№588 07-февраль-13-февраль, 2014-ж
«ОшТВ» телеканалынын берүүлөрүндө көрсөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдө аймактарды бөлүп-жаруучу чакырыктар камтылган деген негиз менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоду.
31-январь күнү аталган телеканал жайгашкан имарат тинтүүгө алынып, учурда «улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө. 3-февралда «ОшТВ» телеканалынын кызматкерлери нааразычылык акцияга чыгышып, жогорудагыдай айыптын тагылышын саясий куугунтук катары баалашты. Белгилей кетсек, аталган телеканал экс-мэр Мелис Мырзакматовдун тарабын салыштырмалуу көбүрөөк чагылдырып келгендиги маалым.
Медиа чөйрөсүнө басым көрсөтүү аракеттери дайыма коомчулуктун чоң сынына кабылып келет. ЖМКлардын сөз эркиндигин чектөө далалаты эксперттер тарабынан «артка карай ташталган кадам» деп бааланып жүрөт. Буга чейинки бийликтер да оппозициялык маанайдагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жоктон табыла калган айыпты тага коюп, атүгүл айрым журналисттерди куугунтукка алып жүрүшпөдү беле?
Мурунку режимдин ыкмалары «тириле» баштаганбы, телеканалдын берүүсү да эмес, көрүүчүлөр тарабынан жөнөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдөн улам кылмыш ишинин козголушу репрессияга гана окшошуп калууда. Эгерде УКМК аймактар аралык кастыкты козутуучуну издесе, аны телеканалдан эмес, СМС-билдирүүнү жөнөткөн авторду табууга аракет жасабайбы? «Жакшы болуу аста-аста, Акаев менен Бакиевдин деңгээлине түшүп калуу бир паста» демекчи, сөз эркиндигине кысым көрсөтүүдөн мурун артка кылчайып, буга чейинки окуялардын кесепеттерине көз салып коюу ашыкчалык кылбастыр.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кыргызын кыргыз болбой калган тура,,,,
Кыргызга кыргыз душман болгон тура....
Аттин ай-атка минер жеп жутарлар,,,,
Бир гана оз камын ойлоп калган тура!!!.........
Мэрияга кирип отуруп алган жок ошол
Кетип калган адамды да жайына койбой
Оттон алып б...о салып жатышпайбы.
Аларды да тушунсо болот коркуп жатышат да
Аркасында эл турганда бизди кууп жибербесин
Бир жолу жок кылып креслону коргоп калалы
Элден элди коргоп не кылабыз пайдасы жок
Деп жатышат да байкуштар. боорум ооруйт
Аларга олор эчки койчунун таягына суйконот
Болуп жатышат.....