БЕТТИН ТЕРИСИН ЖАЗГА КАМДАҢЫЗ!

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

Кыштын да сапары карып баратат. Кышкы сууктан коргонууда бүт энергиясын сарптаган терибиз бул учурда алсыз болуп калат. Беттин терисин калыбына келтирүү, ага кам көрүү жана алдыдагы жазгы күндүн нурларынан сактоонун жолдору менен таанышып алыңыз.

Жаздын алды менен тери туурулуп, түлөп, айрым жерлери карарып, так түшүп, ал тургай аллергиянын да өөрчүшү байкалат. Буга эмне себеп? Андан кантип коргонуу керектиги тууралуу врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА САГЫНБАЕВА кеп-кеңешин бермекчи.
– Жазгы шамал, нымдуу аба, тике тийген күндүн нуру. Мына ушулардын баары териге бир мезгилде таасир этип, анын коргонуу инстинктин күчөтөт. Тагыраак айтканда, теридеги май бездери майды көбүрөөк бөлүп чыгара баштайт. Ал эми кар кетип, кара топурактан чыккан чаң ал майга жабышып, анын тез булганышына алып келет да, алсыз турган тери айласыздан сыйрылып түшүүгө аргасыз болот. Ал эми жаңы тери ого бетер сезимтал болуп, ар кандай аллергия, сезгенүүлөрдү жаратышы ыктымал. Андан тышкары күндүн нурунан коргонуу үчүн териде пигменттик тактар пайда болот. Теринин коргонуусуна жардам берүү үчүн жалпы организмди чыңдоо керек.

ТАМАК.
Май­луу, туздуу тамактардан баш тартканыңыз оң. Күнүнө 2 литрден ашык суу ичүүгө аракет жасаңыз. Бал, сүт азыктарын (майы аз), алма, банан жана башка витаминдүү азыктарды жегенге аракет кылыңыз.

 

КОСМЕТИКА.
Кышында кол­­­донгон майлуу кремден баш тартып, анын ордуна жумшартуучу гелдерди, суюк крем, майлуу тери болсо лосьонду колдонгон жетиштүү. Тоналдык кремдин ордуна упа колдонуңуз. Жазында жеңил кийим кие баштаган сыяктуу боёктун да жеңил түстөрүнө өтүү керек.


ТАЗАЛОО.
Эртең менен жана кечинде бетиңизди сөзсүз тазалап туруу керек. Самын колдоно турган болсоңуз, териңиз туурулуп, майдын андан да көп бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Андыктан бетти атайын тазалоочу каражат колдонуңуз. Эгер колуңузда тазалоочу каражат жок болсо, кечкисин кадимки кремди же өсүмдүк майын кебезге тамызып, аны менен териңизди сүртсөңүз болот. Эртең менен ромашканы демдеп, бетиңизди жууп коюңуз.

КОРГОО.
Терини сууктан, шамалдан, чаңдан жана ультра кызгылт нурлардан коргоо керек. Ал үчүн сыртка чыгардын алдында күндөн коргоочу крем (SPF 20), кара көз айнек, шляпа (же кепка), капюшон жардамга келет. Жазында жол жээгинде ар дайым чаң сапырылып турат. Андыктан жөө баса турган болсоңуз, парк, бак-шак тигилген көк чөптүү жерлер же үйлөрдү аралап далдоо жерден басууга аракет кылыңыз.

ЖАЗГЫ МАСКАЛАР

Нормалдуу тери үчүн.
1аш кашык айран менен 1аш кашык быштакты аралаштырып, бетке жаап коюңуз.

Майлуу тери үчүн.
1 жумуртканын агын бөлүп алып, ага сүргүчтөн өткөзүлгөн жарты алманы жана 1 чай кашык лимондун ширесин кошуп, чалып алып маска даярдайбыз.

Кургак тери үчүн.
1 жумуртканын сарысына, 2 чай кашык быштак, 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырып бетиңизге сүйкөңүз.
Жогорудагы маскаларды бетке жаап 15 мүнөт кармоо керек. Андан соң алгач жылуу, кийин муздак суу менен жууп салыңыз. Жумасына 1 же 2 ирет кайталап туруу сунушталат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(21)
24.02.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy eken rahmat ))) kenewterinizge
24.02.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
M.m oa jakwy eken chon rahmat..
24.02.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат кенешинизге
24.02.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмати билип алдым. Ушул нерселер керек эле.
24.02.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат кенешиниздерге! пайдасы тийет деген ойдомун.
25.02.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат
25.02.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон рахмат
25.02.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
керектуу- кенеш экен, рахмат
25.02.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
майлуу тери болуп игрилер болсода масканы колдонсо болобу же кайрале угри коп болуп кетеби?
26.02.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат)))
26.02.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беттеги бырыштарды кетируу учун кандай маска колдонсо болот.алдын ала рахмат.
26.02.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
betti ugriden tazaloo uchun_aspirin tabletkasyn 1shtuk, kichine jyluu suuga aralawtyryp aga 1 chai kawyk baldan kowup betke maska jasasa bolot..al bettegi vospoleniyany alat..ugrilerdi tazalait..
28.02.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul_555, Чын эле айтып жатасызбы?
27.02.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат,кенешинизге!
02.03.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер кантебиз, спирттен суйкоп алабыз го.
02.04.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам.менин бетимде тороттон калган 4жылдык дак кетпей калды жардамынызга муктажмын ички органдарым таза болуп чыкты.тукум мн лимонду да колдонуп жатам бирок натыйжа жок эмне кылсам болот кенеш берин сизден суранам.рахмат
02.04.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
06.04.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо ромашка гулун алып демдеп коюш керекпи? Менин тушунушум боюнча ошондойбу???
12.04.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да бетим аябай тулоп жатат.Кенешинизге рахмат супер
13.04.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бетим курук анан кантип сепкилди кетирсе болот,
билгенлер болсо жазып койунуздарчы сураныыыыч.
18.04.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Майлуу бетке" деген масканы, канча убакыт бетте кармо к.к?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо