№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж
«Жеген самсаңыз үчүн пул төлөөгө туура келет» деди ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге карап. Каргашалуу Июнь окуясынан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеп чыккан депутаттык комиссиянын жыйынтыгы 19-февраль күнү каралды. Аны 2010-2011-жылдар аралыгында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Сессия учурунда премьердин сынчысы да, кошоматчысы да табылды.
ТАМАШАДА ЧЫНДЫКТЫН ҮЛҮШҮ БАРБЫ?
Баш-аягы тогуз айга созулган депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жүрүшүндө Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция бир катар каржылык мыйзам бузууларга жол бергени тастыкталган. Бюджеттик, бюджеттик эмес, эл аралык донорлордон келген каражаттар атайын эсепте топтолгон эмес. Эки шаарды калыбына келтирүүгө 11 миллиард 404 миллион сомдун тегерегинде акча келип түшкөн. 4 миллиард 616 миллион сомдун чегиндеги каражаттын отчёту гана берилип, калган каражаттын кайда жумшалганы боюнча так маалымат жок бойдон калып кеткен.
Дирекциянын ишмердүүлүгүнүн алкагындагы жыйында депутаттар Июнь окуясынан кийин жаңы түшкөн үйлөрдүн сапатына эл нааразы экендигине эң көп токтолушту. «Республика» фракциясынын лидери Назарали Арипов: «Дирекция кызматкерлери үчүн айлыгынан тышкары кошумча акы төлөп, бюджетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтирген. Июнь окуясынан кийин миңдеген жаран кыйналып турганда маянасынын үстүнө кошуп акча берүү уят эмеспи. Өзүңүз баш болуп премия алып жатасыз»,- деди. Аталган фракция буга чейин премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн депутаттар арасында кол топтоп баштаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова төрт жыл мурунку окуяны эстеп: «2010-жылдын 17-июнунда Ошко барып, Жантөрө Жолдошовичке жолугуп калдым. Ошондо Сатыбалдиев мага «Сиз бул галдирбайларга (ред. кем акыл, акмак) кайдан кошулуп жүрөсүз?» деген»,- деди. Премьер бул сөздү тамаша иретинде айтканын билдирип: «Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн кечирим сурайм»,- деп жооп узатты.
САТЫБАЛДИЕВ КЫЗМАТЫНАН УБАКТЫЛУУ ЧЕТТЕП ТУРУУГА МАКУЛ ЭМЕС
Жыйын учурунда бир канча жолу депутаттар тарабынан териштирүү иштери бүткүчө Жантөрө Сатыбалдиев кызматынан четтей турушу керектиги айтылды. «Өкмөт башчынын ар бир күнү маанилүү. Эмгек өргүүсүнө кетсем, ким мамлекеттин иштери менен алек болот»,- деди Ж.Сатыбалдиев.
Соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтомду кабыл алып, дирекциянын иши жетишсиз деп табылды. Аны менен Башкы прокуратурага дирекциянын иши боюнча топтолгон материалдарга укуктук баа берүү, Эсептөө палатасына кайрадан текшерүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Алар 3 айлык мөөнөттө жыйынтык чыгарышы зарыл.
Буга чейин аталган дирекциянын кызматкерлерине карата 8 кылмыш иши козголгон болчу. Анын төртөө сотко өткөрүлүп, бирөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатса, 2 иш токтотулган.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |