САПАТТУУ ҮРӨН ТАНДАҢЫЗ

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

Жаз келип, тоң кетери менен дыйкандар жер айдатып, үрөн себүүгө киришет. Бул көрүнүшкө аз гана убакыт калды. Эгер сизди «кайсы өсүмдүктү эксем? Үрөндү кайдан алсам? Баасы канча болуп жатат?» деген суроолор кызыктырып жатса, анда төмөндөгү макалага назар салыңыз.

САПАТСЫЗ ҮРӨНДҮН АКЧАСЫН КАЙТАРЫП АЛСАҢЫЗ БОЛОТ
Жогорудагы суроолорубузга жооп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине баш бактык. Аталган министрликке караштуу үрөн өстүрүү бөлүмүнүн башчысы МУХАММЕД НАСИРОВ төмөнкү маалыматтарды айтып берди.
Былтыркыга салыштырмалуу быйыл өлкөдө бардык өсүмдүктөрдүн үрөнү жетиштүү деңгээлде бар. Айрымдары чет жактан алынып келсе, айрымдарын эл урукка деп сактап койгондор. Ал эми алардын бардыгынын сапатын Мамлекеттик сортторду сыноо ишканасы көзөмөлдөп турат. Алар аймактарда кайсы өсүмдүк көп эгилип жатканын байкап, ал өсүмдүктүн уругун сыноого алышат. Сыноодон өтүп, эгүүгө мүмкүн деп табылган сортторду сертификат менен тастыктап, биздин базага киргизип коюшат. Эгер сапаттуу үрөн алам десеңиз, сөзсүз сатуучудан ошол үрөндүн сапатына карата сертификат талап кылууңуз зарыл. Андан тышкары сатып алган соң сөзсүз дүмүрчөк, сертификаттын көчүрмөсүн сактап коюу сунушталат. Эгер үрөн начар болгондуктан түшүм ала албай калсаңыз, ошол документтердин негизинде бизге кайрылсаңыз болот. Тиешелүү текшерүүлөрдөн соң үрөн талапка ылайыктуу эмес болгондугу тастыкталса, сизге үрөндүн акчасын кайрып берүүгө жардам беребиз.

АЙМАКТЫН КЛИМАТТЫК ШАРТЫНА ЫЛАЙЫК ӨСҮМДҮК ЭГҮҮ КЕРЕК
Ар бир аймак жер кыртышына, суунун жетишине жана башка кырдаалга жараша өз ара айырмаланып турат. Мына ошол айырманы эске алуу менен ар бир дыйкан өзүнүн аймагына ылайыктуу өсүмдүктү эгүүсү зарыл.

  • Талас аймагы азыр төө буурчак менен таанылып жатат. Андан тышкары беде, жүгөрү, картошка дагы жакшы өсөт. Жылда бир эле өсүмдүктү өстүрө берсе, жер асылдуулугун жоготуп коёт. Андыктан жогоруда айтылгандарды алмаштырып эгип туруу сунушталат.
  • Чүйгө дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, жүгөрү), тоют (беде, эспарцет), кант кызылчасы сунушталат.
  • Ысык-Көлгө картошка, эспарцет, буудай эксеңиз жакшы түшүм берет.
  • Нарынга арпа, картошка, эспарцет өстүрсө болот.
  • Ошто пахта, тамеки, буудай жана май өсүмдүктөрү (сафлор, күн карама) мыкты түшүм берет.
  • Баткенде күрүч, пахта мыкты өсөт.
  • Жалал-Абадда пахта, буудай жана тоолуу райондорунда арпа жакшы өсөт.

ГИБРИД ТҮШҮМДҮҮЛҮКТҮ ЖОГОРУЛАТАТ
Азыр дыйкандар да сабаттуу болуп калды. Түшүмдүн мол болушу үрөндүн сапатынан көз каранды экенин өздөрү деле түшүнүп турушса керек. Ошентсе да айта кетчү нерсе, өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн гибриди болот. Алар кадимки үрөнгө караганда 20 пайыз көп түшүм берет. Гибрид бул – бир гана жылга ылайыкталган, түшүмдүүлүгү жогору үрөн. Бирок бизде мамлекет өз алдынча гибрид чыгарууга шарты жетишсиз болуп жаткандыктан, алар чет жерден келип жатат.
Кайдан, кимден, кандай баада сатып ала тургандыгыңыз туурасында толук маалыматты Айыл чарба министрлигинин сайтынан жана дыйкандар үчүн чыгарылган брошюралардан алсаңыз болот. Мындай маалыматтык брошюралар ар бир райондук айыл чарба департаменттерине, айыл өкмөттөрүнө таратылып турат.

ДЫЙКАНДЫН ЭСИНЕ

  • Эгер сертификаты жок деле сапатын аныктай алам деп ишенсеңиз, анда кылдат тандап алганыңыз оң. Өңү каралжын тартып, бири-бирине жабышып, арасында соолугандары же чириктери бар болсо, бул сапатсыз үрөн деп эсептелет. Мындай уруктан баш тарткан туура.
  • Эгер кандайдыр бир жаңы өсүмдүктү же жаңы сортту эгүүнү каалап жатсаңыз, алгач аз аянттагы жерге тигип көрүңүз. Эгер түшүмү сизди канааттандырса, анда кийинки жылы көбөйтүүгө киришкениңиз туура болот.
  • Сактоодо эң маанилүүсү бул – күндөн жана ашыкча нымдуулуктан коргоо. Ар бир өсүмдүктүн уругу сактоодо өзгөчө шарттарды талап кылат. Андыктан өсүмдүктүн мүнөзүн эске алууну унутпаңыз.
  • Алгач өсүмдүктү айдоодон мурда «аны кайра кайда сатам?» деген суроого жооп таап алуу керек. Учурда көптөгөн фирмалар алдын ала өздөрүнө керектүү азыктын үрөнүн берип, «күзүндө кайра өзүбүз сатып алабыз» деген келишим сунуштап жатышат. Келишимдин негизинде иш алып барууну үйрөнүү керек.
  • Картошканы отургузардын алдында 2 апта мурун ороодон чыгарып, жылуу, күнөс жайда кармоо сунушталат. Бул убакта ал тамыр алып, эрте жетилүүсүн шарттайт. Андан тышкары кыкты нымдап, ага картошканы көмүп коюп, 2 күндөн соң дароо жерге тиксеңиз түшүмдүүлүгү мол болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
17.02.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Картошканын сапаттуу уруктарын кайдан алууга болот.Мага сапаттуу 100кг картошканын уругу керек.Алай району.Гулчо айылы.
19.02.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erali?: Картошканын Желли сорту сатылат, 0772-81-50-70.
23.02.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saya4ka силер кайсы жерде жашайсынар?
09.03.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо