КУЛОВ САПАРБАЕВДИ КЕТИРИП ТЫНДЫ

№589 14-февраль-20-февраль, 2014-ж

«Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов менен Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болуп турган Эрлан Сапарбаевдин кайым айтышуусу 7-февраль күнү Сапарбаевдин кызматтан кетиши менен аяктады. «Сапарбаевге бул тармактагы коррупцияны жоюуга мүмкүнчүлүк берилген, бирок аны ал пайдалана албады. Фракция тарабынан коюлган милдеттерди да аткарган жок»,- деген болчу Ф.Кулов. 
Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-башчысы лидер менен болгон пикир келишпестиктерге токтолуп, анын баары Ф.Куловдун паспортторду даярдоо боюнча ишти «Интел-Линкс» компаниясына өткөрүп берүүгө мажбурлоосунан улам келип чыкканын айткан. «Мен мамлекеттик документтердин жеке ишкананын колуна өтүүсүнө каршы чыгып, макул болгон эмесмин. Паспорт даярдоону чет өлкөлүк компанияга өткөрүп берүү мамлекеттик коопсуздук маселесин жаратпай койбойт»,- деди Сапарбаев. Эки тарап тең бири-бирине чоң айыптарды тагууда. Тиешелүү органдар бул кайым айтышууга көңүл буруп, эгерде айтылган сөздөрдүн үлүшүндө чындык бар болсо, кылмыш иштери деле козголо тургандай мандем бар.
Сапарбаевдин кызматтан кетүүсүн өкмөттүк маалымат кызматы «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду» деп билдиришти. Бирок кайсы жумушка которулгандыгы айтылган жок. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бул буйругу да талкуу жаратты. Анткени «Кумтөр» боюнча өкмөттүн жаңы макулдашуусуна каршы чыгып келген «Ар-намыс» фракциясынын депутаттарынын көпчүлүгү 6-февраль күнү өкмөттү колдогон добуштарын беришкен. Ал эми 7- февралда «Ар-намыстын» «ордуңду бошот» деген буйругуна моюн сунбай келе жаткан Сапарбаев өкмөт башчы тарабынан кызматтан алынды. Саясий соодалашуубу? Саясий коррупциябы? Коомчулукта ушундай суроо жоопсуз бойдон калды.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
17.02.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ушундай макаларды жазсанар.Себеби силер элдиксинер.Бул бийликте коооп ачылбаган сырлар жатат.Бийлик алмашканда эле ачылбаса...
Модератор admin_media түзөттү 17.02.2014 12:56
17.02.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан жаш мекенди суйгон саясатчылар чыгат кыргызстанда ыя?
17.02.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын тен кетсенер да мейли эле.
17.02.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул куловдо бет жок раматылык Рысбек байкебиз туура эле айткан экен бул шестерка туралу.
20.02.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен мага тийбе мен сага тийбейм деген эле саясатчы Кулов деген озу...
21.02.2014. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Кулов Кулов начар эле адам экенин жузундон эле билинип турот!
22.02.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа))).Соодалашып отура бергиле ичип-жутарлар,башка кыла турган ишинер жок да.Жаш мекенди суйгон саясатчылар келсе сразу атып жок кылышат да картан карышкырлар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо