БАЛЫК ЖЫЛДЫЗЫНДА ТӨРӨЛСӨҢҮЗ...

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

(20-февралдан 21-мартка чейин төрөлгөндөр)

Табияты (стихиясы) – Суу
Колдогон планетасы – Юпитер
Ташы – Бермет
Түсү – Ак

ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ
Балык –12 жылдыз белгинин акыркысы. Табияты суу болгондуктан, алар жерде өздөрүн чоочун сезишет. Ошондон уламбы, көп учурда реалдуу дүйнөгө караганда кыялдан курулган сепилде жашаганды артык көрүшөт. Балык – кыялкечтиктин, романтиканын, искусствонун каармандары. Көбү өтө сырдуу келет жана ар кимге жан дүйнөсүн ача беришпейт. Бирок сиз анын жылмайып турган жүзүнө алданбаңыз, ошо жылмайып турган учурунда ичинде бороон чапкын болуп жатышы толук мүмкүн. Алтынчы туюму мыкты өөрчүгөн, андыктан аларды алдайм деп убара болбоңуз.
Балыктардын арасында демилгени колго алган лидерлер аз. Көбү агым менен агууну кааласа, кээ бири агымдан тескери агышы да мүмкүн. Арасынан көздөгөнүн бербей, көжөлүп туруп алгандарды да, баарына макул элпек адамдарды да кезиктирсеңиз болот.
Өзгөчөлүгү, кимдир бирөөгө өзүн толук арнай алышат жана жактырган адамы үчүн курмандыкка көп барган адамдар. Боорукер, гумандуу, сылык балыктар башкалардан да ошондой мамилени күтөт. Эгерде тилеги таш капса, ал адам менен суз гана учурашып, конфликтке барышпайт. Бул анын таарынычы эмес, болгону ал адам анын жан дүйнөсүнө экинчи баш багуу мүмкүнчүлүгүн жоготот.
Жан дүйнөсү назик болгондуктан, аны калкалоо максатында кээ бир учурда кайдигерликтин бет кабын тагынып алышат. Бирок түпкүрүндө алар эч нерсеге көз жумуп, кайдигер да боло алышпайт.
Табиятынан күрөшчүл эмес, ыңгайлуу жайгашып алган жерден козголуу алар үчүн өтө оор. Бир жерде көп жылдар бою иштеген, ишенимдүү кадрлар балыктардын арасында көп. Бул белгиде көп таланттуулар, искусство адамдары, мыкты сүрөтчү, архитектор, калемгерлер төрөлүшөт, бирок аларга дайыма багыт берип, колдой турган күчтүү адам болуусу шарт. Болбосо өтө чоң ийгиликке жете алышпайт.

Мыкты сапаттары – мүнөзү жумшак, камкор, жардамга муктаж жана өздөрү да жардамдан баш тартпайт.
Начар сапаттары – өз алдынча чечим чыгара албайт, колдоону талап кылат, башка адамдын таасирине тез кирет.

БАЛЫК – ЭРКЕК
Эркектерге мүнөздүү баарынын көңүл борборунда болуу аларга тиешелүү сапат эмес. Бирок элден өзгөчөлөнгөн идеялары көп, туруктуу позицияга ээ адамдар. Аларды калың капчык, социалдык статус кызыктырбайт, жасалмалуулуктан безе качышат. Эгерде мырзаңыз бул белгинин алдында төрөлсө, ага жумшак мамиле кылыңыз. Оройлук, аялдардын ашкере ажаандыгы, одоно сөздөрдү сүйлөө анын жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрүп, көңүлүн калтырып коёт. Камкордугунан кам жебеңиз, сизге оор болуп турган учурда анын жүз аарчысы дайым даяр. Мырзаңызды керектүү толкунга түшүрүү үчүн сабырдуулук, жумшактык керек. Баса, эч качан анын сезимдери менен ойнобоңуз, ал кол шилтеп кетип калчу адамдардан эмес, кек сактап калса, моокуму канганча өч аларын да унутпаңыз!

БАЛЫК – АЯЛ
Балык айым ар бир эркектин кыялы. Уяң, коргоого муктаж, түртүп койсоң жыгылып кетчүдөй назик айымдарды өткөнкү кылымдын жазуучуларынын калеминен тапса болот. Эркектеринен айырмаланып алар материалдык байлыкка кызыгышат жана акчалуу эркектерди баалашат. Кимдир бирөөнүн коргоосуна муктаж, маселелерин башка бирөөлөр чечип беришин күтүп отура берүү алардын адаты. Бирок эне болору менен камкор, жоопкерчиликтүү, кээде ашыкча баласаак адамга айланышат.
Бул айымдар түгөйлөрүнө сокур ишенет деп айтса да болот, бирок ишенимин кыйратсаңыз, куруганыңыз ошол. Эгерде айымыңыз балык белгисинде төрөлсө, сизди бактылуу адам деп атаса болот. Анткени назик, мээримдүү, туруктуу адамга жолугуптурсуз. Бирок тынч өрөөндө да бороон чапкын болуп турарын унутпаңыз!

БАЛЫК НАРИСТЕ
Наристеңиз жомокторду, фантазия менен айтып берген нерселерди жакшы көрөт. Алар катуу сүйлөгөндү, тез-тез басканды, шашып бир нерсе кылганды жаман көрүшөт. Кээ бир учурда балаңыз менен жакындык жоголуп бараткандай сезилет жана ушуга байланыштуу түшүнбөстүктөр болуусу мүмкүн. Кабатырланбаңыз, ал болгону өз дүйнөсүндө! Чоңоюп баратканда аларга өз алдынча чечим чыгаруу кыйын, андыктан кичинесинен өзү чечим чыгарууга үйрөтүңүз. Балаңыз таланттуу болгондуктан анын жөндөмүн байкап, ийримдерге катыштырсаңыз оң болот.

КИМДЕР ТУУРА КЕЛЕТ?
Мүнөзүндөгү карама-
каршылыктардан улам жана идеалдуу адамды издегендиктен балыктар көп учурда никеге кеч турушат. Алар түгөйдү суу табиятынын өкүлдөрүнөн издегени оң. Анткени алардагы тереңдикти суу табиятындагылар жакшы түшүнүшөт.

Мыкты шайкеш боло турган жылдыз белгилер – бөйөн, чаян, бийкеч, тараза.
Тил табышып, жашай ала тургандар – арстан, жаачы, суу куяр, букачар, текечер.
Тил табыша албайт – эгиздер, кой, балык.

Гүланда:«АЙБЕК ЭКӨӨБҮЗДҮН ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИБИЗ ТУУРА КЕЛЕТ»
Ырчы Гүланда балык белгисин алып жүргөндөрдүн бири. Түгөйү Айбек Карымов болсо жылдыз белгиси боюнча – арстан.
Арстан белгисиндегилер үйүндө да, башка чөйрөдө да падышалык таажысын башынан түшүргүсү келбеген адамдар. Балык болсо коргоого муктаж. Шайкештик бар, бирок...
Арстан көп нерсеге терең көз жүгүртө албайт, ал эми балык, тескерисинче, бардык нерсеге сүңгүп кирүүнү сүйөт. Ал эч бир нерсеге үстүртөдөн карай албайт. Мына ушул учурда экөөндө түшүнбөстүк келип чыгышы мүмкүн. Арстан өз кызыкчылыгынан баш тартып, балыктын жан дүйнөсүнө үңүлүп койсо, абал тез эле ордуна келет.

Ырчы ГҮЛАНДА бул тууралуу:
– Менин жылдыз белгим балык болгону менен, табиятымдан шайыр, ачык адаммын. Үйдө бардык нерсе Айбектин айтканы менен чечилет, бирок арстан балыктын айтканын да эки кылбайт (күлүп). Экөөбүздүн жылдыз белгилерибиз туура келсе керек, себеби биздин үйдө жөнөкөй таарынычтар да аз болот. Таарынышсак Айбек дайыма биринчи кадам жасайт.

Асия Алиева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
24.02.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен балык жолдошум кой еми мне болот
24.02.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балык 80% дал келди )))
24.02.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анда мен балыкка турмугка чыкпашым керек экенда)))) мен озум эгиздермин
24.02.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
indira.1991, мага турмушка чыгасынбы анда
24.02.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дал ошондоймун да.баардыгы туура келди,Эми жигитти туура тандаш керек экен да...
24.02.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jerde menin jakyn tuuganymdy surottoptur. Tuuganym ekoobuz bir jylda, bir kundo, bir bolnisada torolgonbuz, kanybyz da bir, birok haracteribiz eki bolok. Men balyk bolsom da jogoruda jazylgandar maga 70% tura kelbeit eken.
24.02.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суйгонум Эгиздер а мен болсо Балыкмын эми эмне болот?
25.02.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гороскопко деле ишенбеш керек например менин мамам балык папам эгиздер соз табыша албайт дейт го соз табышып эле 40 жылдан ашык жашап келатышат
26.02.2014. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 процент макулмун .
26.02.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
букачарчы аны да жазып койгулачы сураныч.!
26.02.2014. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийкеч жылдызындагыларды да жазгылачы сураныч Супер-Инфо, мен да билип алайын.
Суперстанда бийкеч жылдызындагы мырзалар жонундо тема да кызуу талкууланып жатат.
27.02.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буга деле ишенбеш керек АЛЛА ТААЛА бизге акыл сезим берген да тугойунду жакшылап тандап суйуп алганга аялым экообуз тен балыкбыз кудайга шугур торт баланын ата энесибиз жашообуз мыкты
01.03.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80'/.туура келди бирок тугойум туура келбеди
11.03.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой жылдызына да жазгылачы
23.03.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы балыкмын 80% туура келди.
24.03.2014. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арстан жылдызын дагы жазгылачы.Супер-инфо!
18.04.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да балыкмын анан жазгандары 85% туура келди.Бирок...балык менен турмуш курса тил табыша албайт дейт.Бирок куйоомда балык,тфу тфу коз тийбесин тил табышып жашап келе жатабыз)))
24.06.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жылдыз белгим балык,бирок кобунесе дал келбеди. Угушумча жылдыз белги оз ичинен учко болунот:башы,ортосу,аягы. Мен башында торолгом,23-февраль. Себеби башында торолгондордуку ага чейинки жылдыз белги менен жуурулушат деп уккам. Ушул тууралуу кененирээк маалымат берсениздер.
15.08.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы балыкмын.Дээрлик туура жазылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо