир эле кандидат бар.Ал Мелис Мырзакматов!
13.02.2014. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бабановду президент а Мырзакматовду премьер министр кылса олко аябай онугот, аларга ишенсе болот.
13.02.2014. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорубузду Жакшы иштеп атат деп айта берсек Аллаа Таала Хидят берип баары иштеп кетээр.... Мен ким кандай иштеп атканын билбейм но алардын ишине ийгилик каалайм жакшы иштей беришсин ббары Аллаа ынсап берсин
13.02.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жазар элем sonun90 го бир болсо сен жанторонун туганы окшойсун, анын эмне иш кылып берди айтчы какой то факты, орусча жакшылап суйлоп алсынчы изилбей. чыныгы корупсионер Сатыбалдиев и келдибеков
14.02.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сатыбалдиев иштеген да жок,иштебеген да жок жон эле журот.Бардыгын АША чечет.Кайсы окмот келсе да эшектин тушоосун чече албайт.Парламенттик олко болсок да баарын Президент чечет.Ошону алмаштыруу керек.
16.02.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turptura aitasyn hakker 1000 paiyz kowulam AWA 4e4et baryn, al ketmeyin4e KYRGYZSTAN ONUKPOIT
16.02.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turptura aitasyn hakker 1000 paiyz kowulam AWA 4e4et baryn, al ketmeyin4e kyrgyzstan onukpoit
16.02.2014. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turptura aitasyn hakker 1000 paiyz kowulam AWA 4e4et baryn, al ketmeyin4e kyrgyzstan onukpoit
16.02.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабанов 8-милион сомго тууну турикядан жасатып ала-арчанын жогорку жагына койду эле шамал айрып салды. 8-милионду чек арага жумшаганда азамат демекмин
16.02.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чек ара маселесин чечсенер кудайда ишинерди ондоп ынсап берип калар беле канча адамдын омуру кыйылып жатат чек арада баткен обл конул болгулочу жеп ичип отурбай силерге кудай журогунорго толко акчаны салып койгонбу ыя силерда кудайдын кулусунаргоооо
03.03.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30жыл же 40 жылдан кийин эл азыркы бийликтеги сатыбалдыев жонундо эмнени эстешер экен жон гана корупцаниер дешер бекен же оштогу тополондон кийин кыргыздарга эмес озбектерге зангыратып уйлорду салдыртып берген деп эстешер бекен эми жон эле местасын бошотуп койсо болмок аркасынан озу жонундо жакшы бир ат калтырбагандан кийин ушул иштен кетсе кообурок кыргызстандын бюджетине пайда болоор эле бекер эле столдо олтура бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо