-

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев быйылкы кышта
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН колдонуу 15 пайызга өскөнүн айтты.

-
Жогорку Кеңештин депутаттары 10-февралда Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет өлкөлөрдүн автоунаалары үчүн 500 СОМДОН акча төлөтүү сунушун айтышты.
-
«Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо жана изилдөө институтунун директору Жамшитбек Калилов билдиргендей, өлкөдө ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК жолунун курулушу үстүбүздөгү жылдын март айында башталат.
-
УКМКнын өкүлү Нурлан Жумашевдин айтымында, өткөн жылы 171 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ кылмыш жазасына тартылган.
-
2014-жылы Жалал-Абад шаарында бюджеттин эсебинен 60 БАТИРЛҮҮ эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталарын шаардын вице-мэри Тайырбек Чойбеков маалымдады.
-
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2013-жылы Кыргызстандын 44 423 ЖАРАНЫ аты-фамилиясын өзгөрткөн.
-
Январь айында өлкөдө УН, НАН ЖАНА ЭТКЕ болгон баа кымбаттаганын Улуттук статистикалык комитети маалымдады.
-
БШК «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тарткан Эркинбек Алымбековдун ордуна УЛАНБЕК НУРКУЛОВДУ каттады.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg