МАС АЙДООЧУЛАРГА АЙЫП ПУЛДУ КӨБӨЙТҮҮ ЖЫЙЫНТЫК БЕРБЕЙТ

№590 21-февраль-27-февраль, 2014-ж

ЖКнын депутаттары А.Маматалиев, К.Орозова, А.Артыков мас абалында оор эмес залал келтирип же кырсыктын натыйжасы өлүмгө алып келсе, айдоочуну өмүр бою транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратууну демилгелеп чыгышты. Ага чейин Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев парламенттин эл өкүлдөрүнөн мас абалында айдоо боюнча айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго чейин жогорулатып берүүнү же 4 жылга чейин айдоо укугунан ажыратууну суранган болчу.
Айып пулду жогорулатуу маселени чечпейт. Ал үчүн комплекстүү иш-чаралардын жыйындысы керектелет. Айыпты көбөйтүп койгон күндө да, жол боюн ээлеген МАИчилердин чөнтөгүнө кирип кетпей, баары мамлекеттик казынага барып түшөт дегенге кепилдик жок. Айдоочунун мас абалында кармалганын каттап калган видеорегистратор да ар бир көчөдө орнотулуп бүткөн эмес.
Жол кайгуул кызматын реформалап чыккан Грузиянын тажрыйбасы кыял бойдон калат көрүнөт. Алгач тармактагы коррупция тыйылып, МАИчилер менен сотторду мыйзамдуу талаага кайтаруу зарыл. Ага чейин айып пулду жогорулатуу менен жолдо кайгуулдук кылган кызматкерлердин элдин эсебинен баюусуна гана шарт түзүп берип калган болобуз.

 

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(6)
24.02.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочулар бири бирин сыйлаганды уйронушсо макулукка окшобой жол эрежелерин жоопкерчилик менен колдонушса деле болот да,акча кобойткондон пайда деле аз болот мамлекет учун чынында эле.Андан кору жол маданиятын которуубуз керек.
24.02.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр кимдин машинеси чон кымбат болсо акчасы коп болсо ошонун правиласы болуп калды эрежени бузгандарды аеосуз жазалаш керек ушулардын аиынан олум коп болуп атат
25.02.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде бардык жерде бардак.Жолдо журуу эле эмес бардык тармакта-мыйзам бузуулар айткандан пайда жок
25.02.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 мин сом кылса коррупциянерлерге кана пйда тушмок. Ас жерден доляга олтуруп калайн деген экен ээ? Андай кылбай, Талантбек Исаев праваларды саттырбаш керек эле да. Балык башынан сасыйт деп бекеринен айтылбаса керек.
28.02.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким оз омуру менен ойноп жаткан кез,эч ким муну тыя албайт,же болбосо ар бир МАИге видео байкагыч коюулушу шарт бир кундо канча мас кармаганы жана канча авто унаа тосконун учеттко алыш керек
02.03.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким бол МАИ бол болот экен да 50 000 ден алып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо