«ААЛАМ СЫРЛАРЫНДА» ФИНАЛГА ЧЫГУУ МИЛЛИОН СОМ ТУРАБЫ?

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

Коомчулукта көп талкуу жаратып келе жаткан «Аалам сырларына» байланыштуу чуулгандуу аудиожазуу пайда болду. Анда берүүнүн уюштуруучуларынын ортомчусу менен катышуучулардын биринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылган. Финалга чыгарыш үчүн уюштуруучулар тарабынан 20 миң доллар же 1 миллион сом талап кылынганы, аны катышуучу банктан карызга алууга жан талашып жатканы кенен айтылат.

Аталган долбоордун алпаруучусу Н.Айтбекова өзүнүн интернеттеги баракчасына Дана аттуу аял менен Асыл Аппасова кучакташып түшкөн жогорудагы сүрөттү жүктөп, «ынтымактуу коллектив!» деп белгилеген.

«1 МИЛЛИОН ОҢОЙ ЭМЕС, БИЛЕСИҢ»
Телефондогу сүйлөшүүдөн сөз көзү ачыктардын таймашы тууралуу экенин, ал берүүнүн аяктап бараткан маалында жазылгандыгын аңдоого болот. Анткени учурда Назира Айтбекова менен Асыл Аппасова биргеликте иштеген бир эле долбоор бар, ал – «Аалам сырлары». Сүйлөшүүдөгү Дана аттуу аял «суббота күнү эфир кетет» деп айткан жерлери бар. «Аалам сырлары» КТРКнын эфирине ар ишемби күнү чыгып жатат. Аны түшүнүү үчүн ашыкча акылдын деле кажети жок.
«Аалам сырлары» аяктап бараткан маалда жаздырылып алынса керек дегенибиздин себеби, катышуучу аял «Дана, я всё равно переживаю, жанагы акыркы съёмкаңарды сүйлөштүң беле? Всё таки мен акча бергенимче, 1 миллион оңой эмес, билесиң. Мен дагы билишим керек, гарантия болушу керек. Акыркы съёмкалар жакшылап... Асыл Аппасова менен сүйлөштүңбү?» деп сурайт. Ортомчу аял «Ооба, аны менен сүйлөштүм, эми Кудай буюрса жардам беребиз да» деп катышуучуну жайгарып жатканы билинет. Катышуучу Дана деп кайрылып жатканынан улам Дана аттуу продюсер аял болушу мүмкүн деген ой жаралды. Бул аял кээде ырчыларга продюсерлик кыла коюп жүрөт, Асыл Аппасова менен жакын мамиледе.
КТРКнын басма сөз кызматы аудиожазуу пайда болгондун эртеси, 20-февралда «Аудиожазуудагы Дана аттуу айым КТРКнын кызматкери эмес. Аны менен Коомдук канал укуктук мамиледе болгон эмес. Бул факты боюнча бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле «Аалам сырлары» телекөрсөтүүсүн токтотуп, бул берүүнү даярдоого катышкан топту кырдаал такталганга чейин жумуштан кетирүү чечими чыгарылды» деп билдирүү таратты.

Маалымат каражаттары чуулгандуу аудио жазуудан улам «пара талап кылуу» боюнча шектелип жаткан Дана аттуу аял КТРКда менеджер катары иштеп келгенин, аны берүүнүн титрлери далилдеп турарын айтып чыгышкан.

ЖИПТИН УЧУГУ МУРУН ЭЛЕ КӨРҮНГӨН БЕЛЕ?
Аталган берүүнүн биринчи сезонуна катышкан Кубаныч Мурзаев ошол учурда бизге кайрылып, «уюштуруучулар тапшырмалардын жообун катышуучулардын бирине айтып коюп, мен туура айткан учурларды кесип салып жатышат» деп арызданган эле. Жеңүүчү болбой калганынан улам айтып жатса керек деп ал учурда маани берген эмеспиз. Бул сүйлөшүү ошол Кубаныч Мурзаевдин арыздануусун эске салды. Эске салсак, ал адамдын жансыз денеси өткөн жылдын 20-декабрында Бишкектин четинен табылып, учурда анын табышмактуу өлүмү ИИМ тарабынан иликтенип жаткан чагы.
Окурман, азырынча бул сүйлөшүүнү катышуучулардын кайсы бири жаздырып алганы билине элек. Берүүнүн продюсери Асыл Аппасова «Индира деген катышуучу жаздырган деп болжолдоп жатабыз. Азыр эмнелерди айтканын териштиргени турабыз» деп ММКлардын бирине комментарий берди. Ал катышуучунун өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Индира аттуу көзү ачык адамдарды кабыл алып иштеген кеңсенин эшигинде «17синен 22сине чейин иштебейт» деген жазуу чапталып турат. Ал баракчада көрсөтүлгөн номерге байланышсак, телефонго жооп берген айым «Индира Алматыга кеткен» деп билдирди.
Бул сүйлөшүү «Аалам сырларында» чын эле көшөгө артында болуп жаткан былыкпы же атайы жасалганбы? Албетте, мунун баары укук коргоо органдары иликтей турган иш. Анткени сүйлөшүү чындык болсо, анда окуя мамлекеттик мекеменин белчесинен коррупцияга батканынын далили болот. Ал эми мамлекеттик мекемедеги коррупция Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренеси боюнча 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Пара алуу кызмат адамы тарабынан жасалса, 313-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ушул эле иштер алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалса, 8 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын алат. Пара алууда ортомчулук кылуу да Кылмыш жана жаза кодексинде өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн. А л 312-беренеге ылайык акчалай айыпка жыгылып же болбосо үй-мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

ДЕПУТАТТАР ЧЕКИТ КОЮУ КЕРЕК ДЕШТИ
Интернетте бул ишти «Супер-Инфо» гезити менен Назира Айтбекованын ортосунда эки жыл мурун болуп өткөн окуяга байланыштырып, коомдун көңүлүн негизги маселеден башка нукка бурууну максат кылгандар чыгууда.
«Супер-Инфо» гезити учурда болуп жаткан окуя менен эки жыл мурун болгон окуянын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар деп эсептебейт. Назира Айтбекова одоно тамаша үчүн өзүнүн адамдык жана жарандык укугун пайдаланып, укук коргоо органдарына кайрылган. Анын мындай чечимин «Супер-Инфо» гезити түшүнүү жана сыйлоо менен кабыл алган. Расмий түрдө кабарчылардын чектен чыккан тамашасы үчүн телеалпаруучудан кечирим сураган.
Ал эми мамлекеттик мекемеде иштеген адамдардын пара талап кылуусу, мамлекеттик мекемедеги коррупция иштери таптакыр башка маселе. Албетте, факт боюнча тийиштүү органдар териштирүү жүргүзүүсү зарыл. Эгер аудиожазууда айтылган иштер чын эле иш жүзүндө болгону анык болсо, анда кеп Коомдук телеканал аркылуу массаны алдоо, мамлекеттик мекемеде иштеп жүрүп пара алуу, мамлекеттик мекеменин кызматкеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы деген маселелерге барып такалат. Андыктан аталган аудиожазууну коомчулукка жарыялоону милдетибиз катары эсептейбиз.
«Аалам сырлары» телешоусунда коррупциялык иштер орун алып жатышы мүмкүн экендиги жана анын Коомдук телеканал аркылуу кеңири массага берилип жатышынын залалдуу жактарын Жогорку Кеңештин 20-февралдагы пленардык жыйынында депутаттар да билдирип, маселеге тез арада чекит коюлушу керектигин айтышты. Депутат Турсунбай Бакир уулу: «Аалам сырлары» көрсөтүүсүнүн финалына чыгуу үчүн катышуучулардан 20 миң доллар талап кылышууда, буга мамлекет жетекчилиги чара көрүшү керек»,- деди.
Элдин айлык акысынын, карыялардын пенсиясынын, балакайлардын жөлөкпулдарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик мекемеде мындай коррупциялык иш болуп жатканы анык болсо, анда ал сөзсүз иликтөөнү талап кылган, өтө жаман көрүнүш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 150-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүлөр кылмыш ишин козгоого жүйө болуп бере алат. Демек, бул иш укук коргоо органдарынын көңүлүнөн тыш калбайт деп ишенебиз.

БААРЫНА ТҮШҮНҮКТҮҮ БОЛСУН ҮЧҮН АУДИОЖАЗУУНУ СӨЗМӨ-СӨЗ БЕРҮҮНҮ ЧЕЧТИК.
Көзү ачык: – Даночка?..
Дана: – Да...
К.: – Банкта болчумун, анан өзүң билесиң, поручитель керек экен, тиягы керек экен, пока документы собрались. Оңой эмес экен да, 20 миң же большая сумма, билесиң да. Анан бүгүн кирсем айтышты, эртең-бүрсүгүнү бүтүрүп беребиз деп...
Д.: – Мм... Просто Асыл эже мени жеп жатат да...
К.: – Мм, Асыл менен өзүм сүйлөшөйүнбү анда?
Д.: – Эми... эме, аралаштырбаш керек болчу... Мына, баланчага ишенип эки жумадан бери не то болуп...
К.: – Эме, Дана, 20 миң деген жакшынакай сумма. Мен деген... банкта поручители жок бербейт экен, а поручителде деген бардыгы-жогу болуш керек экен, банктарда кредиттери болбош керек экен.
Д.: – Да, понимаю. Я тут ни при чём... Мен бир топ алдандым, ээ? Андан кийин эме...
К.: – Даночка, анан кредитсиз поручитель жок экен. Поручитель издесем бүт баарынын банкта кредити бар экен. Бирөөнү алып барсам, ал айтпай коюп банктан, анан башка киши издедим. Эми мындай аз эле акча болсо жөн эле берип коёт элем. Поручитель жок эле, залог-палогу жок эле алгандар бар экен. Если хочешь, Назира Айтбекова менен өзүм сүйлөшөйүн, бир аз коё тургула деп. Асыл Аппасовага айтайын, коё тургула деп.
Д.: – Ай, сиз анткенде мен вообще каша болом да, андачы…
К.: – Мм… анда... Эми өзүң деле түшүндүрүп кой да, чтобы действительно... тиги... это... 10 күндө деп айткам, конечно. Бирок пока банкка документы собрала, залог жок деген справка алыш керек экен, иштеген жерден...
Д.: – Короче, мындай кылалычы, суббота күнү кетет да эфирчи... До пятницы подождём деп айтайын. Если, пятница жок болсо, анда суббота ала келет деп. Башка вариант жок менде.
К.: – Мм, конечно, эми мен деле чуркап жатам. Мен помню. Даже сахарым көтөрүлүп кетиптир. Бүгүн барсам 18 дейт, сахар менен ооруйм да. Анан на работе вчера плохо стало, кечээ капельница алдым. Эми всё равно знаешь, азыр азыраак сумма деле кишиден чыкпайт, такое время. Билесиң да...
Д.: – Ошо да, эми ал...
К.: – Анан банкка надеюсь, мына бүгүн кирип чыктым. Документтердин баарын тапшыргам, өткөн жума полностью я с документами занималась. Толком даже жумушка барган жокмун. Себеби деген, справкалар, бизде, оказывается, бюрократия экен. Бүт эле биякка бар, тиякка бар, муну алып кел, тигини алып кел... Короче, постоянно эле бир эмелер. Анан тигичи, Дана?.. Анан... ты потом поговори чтоб... анан ар кимиси өзүнчө да сурабайбы менден, Назира өзүнчө, Асыл Аппасова өзүнчө?
Д.: – Назира ни при чём тут. Я только с Аппасовой разговаривала, понимаете... Она даже не знает. Сиз билесиз... Назира деген... эчтекени чечпейт. Анан просто Асыл эже мага минтип айтат да, сен типа, мына времяларды убиваете... Мага ишенбей жатат.
К.: – Не-ет, она хорошая женщина, честно говоря. Если она мага ишенбесе, мени да финалга алып чыкпайт эле, понимаешь. Сама по себе она неплохая женщина. Мага ал жамандык деле кылбайт, просто… я, ырас, мен айтканын кылышым керек анын, билип жатам.
Д.: – Кыскача эле… Мен мындай кылайынчы, вы пятницу подождёте, если жок болсо ладно, я уже руки отмываю… каалаганын кылсынчы Аппасова. Честно, уже мне надоело!
К.: – Хорошо, Даночка, хорошо...
Д.: – ... Күнүгө эмесин уга берипчи... Как будто мен сизден 2 миң долларды алып, чөнтөгүмө салып алгандай сезилип жатат да, бул жактачы...
К.: – Даночка, спасибо, конечно, сен мага стараешься… Просто знаешь, бул кичине общая сумма болсо… эме, анда…
Д.: – Она почему то не верит да, «силер калп эле убакытты чоюп жатасыңар, тигиндей-мындай» деп. Анан проблема кылып...
К.: – Эми мындай наличка жок да элде... 20 миң деген большая сумма.
Д.: – А мен билбейм анда... Для неё, оказывается, проблема эмес окшойт. Ну вообщем то... ошол, эже, анда давайте до пятницы так скажу, азыр жумушка баратам... Она с утра позвонила мне.
К.: – Ну давай, хорошо, хорошо.

***

Көзү ачык:– Алло, Даночка, кандай?..
Дана:– Жакшы...
К.: – Кудай буюрса, банктан звонить этишти. Если чё эртең деп жатышат го.
Д.: – Завтра у нас съёмки. Вы знаете да. Сизге позвонят.
К.:– Эмечи, Дана, я всё равно переживаю. Анан жанагы акыркы съёмкаңарды сен сүйлөштүң беле? Всё таки мен акча бергенимче, 1 миллион оңой эмес, билесиң. Мен дагы билишим керек, гарантия болушу керек. Акыркы съёмкалар жакшылап...
Д.:– Ну... Эми, эмесине, ну давайте не будем мелочиться. Ошон үчүн мен макул деп жатам да. Же болбосо зачем...
К.:– Асыл Аппасова менен сүйлөштүңбү?
Д.:– Да, да, я вчера поговорила. Анан место издеп съёмкага… Завтра, после завтра съёмки.
К.:– Мм...
Д.:– Последние, анан ошо, кайра финал.
К.:– Сен мага гарантия бересиң, ээ?
Д.:– Эми, Кудай буюрса, поможем, да...
К.:– Мм... давай...
Д.:– Ладно.

Айбек Нурадилов


 Кыстарылган аудио 

Аалам сырларында" коррупция барбы?2

Аалам сырларында" коррупция барбы?1

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(66)
25.02.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен башынан эле ишенген эмесмин мага жакпайт ушундай болорун билгем.
25.02.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира Айтбекованын шуулданандында кеп бар го. Мындай теле беруулорду жок кылыш керек го.
25.02.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
КЫЗЫЫЫЫК ЭЭЭЭЭ Оздору козу ачык болушса чын эле анда билишетко ким женерин алдын ала. Анан оздорунун женерине козу жетпесе, оздоруно ишенбей акча берип атса анда бул кандай козу ачыктар. бул бир эмес эки уч кылмыш болуп ататко корупция, элди козу ачыкмын деп алдап акчасын алуу мошеничество. Ошончо эл ишенип кызыгып коргонун тим эле койушсун. Англиядагы Максимди соттоп алып келе алышбады эми ушул жердеги кылмышты аягына чыгарышар бекен прокуратура же качырып жиберишеби дагы
25.02.2014. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле супер инфо аудиозаписти кайдан алгансынар? жутко интересно
25.02.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанагы Салянова деген бар элего атк
25.02.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ата журтту кыйын текшерген текшербейби тим эле коррупцияны жоебуз деп ххххх мындайда козу корбой калдыбы же ххххх жатабы салянова
Модератор admin_media түзөттү 26.02.2014 10:28
25.02.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jeniw, туура айтасыз баласына той откордордон бери чакырып алып териштирген Аида Салянова каякты карап отурат болду экен, соз Кыргызстандын кузгусу УКТР жонундо болуп жатканда...
25.02.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер коррупция болсо бул элди алдагандык болуп калат го анда бул жооптуларды элди алдады деген айып менен соттош керек го дейм канча миллион элди алдап коюшат го анда
25.02.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аалам сырларын корбойм коргондун озу чон куно, ошо козу ачыктарга аны коргозгондорго Жараткан озу ыйман берсин деп дуа кылам!
25.02.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жеке оюмча, бул подстава, анткени аялдын ачык суйлошкону корунбойт,калпка окшош эле суйлоп жатат, ошонун кайсы банктан кредит суйлошконун аныкташ керек, анткени кайра кайра эле козу ачык деген тушунуксуз эле суйлоптур.
26.02.2014. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GULZAT82, мен кошулам сизге, атайылап жаздырыптыр гудокту да кетирип, анан тиги козу ачык аял калп эле байкуш болуптур алдын ала даярдалган сценарий экени билинип турат. Эгерде ошондой болсо ушунча убакыт тиги козу ачык аял кайда журду,эми айтып жатат. Менин билишимче передача жайында эле бутуп калган. Супер инфого отунуч Асыл Аппасова, Назира Айтбекова, Дана дегендерден дагы интервью алып, алардын ой-пикирлерин да бизге бербейсинерби. Бир тараптуу болуп жатат
02.03.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira8629, Ошолор эле тиги козу ачык менин шеригим менин да козум ачык(тамаша)ал атайын калп эле акча алып атам банктан деп ошол Даана эженди суйлотуп жаздырганда анан элге таркатып атпайбы бул жерде органда иштеген бироо да кийлигишкен болсо керек. Себеби атайын жаздырып Даананы кармашкан.
25.02.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дагы бул корсотуу жайында тартылып, эми корсотулуп жатат да, бул уже финалы да буткон болуш керек. Менин оюмча.
25.02.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай каякка баратабыз я.
25.02.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле аалам сырлары болуптурго. Коомдук канал эмес эле Соода канал болуп калыптыр. Биринчи очередьте бул по закону туура эмес берилди. Орустар битва-экстрасенсовду жеке независимый ТнТ каналынан коргозушот первый каналдан эмес бирок аларда чындыгында кыйын экстрасенстер бар. Бизде болсо биринчи коомдук каналдан кетип жатканы туура эмес. НбТ же НтС болгондо дагы билинбейт болчу. Бирок бизде бир дагы нормальный экстрасенс жок калп эле цирк. коргондо кулкунду тыялбасын.
26.02.2014. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу ушундай телекорсотуунун эч кандай кереги жок болчу!
26.02.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jeniw,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактап ат коюуга тыюу салынат!
26.02.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы убакта дегеле чыныгы экстрасенс жок калп эле бир нерселерди болжолдоп айта беришет
02.03.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
niet, Кыскасы ар бир оюнда ар бирине озунсо информация сатышчуу экен деген слух уетум.Кайсы бир корсотуудо бироого бир информацияны 300$га сатышкан экен имиш.Кыскасы мышык-чычкан болуп эле ар биринен акча алмай болуптур да.Если это слух действительно тогда, очень лучший передача придумали они.ЭЭХ ЕЩЁ В ПЕРЕДИ. Ещё каша будет.
26.02.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
башында жалан эч нерсе билбегендер келип кулкунду келтирген.Аягында эмнегедир эле баары кыйын боло баштаганын коруп тан калгам.Корсо акча менен аларга жардам берип койуп жатышкан тура.Болуптур акча менен бул долбоорду уттунар дейли.а бирок кийин эл алдында кантип иштейт эленер?
26.02.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле!
26.02.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарды турайм деп уят эле болдунар эми не кыласынар? хххххх Назира да бар экен да алардын кругунда!!!аракет кылгыла эми кунонорду кетириш учун ачык айткыла Даночка Асылочка
Назирага ал байкуш кеттик деген жака кете берет эч нерсени угуп укпай эле
Модератор admin_media түзөттү 26.02.2014 12:00
26.02.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya,
Сизге эскертүү!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек!
26.02.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюмча бул патстава,гудок кеткени угулуп жатпайбы,Супер Инфо сиздер долбоордун уюштуруучуларынанда интервю алып элге жеткиресиздер деген терен ишенимдемин жана чыдамсыздык менен кутомун
26.02.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперинфо мен уккан элем Кубаныч Мурзаевди олтуруптур(заказное убийство)деп, бирок ишенген эмес элем, чын эле окшойт, ал адам жонундо сураныч кенири маалымат бериниздерчи
26.02.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myshka406,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/44647/
26.02.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул информацияны тиги козу ачык озу жаздырса ккю элге алып чыкканы типа менден ушунча акча талап кылып атышапт деп
27.02.2014. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул программаны алып салыш керек.Калп эле элди алдабай!
27.02.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Berkyt,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
27.02.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дана -бул "Ооруба ата,ооруба" клибиндеги Атанын ролундагы абышкага да эч нерсе толобой, ал киши КТРКга келген арызданып.Жеткен шумшук го,арам акча аш болбойт дейт беле кыргызда...
28.02.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бред какой то
01.03.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аалам сырларыны" эл корбойт да экен алып ташташ керек.эгер булар соттошсо бул 3 аял баарибир сухой чыгышат.корупцияга баткагына белчебизден баттыпызго бул баткактан чыгуу учун бизге коп жыл керек экен
01.03.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дана иштебейт деп калп эле танды го ктрк . Илгертеден бери эле иштейт.
01.03.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эле интригалары, ичи тар, короалбастык коп ктрк да.
02.03.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балык башынан сасыйт кара Кыргызстанда 1-канал болсо бул ширк аллах кечирбейт.даагы улуттук канал имиш
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо