КЫЗЫЛ-ЖАР ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАСЫНДА КОЗГОЛОҢ ЧЫКТЫ

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасында 17-февраль күнү козголоң чыкты. Бул бейтапканадан Боом окуясы боюнча кылмышка шектүү Заур Магомедов дарыланып жүргөн учурунда оңой эле качып чыгып, өлкө ичинде эркин жүргөндүгүнөн улам Кызыл-Жар коомчулуктун көңүл чордонуна түшкөн. Укук коргоо органдары З.Магомедовдун палатасына тинтүү жүргүзүшүп, ал жактан баңгизат, уюлдук телефон таап чыгышкан. Ошол эле палатанын башка пациенттерин текшерүүгө келгенде алар каршы чыгып, ооруканадагы башка бейтаптар менен козголоң чыгарышкан. Баш аламандыкта 1 тергөөчү жана 3 медицина кызматкери барымтага алынып, кийин алар кошумча күчтөрдүн жардамы аркылуу бошотулду.
Бир милиция кызматкеринин өлүмү менен аяктаган Боом окуясынан кийин аталган оорукананын кызматкерлерине «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Козголоңдон соң Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «ээн баштык», «тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу», «бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча да кылмыш иштери козголду. Болуп өткөн окуялардан улам 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында мындай шалаакылыкты көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматынан четтетүү тууралуу талкуу жаралды.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
24.02.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
закондон качкандын баары, барып жатып алышат. врачтын чонтогу акчага толуп козуно эч нерсе корунбой калса керек да.
24.02.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элге кызмат кылсын деп ачылган оорукана кайра элге зыян алып келген го...башы жок, мээси иштебеген кпндай врачтар иштейт болду экен?!
25.02.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтардын шалаакылыгынан да бийликтин кайдыгерлиги акыры ушундай олумго алып келди.Тартип болбосо мындайлар дагы кобойот.Врачтарга акча берип же коркутуп деле чыга берет андайлар врачтар деле адам да чочуйт, алардын коопсуздугун камсыз кылуу--бийликтин иши.Кылмышкерлерди болбогон шылтоолор менен чыгара бербей Кытайдагыдай кылып катаал шарттар менен жазалоо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо